Таласта документи жок 3,2 тонна күйүүчү май кармалды

Талас облусунунда документи жок ташылып келген 3,2 тонна күйүүчү май кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Финпол) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-октябрь күнү «Киров» суу сактагычынын жанынан «Мерседес-Бенц» текшерүүгө алынып, унаада эч кандай документтери жок күйүүчү май (АИ92 бензини) табылган. Анын жалпы көөлөмү 3,2 тонна болгон.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, мамлекетке келтирилген чыгымдын суммасы такталууда.