Эсеп палатасынын аудиторлору пара менен кармалды

Коррупцияга шектелип Эсеп палатасынын аудитору менен инспекторлору кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлаган болчу.

Маалыматка ылайык, эсеп палатасынын аудитору менен анын алдында иштеген эки инспекторлор коррупциялык аракеттерди такай жасап келгени аныкталып, колго түшүрүлдү.

УКМК Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудиторунун Э.Э. («Республика — Ата-Журт» партиясынын квотасы менен)  жана анын кол алдындагы мамлекеттик инспекторлору К.У. жана М.К. экени белгилүү болду.

Ал эми Эсеп палатасынын аудиторлорунун арасында «Э.Э.» ысымдуу Эркинбек уулу Эмилбек  («Республика — Ата-Журт» партиясынын квотасы менен) экенин «Тазабек» жазып чыкты.

9-июнда аудитор өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө испектордон өзүнө тиешелүү болгон мыйзамсыз акчаны алып жаткан жеринен кармалган. Учурда аларга карата Кылмыш жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилгени белгилүү болгон.