Эл мүдөөсү айтылды

Премьер-министр М.Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына жана 25-октябрда өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышып келди. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн тартибинде 15 маселе жана КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралды.

«Сколково» инновациялык борборунда өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын чакан курамындагы сүйлөгөн сөзүндө Премьерминистр М.Абылгазиев: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык жана гуманитардык алаканын өнүгүү динамикасын алдыга жылдырууну, биздин элдердин жашоо шартынын жана сапатынын жакшырышын камсыз кылуу максатында кызматташууну жана өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө умтулат. Шериктештиктин алкагында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча иштерди активдештирүү керек деп ойлойбуз», – деп билдирүү менен, бул максаттарга жетүү үчүн Эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө келишимдин мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен пайдалануунун маанисин белгиледи.

Өкмөт башчы КМШ боюнча өнөктөштөр менен соода-экономикалык мамиленин артыкчылыгын эске алганда, рынок Шериктеш өлкөлөрдүн товарлары үчүн ачык экенин айтты.

«Бул маселеде ар бир тарап өз ара аракеттенүү принциптерине таянууга укуктуу, ал эми КМШда өндүрүлгөн товарлар болсо, Шериктеш өлкөлөрдүн базарларында алыскы чет мамлекеттердин продукцияларына салыштырмалуу артыкчылыктуу болушу шарт. Эркин соода жүгүртүү боюнча макулдашууга байланыштуу иштер соңуна чыкса, рынокто заманбап кызмат көрсөтүүлөрдүн пайда болушу менен жарандарга гана эмес, бизнес-тармакты өнүктүрүүгө дагы жеткиликтүүлүгү КМШ өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө ишенимдүү кадам болот деп ишенем», – деди Премьерминистр.

КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин чакан курамындагы жыйында М.Абылгазиев коопсуздуктун олуттуу чакырыктарына жана коркунучтарына байланыштуу баңги заттарын мыйзамсыз сатууга каршы туруу маселесин комплекстүү чечүү КМШ боюнча өнөктөш-мамлекеттер үчүн актуалдуу болуп санала турганын белгилеп кетти.

«Бүгүнкү биздин жолугушуубуз белгилүү бир мүнөзгө ээ. Быйыл ЕАЭБ жөнүндө макулдашууга кол коюлганынын беш жылдыгы белгиленет. Бул беш жылдык биздин уюм үчүн жооптуу мезгил болду. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары, өздөрүнө гана мүнөздүү болгон тарыхы, маданияты жана салт-санаасы ар түрдүү болсо дагы биздин мамлекеттер учурдун чакырыктарына каршы туруу үчүн бирикти. Мындай тарыхый чечимдин натыйжалуу максаты – бул биздин элдердин кызыкчылыктарын коргоо жана алардын социалдыкэкономиалык абалын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө жетишүү. Биз туура жолдо бара жатканыбызды убакыт өзү көрсөттү», — деди Премьер-министр М.Абылгазиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы жыйынына катышып сүйлөгөн сөзүндө.

Премьер-министр ЕАЭБдин алкагындагы иштер пландуу түрдө жүзөгө ашырылып жатканын, ошол эле учурда ЕАЭБдин келишимдик-укуктук базасынын жетишпеген жактарына, ар кандай тоскоолдуктарга жана ички рыноктогу чектөөлөргө байланыштуу бир катар кыйынчылыктар бар экенин, ЕАЭБдин ичинде тараптардын кайрылуусуна өз учурунда жооп кайтарылбай, адаттагыдай кароону созгондугу интеграциянын ишинин жүрүшүнө терс таасирин тийгизе рин белгиледи.

Өкмөт башчы кыргыз тараптын демилгеси менен Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына которулуп жаткан акча каражаттарынын чектөө маселеси да талкууланганын белгиледи. «Бул маселе биздин көптөгөн мекендештерибизге тиешелүү болгондуктан, мындай көйгөйлөрдү Биримдиктин аянтчасында чечүү керек», – деп билдирди Премьер-министр.

«Бир тарабынан ЕАЭБ жана ага мүчөмамлекеттердин жана экинчи тарабынан Кытай Эл Республикасынын ортосунда соодаэкономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу арыздын долбоорун кароо пландалууда. Айрым белгилүү экономисттер бул макулдашууга кол коюлгандыгына байланыштуу позициялардын теңсиздиги тууралуу кооптонууларды айтышканын билем. Биз мында Кытайдын ийгиликтүү өнүгүп жаткан экономикасы ЕАЭБ экономикасы үчүн кубаттуу дем болорун эске алышыбыз керек. Бул өлкөдө 1,5 млрд адам жашайт. Бул ири рынок. Жакынкы келечекте бул макулдашуудан бардык тараптар утат. ЕАЭБде үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүүдө. Вьетнам, Сингапур, Иран менен эркин соода аймагы тууралуу келишимге кол коюлган. Бүгүн Сербия менен макулдашууга кол коюу күтүлүүдө. Бул ЕАЭБ жагымдуу жана ишенимдүү уюм катары калыптанып жаткандыгынын ачык далили», – деди М.Абылгазиев.

Б.Бейшеналиев