Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле ага 160 миң сом  айып салынып, мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу чечими чыкты.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура ага 150 миң долларды алдамчылык менен алган деп “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси менен иш козгогон. Ошондой эле бул иш боюнча Салык кызматынын кызматкерине да айып тагылган.

Тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмияновго Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча, ал эми Бишкек шаардык Салык кызматынын мурдагы инспектору Р. Шакировго 320-берененин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылган.

Кийинчерээк соттук отурумдардын жүрүшүндө, Шакировдун саламаттыгына байланыштуу отурумдарга келе албагандыгы айтылып, Илмиянов менен Шакировдун ишин бөлүп кароо өтүнүчү келтирилген. Сот ал өтүнүчтү канаатандырган.