Түркүгү бекем Түрк кеңеши

Учурда түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда ар тараптуу карымкатнаш күч алып, өз ара мамилелери айтарлыктай жакшырды. Ага тарыхый жактан бир туугандыгыбыз, руханий жакындыгыбыз жана каада-салт, үрп-адаттарыбыздын окшоштугу, ушуларды түшүнгөнүбүз себеп болууда.. Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК, кыскача Түрк кеңеши) ишмердиги алакабызды жогору деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзүп отурат.

Түрк тектүү элдерде «Төртөө түгөл болсо төбөдөгү келет, алтоо араз болсо ооздогу кетет» деген макал бар. Бүгүнкү күндөрү төртөөбүз гана эмес, алтообуз да түгөл, бирге болуп отурган чагыбыз. Ошентип, түрк тилдүү өлкөлөрдү камтыган Түрк кеңеши акырындап дүйнөлүк социалдык-экономикалык мейкиндикте өз орду бар зор күчкө айланды. Салыштыруу иретинде айтсак, бир кездери дүйнөнү дүңгүрөтүп турган «славян ааламынын» (тил жагынан тамыры бир Россия баш болгон Украина, Польша, Болгария, Беларусь, Чехославакия, Европадагы жана башка, бардыгы жыйырмага жакын мамлекет жана калк) СССР урагандан кийин аты чыкпай калды. Ал эми түрк тилдүү мамлекеттердин биргелешкен аракеттери өрүш алып, ынтымагы бекемделүүдө.

Азыркы учурда Түрк ааламы ар түрдүү өлкөлөрдө жана континенттерде жашаган 165 миллионго жакын адамды бириктирүүдө.. Алар өз ата журтунда жана Евробиримдик өлкөлөрүндө, Түштүк Америкада, ошондой эле жыйырмадан ашуун мамлекеттин аймагында жашап жатышат. Ааламдашуу жана башка элдер менен карым-катнаштын кеңейиши түрк калктарынын жер жүзүнүн башка континенттеринде, атап айтканда Америка Кошмо Штатында жана Австралияга конуштануусуна таасир берди.

Мисалы, Россияда татар, башкыр, чуваш, кумык (Кавказда), тува, хакас, якут, карачай, черкес, балкар, ногой сыяктуу түрк элдери жашайт. Молдавияда түрк тектүү гагауз эли бар. Түрк калктарын жакындаштыра турган дагы бир шарт алардын басымдуу көпчүлүгүнүн мусулман дининде болгондугу.

Баары 1992-жылы башталган, анда жаш постсоветтик өлкөлөр өз эгемендүүлүгүн эл аралык деңгээлде чыңдоого карата жолду издеп жатышкан. Ошол мезгилде Түркиянын борборунда бир нече мамлекет түрк дүйнөсүнүн кең мейкиндигинде өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалаган ниетин билдирген Анкара келишимине кол коюшкан.

Туура он жыл мурда азербайжандардын Нахчыван шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешин түзүү тууралуу декларацияга кол коюлуп, байланыштарды өнүктүрүү жана кеңейтүү стратегиясы аныкталды.

Бул окуя боордош элдердин байланыштарынын эволюциясындагы жаңы, терең ойлонулган, прагматикалык кезеңине жол ачып берди. Бул жылдарда Кеңештин катышуучулары: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия болуп, салабаттуу институционалдык архитектура түзүлдү. Алсак, бул ТүркПА — Түрк Парламенттик Ассамблеясы, ТҮРКСОЙ – түрк маданиятынын эл аралык уюму, Эл аралык Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Аксакалдар кеңеши, Соодаөнөр жай палатасы.

Бул тенденцияны Азербайжан борборунда жакынкы күндөрдө болуп өткөн Кеңештин кезектеги кеңешмеси да бекемдеди, анда Өзбекстан жана Венгрия ар кандай макамдарда кошулушу менен бирикме кеңейди. Талаш жок, Европалык биримдиктин жигердүү мүчөлөрүнүн бири Венгриянын түрк дүйнөсүнө кошулушу өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.

Түрк элдеринин тарыхынын ийне-жибине чейин билбегендер үчүн анын бул топко кошулуп калышы таң калууну жаратышы ыктымал. Бизди тарых эч качан калп айттырбайт, венгерлер мындан 1130 жыл илгерки ошол мезгилдерде Дешт-и-Кыпчак (азыркы Казакстандын территориясында) аталган өз журтун биротоло таштап, Европанын чок ортосуна журт которушкан. Бул элдердин нукура тарыхы бир тамырдан башталат, кан тамырларында бир кан агып турат, мүмкүн ошондон улам, ошол байланыш кайрадан жаңырып, жаңы түс алып жаткандыр. Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан ар бир жолу түрк мамлекеттеринин биринде, Кыргызстанда салт боюнча өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө келген сайын, өздөрүнүн алыскы тамыры туу­ралуу эскергени ошондон чыгар. Ошондой эле ал тигил же бул макамда Кеңештин кыз матташтыгынын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын жыйындарына катышуу менен анын өлкөсүнүн Түрк кеңешине катышуусу Европа менен кызматташууну бекемдөөгө жана чыңдоого карата биригүүгө жол ачарын жашырбайт. Уюмга Өзбекстандын толук кандуу мүчө болушу түрк тилдүү өлкөлөрдүн тилектештигине салым кошуу менен, калктардын бардарчылыгы үчүн кызматташууну тереңдетет, өлкөлөрдүн өз ара жуурулушуу деңгээлин жогорулатат.

Бакудагы саммитте түрк дүйнөсүн куруунун архитекторлорунун бири катары Казахстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин ролуна аябагандай жогору баа берилди. Түрк дүйнөсүндөгү байланыштарды өнүктүрүү иштериндеги, түздөн түз Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешин түзүүдөгү зор салымы үчүн Нурсултан Назарбаев бул түзүмдүн ишмердигинде жигердүү катышуусун уланта алуу максатында, ал үчүн жаңы орун – Кеңештин түбөлүктүү Ардактуу Төрагасы орду түзүлдү.

Эл аралык байкоочуларга аталган бирикме түрк дүйнөсүн саясый же аскердик альянстардын алкагында эмес, улуттардын келип чыгышынын жалпы тарыхына таянып, социалдыкэкономикалык жана маданий-гуманитардык негизде курууга аракет кылганы менен жакшы таасир калтырууда. Келечектүү жана көптү үмүттөндүргөн долбоордун эбегейсиз артыкчылыгы дал ушунда.

Ачык-айкындуулук, көп улуттуулук жана көп конфессионалдуулуктан улам, жыл өткөн сайын региондук жана эл аралык деңгээлде Түрк кеңешинин саясый жана экономикалык маселелер боюнча аброю өсүүдө. Саясат таануучулар түрк мамлекеттеринин уюму өтө кыска аралыкта даңазалуу иштерди аткарат деген ишенимде. Ошондуктан көптөгөн өнүккөн мамлекеттер үчүн Түрк кеңешине мүчө болуу жакынкы мезгилдеги сыймыктуу кадам болуп калмакчы.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, “Кыргыз Туусу”