Ысык-Көл: «Убактылуу элебиз, акыры кайтып келебиз»

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Өткөн аптада Москва облусунун аймактарында эмгек мигранты катарында иштеп өмүр сүрүп келатышкан мекендештерибиздин “Ысык-Көл ынтымагы” коомунун төрагасы Маразыков Акбар жетектеген тобу Көл өрөөнүнүн бардык район-шаарларын кыдырып, жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Жума соңунда, Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

– Көл өрөөнүн толук кыдырып чыгып эл менен жолугушуу учурунда көптөгөн жакшы, биз кубанарлыктай көрүнүштөрдүн күбөсү болдук, – деди А.Маразыков. – Элибиз эч кимге көз каранды болбогон жашоо-турмушка көнүгүп калыптыр. Мал чарбасы менен дыйканчылыктан киреше алышканы менен өнөр жай тармагы – баягыдай завод-фабрикалардын, ишканалардын иштебей турганы, демек, жумушсуздуктан улам жаштардын сыртка мигрант болуп дагы эле агылып кетүүсү кейитти. Ошондон улам мигранттар тарабынан демилге көтөрүлүп, аныбызды жергиликтүү бийликтердин колдоого алуусу, ар бир айылда “Ынтымак” фондусунун түзүлүшү бизди кубандырды. Азыр Москвадагы “Ысык-Көл” ынтымак коомунун 600дөн да ашык мүчөсү бар.Туулуп өскөн айыл-кыштактарыбызга учур талабына жооп бере турган ишканалардын курулушуна ар тараптан жардам берүүнү уланта беребиз.

– Биз эч качан туулуп-өскөн Ата Мекенибизди башка жерге алмаштырбайбыз, акыры кайтып келебиз, – деди Жумалиева Дамира.

Менин орус жарандыгым бар. Алгач келгенде бул керек болгон. Учурда орус, англис, япон тилдери боюнча котормочу кызматындамын. Балдарыбыз орусча окушат. Бирок, үйдө жана өз ара дайыма кыргыз тилинде гана сүйлөшөбүз. Жылына 31-августта боз үйлөрдү тигип, улуттук тамак-ашыбызды даярдап, бардыгыбыз улуттук кийим кийип алып, бардык улуттардын өкүлдөрүн чакырып чоң майрам өткөрөбүз. Эң башкы байлыгыбыз – биздин ынтымагыбыз. Жакшылык менен жамандыкта бир кишидей бириге калып баш кошуу, бири-бирибизге жардамдашуу – бул биздин атабабабыздан бери келаткан улуулук экендигин чет элдин арасында жашап, иштеп жүрүп дагы билдик.

– Менин Россияга барып иштеп жүргөнүмө 15 жыл болду, – деди Талантбек Жакшыбеков. – Орус жарандыгын алган эмесмин. Ал жерде мыйзам бузбай түз жүрсөң сага эч ким тийишпейт. Мурдагы жылдарга караганда, азыр өзгөчө кыргызстандыктар үчүн башка өлкөлөрдөн келгендерге салыштырмалуу кырдаал бир топ жакшырып калды. Бирок, бул жакта жакшы экен деп эле бардыгын Россияга чакыргандык эмес. Өз мекенибизде жашап, эмгектенүү үчүн ар тарабынан кең-кесири шарттарды түзүүгө, биргелешип ынтымакташып өлкөбүздү улам илгерилетип гүлдөп өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошолу.