Аймактарды өнүктүрүүдөгү аракетиңер кандай?

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө кызматка киришкен күндөн тартып, аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келет. Чынында эле канча жылдан бери аймактарыбыз каралбай калып, жакшы жашоону самаган элибиз Бишкек менен Ош шаарларына, Россия, Казакстанга, Түркия, Түштүк Кореяга чейин иш издеп кетүүгө аргасыз болду. Аймактардагы чечилбеген маселелер элдин башкы көйгөйү экенин эске алып, өлкө жетекчилиги 2 жылдан бери аймактарга көңүл буруп келет.

Жаңы иш орундарын түзүүгө, инвестиция тартууга, элдин социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүгө шарт түзүп, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан, Кепилдик фондунан, өлкө казынасынан жеңилдетилген насыяларды эң биринчи кезекте аймактарга жеткирүүгө ыңгайлуулуктарды түзгөнгө аракет кылууда. Президент Сооронбай Жээнбеков жакында эле Токтогул районундагы эл менен болгон ачык баарлашууда “Мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүлүүдө. Эми жергиликтүү бийлик активдешүүсү керек” – деп айтканы да бекеринен эмес. Маселе жергиликтүү бийлик кандай иш аткарууда, элдин, өлкө жетекчилигинин ишеничин акташтыбы деген суроодо турат.

“Жөжөнү күздө санайбыз” демекчи, 2018-жылдагы “Аймактарды өнүктүрүү”, 2019-жылдагы “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата дал ошол аймактын “каймактары” болгон облус жана район жетекчилери кандай иш аткарды, канча жаңы иш орундарын түзө алышты, инвестиция тартуудагы аракеттери кандай болду, элдин социалдык-экономикалык кайсы көйгөйлөрүн чече алышты ж.б. суроолорго жооп издеп, өлкөбүздүн ар бир облус жана район жетекчилеринин жообун алып, жал пыга жар салууга аракет кылалы деп чечтик.

Албетте, чейрек кылымдан бери чогулган көйгөйлөрдүн эки жылда толук чечилип калышы мүмкүн эмес. Ошентсе дагы, “муз ордунан козголдубу, иш башталдыбы, жергиликтүү бийлик кыймылдап жатабы” деген суроо көпчүлүгүбүздү түйшөлдүрөт. Баса, Президен тибиз эки жыл ичинде өлкөбүздүн бардык аймактарын кыдырып, эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн өз оозунан угуп, маселелерин түз отуруп кеңешип чечүүнү адатка айландырган. Жолугушууларга элди иргебей киргизүүнү жергиликтүү бийлик төбөлдөрүнөн да талап кылган.

Мисалы ушул жылдын башында Президенттин Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда эл “жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай иш жасалбагандыгын, райондо коррупция гүлдөп жатканын, район жетекчилиги элдин социалдык-чарбалык көйгөйлөрүн чечпей, өзү менен өзү болуп калганын” айтып даттанышкан. Президент ошол замат мекемелер аралык комиссия түзүп, эл айткан былык иштерди тыкыр иликтеп чыгууну тапшырган. Аталган комиссия 2019-жылдын апрель айында өз жыйынтыгын чыгарып, Сокулук районунун тургундарынын жергиликтүү бийликке болгон нааразычылыгы орундуу экенин аныктап, жергиликтүү аткаминерлердин ээлеген кызматына ылайыксыз экенин белгилешкен.

Ушул жылдын июль айынын башында Сокулук районунун акими Таалайбек Корголдоев баш болгондор иштен айдалган. 8-июль күнү жаңы аким болуп Сатывалдиев Асылбек дайындалган. Мекемелер аралык комиссия аныктап, тактаган кемчиликтерди жоюу, кызматка дайындалгандан бери элдин турмуш шартын оңдоо, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кандай иштер аткарылып жактандыгын билүү максатында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кабылдамасындагы 0313 45-10-00 номерлүү телефонуна чалсак, андагы катчы кызы “говорите по-русски, я не понимаю” деп телефонду коюп салды.

173 миң адам жашаган райондун дээрлик 100 миңден ашыгы кыргыз тилдүү экенин, кечээ жакында эле мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын салтанаттуу белгилеп, тилибиздин катуу өнүгүп-өсүп жатканын кайра-кайра айтып майрамдаганыбызды эстеп, түшүнүксүз абалда калдык. Өлкөбүздүн эң ири райондорунун бири болгон Сокулуктун башчысына кайрылып маселесин айткысы келген, бирок расмий тилди билбеген жарандар кабылдамадан ары өтө албай калабы деген суроо пайда болду. “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештерүү” жылынын алкагында аймактык аткаминерлердин аракети менен дарамети тууралуу кепти кийинки саныбызда дал ушул Сокулук районунан баштайлы деп турабыз. Акимдин мамлекеттик тилге болгон мамилесин да кененирээк биле келели.

Эрнис БАЛБАКОВ