Футбол: Кыргызстандын кубогун «Нефтчи» командасы жеңип алды

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогун «Нефтчи» командасы жеңип алды.

Беттеш 27-октябрда Жалал-Абадда орун алып, анда  «Дордой» менен «Нефтчи» командалары күч сынашты.

«Нефтчи» Азамат Өмүралиев киргизген гол менен 1:0 эсебинде каршылашын утуп алды.

Натыйжада аталган команда 2020-жылы өтө турган Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо туруна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Белгилей кетсек, «Нефтчи» өзүнүн тарыхында алгачкы ирет Кыргызстандын кубогун жеңди.