Мугалимдердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат

Мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, октябрь айынан баштап билим берүү мекемелеринин маянасы 30 пайызга көбөйтүлдү. Жакын арада министрлик мектеп мугалимдеринин айлык акысын эсептөөнү толук автоматташтырууга өткөрөт.

Ноябрь айынан баштап бул система Ысык-Ата районунун, Түп районунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтөт.

Ал эми 2020-жылдын 1-январынан баштап республикабыздагы бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт.