СССРге даңкы чыккан  “Алтыбай талаасынын” ээси Алтыбай ата

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу, III даражадагы эмгек даңкы ордендеринин ээси, алты жолу Айылдык жана райКеңештин депутаты, КРнын Өзгөчө эмгек сиңирген персоналдык ардагери, эгемендик маалындагы малды асылдандыруу боюнча алгачкы  кадамгер, “Ат жалы – Улук” дыйкан чарбасынын жетекчиси, эн негизгиси эл-журтуна Бакай атадай барктуу  Алтыбай Турдубаев бизде мейманда.

Ал 1952-жылдын 15-мартында Ат-Башынын Ак-Муз айылында туулган.  Мектептен кийин Советтик армиянын катарында кызмат өтөп келип эле айылдын талаачылык бригадасын жетектеген.

Бүгүнкү күндө байбичеси Бейшебүбү Апышева экөө  алты баланын, 23 неберенин ата-энеси жана жердештери айылдын бир көчөсүнө Алтыбай Турдубаевдин ысымын берип: “Алтыбай Турдубаев маалында Социалисттик  эмгектин Баатыры болор маалда союз ыдырап кеткен. Андан бери да жаны тынбай эмгектенип, мал чарбасында, дыйканчылыкта маңдай тер төгүп келе жатат. Эми деле КР Эл баатырын алса, сыйлык ээсин тапмак”, — дешүүдө.

-Алтыбай ата, 70ке келсеңиз да бүгүнкүгө чейин айыл чарбасы менен мал чарбачылыгына өзгөчө салым кошуп жатыпсыз. Мурда сугатчы, дыйкан катары “Алтыбайдын жери” атыккан таштак жерди гүлдөтүп келсеңиз, эми жоголуп бараткан асыл тукумду сактап калуу үчүн  жан үрөгөн бирден-бир адамсыз, деги эле ийгиликтин сыры эмнеде?

-Ийгиликтин да, бакыттын да сыры – эмгекте. “Эр эмгегин жер жебейт” деген кеп бар элде. Жаш кезимден эле мээнеткеч өстүм. Жана сен айткан “Алтыбайдын жерине” 24 жашымдан баштап маңдай тер төктүм. Бирок бала кезде журналист болууну кыялданчумун. Адабий китепти көп окуп, өзүм да “Ленинчил жаш”, “Кыргызстан пионери” гезиттерине тынымсыз жазып турар элем. Бир жолу макалам үчүн 70 рубль калем акы келгенде таятамдын кубанганын сураба. Анда 70 рубль чоң акча болчу. Бирок мектептен кийин карыган ата-энемди таштап кете албай, айылда калып калдым. Менин бактым айылда экен, көрсө.

1974-жылы армияга кетип, эки жылдан кийин келсем, дароо эле колхоздун чоңдору звено башчы кылып коюшту.  Ошондо да гезит-журналдар менен кол үзүшкөн жокмун. Алдыңкы колхоздор, алдыңкы звенолор тууралуу окуп, алардын кантип ийгиликтерге жетишип жатканына кызыгаар элем. Булар да менин да ийгиликке жетишиме өбөлгө болду десем болот. Ошентип, таң агаргандан каш карайганга чейин талаада “жашап” калдым. Талаада үрөн сепкич техникалар менен кошо жүрүп, чала сээп кеткен жокпу деп карап, жер семирткичти нормасы менен берип, арпанын башы кылайгандан тарта сууга кандырып, кара жерди баладай бапестеп, эркелетип  бактым.  Ансайын жер да ыраазы болуп, түшүмдү берекелүү берип, мээнетим кайтты.  Таштак жерден мынчалык түшүм жыйналат деп күтпөгөн жетекчилер таң калып да, ыраазы болуп да, колхоздун зоболосун көтөрдүң деп берерге сыйлык таппай калышчу.

-Ошондо биринчи жылы эле мыкты көрсөткүчкө жеттиңизби? Канча жашта элеңиз?

-1976-жылы карамагымдагы 100 гектар аянттагы дан эгиндеринин ар бир гектарынан 71 центнерден арпа, көп жылдык чөптүн ар гектарынан 156 центнерден алып, облус дүңгүрөп, республика кулак түрүп калды. Ошол кезде мен  биринчи Ардак белгиси орденин алганымда, 24 жашта элем.

-Жубайыңыз эмне иш кылчу эле?

-Бейшебүбү Караколдон окуп келип, мектептин буфетинде сатуучу болуп иштечү. Кош бойлуу кезде ал да мени эрчип талаага келер эле. Атайын тегерек-белин цементтеп койгон аңгегибиз боло турган. Ошого Нурсеит деген иним экөө кык чылап, аралаштырып беришчү. Бул жер семирткичти  – “шербет суу” деп атап алганбыз. Ошондой күндөрдүн биринде райкомдун биринчи катчысы Саринжи Жумагазиев талааны кыдырып жүрүп, сугатта жүргөн кош бойлуу жаш келинди көрүп калып: “Бул айылда эркек калбай калганбы?!” – деп ачууланганда, төрага: “Ал Алтыбайдын колуктусу. “Шербет суу жасап берип, дайыма жанында жүрөт”, — дептир.  “Ушундай мээнеткеч жубайы бар үчүн иши оңолуп жаткан тура. Аман-эсен көз жарып алсын”, — деп бата берип кеткен экен райкомдун катчысы. Кудайга шүгүр, балдарымдын апасы үй-бүлөдө да, сыртта да “жеңилимди жерден, оорумду колдон” алды. Өз ишин да жакшы билер эле. Эсимде, бир бир жолу райОНОнун ардак грамотасы менен сыйланып калды. Сыйлык деген адамга  кубаныч тартууларын билем да, мен да көңүлүн көтөргүм келип, эмгек жамаатыңды чакырып, сыйлыгыңды майлап коелу деп, козу союп, камынып  калдык. Аңгыча коноктор машине менен келип калышты.  Атамдын эски, үстү ылай менен жабылган боз тамы бар эле. “Иий, ушул үйгө киребизби?!” – деп бир –экөө кеткенчиктеп, жыйрыла түштү.  Адамдардагы  бир кесирликти ошондо бир биринчи байкашым. Жок, бул үйгө кириңиздер”, — деп берки үйүбүзгө  киргиздик. Бирок ошолор кийин жакшы деле болгон жок. Муну айтканым, кесирлик, жалкоолук, ач көздүк сыяктуу сапаттар адамга жакшылык алып келбейт.

-Уулдарыңыз: “Атам бизди катуу кармачу”, — дешет экен.

-“Уурдаба, ушак айтпа, бирөөгө жамандык кылба! Эмгекти сүй!” – деген принципти карманам эми деле. Бир жолу айылдын картөшкөсүндө иштеп жүрүп, Бакыт бир чака картөшкө көтөрүп келиптир. Жакшы иштедиңер деп баарына бир чакадан берген экен. Аны кайдан билейин. Талаадан келсем эле босогодо турат. Мени көрсүн, сыймыктансын деп атайын жолума коюп койгон экен. “Бул эмне?!” – десем: “Мен алып келдим”, — дейт. “Жөнө, кайдан алып келсең, кайра ошол жерге алып барып төгүп кел!” – десем көтөрүп алып жөнөдү. Көз байланып, түн кирип калган маал болчу. “Ошондон кийин  алдымда алтын жатса да албайм”, — деп калат эми  уулум. Бирок бирине да катуу айтып же урган учурум  болгон жок. Көз карашымдан эле баарын түшүнүп турушчу. Эми деле ошондой.

-Өзүңүз канча маяна алчу элеңиз?

-600 сом алчумун. Ал кезде бул өтө чоң акча болчу. Эсимде, бир жолу бирөө: “Обкомдун секретарынын айлыгы 500 сом, Алтыбаевдики 600 сом”, — деп арыз жазып жибериптир. Текшерүү келип, конторада баарын ревизиялап болуп, анан талаага келиптир. Кырга бир машине токтоп, эки саатча турган. Мен сууну көп жыгып алыпмын, жетишпей, баш көтөрбөй иштеп жүргөм. Бир убакта келип, өзүн таанышытырып: “Сиздин үстүңүздөн арыз түштү. Айлыгыңыз 600 сом экен”, — дейт. “Мен өз эмгегим үчүн алып жатам. Канча кишинин ордуна өзүм жалгыз иштейм”, — десем: “Ооба, анын баарын текшердик. Болгону эле сизге рахмат айтып коелу дедик”, — деп колумду кысып коюп кетти. Ошондо үч жолу беш жылдыкта үч орден, үч машине алдым.

-Машинени сыйлыкка беришти да?

-Жок. Чогулткан акчабызга сатып алдык да. Ал кезде машине алыш кыйын болчу. Бирок бирин да айдаган жокмун. Туугандарым айдашты көбүнчө же турчу жөн эле.

-Эмнеге?

-Аны айдап алып бир жакка барганга убактым жок эле. Талааны таштап кете алчу эмесмин.

-Ушунчалык эмгек өтөп, эмне себептен Социалисттик эмгектин баатыры болбой калдыңыз эле?

-Мына эми беребиз деп турганда союз ыдырап кетти да.

-“Алтыбайдын жери” деген сугат талааңыз менен кантип коштоштуңуз?

-Коштошкон жокмун, ошол жерден үлүш жер тийген. Эми деле иштетип жатабыз.

-Ошол эгемендиктин алгачкы учурлары, андан берки жашоо-шартыңыз кантти, ошол тууралуу айтып берсеңиз?

-Чарбанын малы, жери жан башына үлүшкө таратылып, жашоо кыйындады адегенде. Бир кой эки бөтөлкө аракка айырбашталып калды. Айлык акы, пособие, пенсия дегендер айлап колго тийбей калды. Ошондо айылга биринчилерден болуп дүкөн ачтык.  Кандай заман болсо да эмгек жерде калбасын, иштеген киши тиштерин эске алып, мал чарбачылыгына басым жасап, үлүшкө тийген жандыктарымды көбөйтүүнү колго алдым.  Ошол эле убакта туяктын көбөйгөнүнө  кубанбай, анын асыл тукумдуулугун арттыруу тууралуу ойлонууга туура келди. Ошентип, Тоң районундагы  “Айкөл” асыл тукум мал өстүрүү чарбасынан козулар менен кочкорлорду сатып келип,  “Ат жалы – Улук” дыйкан чарбасын түзүп,  Тажикстандан “Гиссар” тукумундагы кочкорлорду алып келдим, ал да жаман болгон жок. Үч жыл мурун мамлекет тарабынан  асыл тукум мал өстүрүү статусу берилди. Айылдагы бир көчөнү жердештерим менин атыман атап беришти. Кудай кут кылсын.

-Кадимки кой менен асыл тукум койдун кандай артыкчылыктары бар?

-Мен айылдаштарыма да айтам, асыл тукум арыкчылыгы бар бир кой 50 кил эт берет,  кочкордун салмагы 150 килди басат. Жүнү да баалуу болот. Ошондуктан 50 кой баккандан көро, асыл тукумдан онду баксаңар өзүн актап берет. Айрымдары макул көргөнү менен, айрымдары укпайт деле. Мал киндиктүү делген жерде ушул жапырт колдоого алынса жакшы болмок. Деги эле жакшы жашоо, өлкөнүн экономикасын өстүрүп-өнүктүрүү  – ар бирибиздин өз колубузда.  “Алма быш, оозума түш” деп эле жата берсек, бирөө келип жасап бербейт. Үйүнүн тегерегине бир тал тигип койбогон  да адамдар болот.

-Сизди тал-терек өстүрүп, сарайынын тегерегин жашылдантып, көрккө бөлөгөн багбан катары да айтышат. Айтмакчы, бала кезде гезит-журналдарга макала, ыр жазып, журналист болгум келчү дебедиңизби, ал өнөрүңүздү да аркалап келе жатасызбы?

-Жок. Аны үйлөнгөндөн кийин калтырдым. Бир күнү үйгө келсем эле келинчегимдин кабагы бүркөлүп калыптыр. “Эмне болду?” – десем: “Бул эмне?” – деп ыр жазган дептеримди көрсөтөт. “Ал – ыр”, — десем: “Ыр экенин билип жатам…” – дейт. “Ал баягы, бала кезде, экөөбүз жолуга элек кезде жазылган ырлар эле”, — дедим. “Эми жазбай койсоң болобу?” – дейт. “Болот”, — дегем. Сүйүнүп кеткен го, баарын отко жагып жибериптир. Ошондон кийин жазган жокмун, колум да тийген жок, бирок мен жазбай калганды уулум Бакыт Турдубаев жазып, “Курманжан датканын” сценарийи үчүн эң жогорку Токтогул сыйлыгын алды. Ушуга шүгүр.

-Канча балалуу болдуңуздар?

-Эки эркек, төрт кыздуу болдук. Баарын окутуп, билим бердик. Кичүү уулум Баатырдын жогорку билимдүү деген эки диплому бар. Бирок айылда калып, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенип жатат. Бакытты болсо билесиздер. Кыздарым Жаркын, Жыпар, Жыргал, Жылдыз  турмуштан ордуларын таап,   эл кызматында жүрүшөт. Кудайга шүгүр, 23 неберебиз бар. Кудайым өмүрлөрүн берсин. “Кыргыз Туусу” гезити да 95 жашка толуп, мааракесин эл-журт менен кошо белгилейбиз деп турган экенсиздер, жолуңар шыдыр болсун. Улуттук тун гезитибиздин  сапары карыбасын.