Шапа акенин жоруктары: Шайлоо

Шекербек КАЛЫКОВ, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

“Жакында шайлоо болот, кимди шайлабыз?” деген сөз айылда желдей жортуп турган кез. Шо жылы биздин айылда Шайлоо ака эрте баштады. Андан бери төрт жыл өтүп кетти. Эч кимге айтпаптыр.

“Таң саардан туруп кетиптир” дешти. Шого “Бечелдин дөңүнө” келбеди. Ушердин эсеп-чотун алган Ажыбай ака айтты. “Шо жок…” деди. О киши картаны кызытчу эле да. “Иши чыккандыр да… “ деп коюшту. Талашып атышкан. Ата-баланын айтышканы көзгө куник учурайт экен, эй. Баары эле Өмүрбекти колдоп аткан. “Дарт” десе, “балээ” дейт да, баласы. Ону жаштар колдоп кетти. А Өмүрбек башына жүн чыкканы чоң болуп келатат. Шуну жаштар түшүнгүсү келбеди.

— Ие, тек тур, кызыталак!.. – Чонду ака баласына атырылып сүйлөдү. Чочуп кеттик. Ноодой болгон неме бир коёбу дедик да. Мамадана баласы же, сөз жесечи.

— Атаны гана иттин баласы… Атама аш бергенде Өмүш килейген тай кошкон. Шону кечем деп атат. Акыры үгүттөш керек го… – деп ымандай сырын ачып жиберди Чонду ака.

— Ооба, тууганчылык кылыптыр… Тууру… – деди ары жакта турган Ибраим ака. Талаш күчөп баратты. Анан эле пайда болду. Чымыр аканин баласы. Ылжып мас. Чөлдүн сөксөөлүндөй соксоюп, эки эле тиши калыптыр. Сүйлөсө түкүргү – фонтан.

— Шайлоо баштады… – деди ортого тура калып, боюн керип. Ага эч ким деле маани бергиси жок.

— Отура бергиле, “оозуңар менен орок оруп”… – деп теңселип турду.

— Барчы ары, сасыбай!.. – деди бириси.

— Шай-лоо баш-та-ды!.. – дейт кайра эле.

А тигилер Өмүрбектин арбайын тартып атышат. Кийин керек болуп калат деген жакшы ниет да. Чыны Чонду аканин тууганчылыгы бар эле. Жанагы баласы коко тикен болуп чыга келди да. Өмүрбекти теңине албайт такыр. Бир убакта Чымыр аканин баласы жаш баланы колдоп:

— Өмүрбектин колунан кокон тыйын келбейт… Чонду ака бекерлерди айтыпсыз… Анын ичи пөк!.. – деп бармагын манжасынын ортосунан чыгарып  Бапы акага көргөзүп койду эле, ал:

— Эй, оозуңа карап сүйлө!.. Агар Өмүш шуну угуп кала турган болсо, сени сотко берет. Жакшы жүрсөңчү… Бар, үйүңө барып эс ал… – деди жумшак гана. Интелегент да. Чымыр аканин баласы түшүнбөй койду. Бапы ака аны өзүнө тартып:

— Ананайын тага, тууганым, эс алчы… Садагаң кетейин, тага… – деп чач-башынан сылап жатты. Ал ого бетер күч алып, эч кимди уккусу келбейт. Теңселет жөн эле. Түшүндүрө албай коюшту. Эртеден бери тим отурган Анаш ака обдула туруп:

— Неңдурайын!.. – деп ашатты эле, түшүндү. Жолго түшүп жөнөп калды. Анда да жөн кетпей:

— Шайлоо баштады, силер отура бергиле, зикир чалып… – деп коёт.

Шо, шо болду Шайлоо ака келбеди. Көрсө аныкы туура болуптур. Ата-бала урушканы бир пул болду. Үгүттөп көчөмө-көчө кыдырышканын кантели.  Шайлоо аканин баштаганы туура болуптур. Пахта теримди айтам. Баш көтөрбөй иштеп, пахтаны эч кимге уурдатпай, пайда көрүптүр. Чымырдын баласы туура чыкты. Чонду аканин үзүлө түшүп чуркаганычы…

А Өмүрбектен төрт жылдан бери дайын жок.