Ысык-Көл: Жыйынтыгы жакшы, былтыркыдан ашты. Бирок…

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Өкмөттүн облустагы өкүлчүлү — гүнүн коллегиясынын жыйынында тогуз айдын жыйынтыгы жана алдыдагы милдеттер, 2019-2020-жылдардын күзгүкышкы мезгилдерге жана быйылкы жайкы туристтик мезгилдин жыйынтыгы менен келаткан кышкы туристтик мезгилге даярдык каралды.

Жыл башынан бери “Кумтөр” кен казуу ишканасын жана электр энергиясын бөлүштүрүүнү эсепке албаганда облуста 2078,9 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын отчёттук мезгилине салыштырмалуу 169,4 млн. сомго көбөйүп, жаңы 32 кичи ишканага 219 адам тартылып, инвестиция 52,2 млн. сомго, чекене товар жүгүртүү – 14323,4 млн. сомго, акы төлөп кызмат көрсөтүү 4931,2 млн. сомго чейин өсүп, туризм тармагында кызмат көрсөткөн объектилерден 161603,1 миң сом салык арбын түшкөн. Жалпысынан 116 айылда өздүк өнүктүрүү фонддору уюштурулуп, ортого чогулган накталай акча каражаты 30 млн. 932 миң сомго, фонддон сырткары көрсөтүлгөн материалдык жардамдардын суммасы 74 млн. 413 миң сомго барабар болгон.

Ушул сыяктуу жетишкендиктер менен катар кемчиликтер да бар. Рес­публикалык бюджетке төлөмдөр 13,9 млн. сомго кем жыйналып, капиталдык салымдар былтыркы жылга салыштырмалуу 97,3%ды түзгөн. Каракол шаарынан – “Фаир”, “Суутүтүк”, “Жылуулук”, Балыкчыдан – “Карамел таттуу” ЖЧКсы менен “КаухарТаш” АКсы, Ак-Суу районунан – “Айко-Сейко” ЖЧКсы, Жети-Өгүздөн –“Суутүтүк”,Түптөн – “Экопродукт” ЖЧКсы, “Күрмөнтүцемент” АКсы, Ысык-Көл районунан “Күнгөй” жылуулук ишканасы тапшырмаларын аткара алышпай облустун жалпы көрсөткүчүн артка тартышкан. Балыкчы шаарынан – төрт, Ак-Суу районунан үч ишкана айрым себептерден улам иштебей турат. Түп районундагы он үч айыл аймагынан бешөө: Ак-Булак, Арал, Ысык-Көл, СарыБулак, Михайловка, Ак-Суудан – Кара-Жал, Жети-Өгүздөн – Ак-Дөбө айыл өкмөттөрү белгиленген чектерине жетпей калышкан.

Туризм тармагында кызмат көрсөткөн объектилерден быйыл 161603,1 миң сом жыйналган. Салыштырмалуу өсүш – 101,5%.Каракол шаардык салык кызматынын маалыматында – 81 мейманкана, хостел жана конок үйлөрү каттоодо турат, чындыгына келгенде, алардын саны 200дөн кем эмес экендигин интернеттен алынган булактар далилдегени белгилүү. Мындай фактылар Тоң, Жети-Өгүз райондорунда да бар экендиги айтылды. Ал эми кышкы туризмди дагы илгерилетүү багытында Швейцария мамлекетинин эл аралык Хелветас донорлук уюмунун биргелешкен долбоору да ишке киришкени белгилүү болду.

Облустун медицина тармагында бүгүнкү күндө 152 дарыгер, анын ичинде 74 үй-бүлөлүк дарыгер жетишпейт, Түп менен Жети-Өгүз райондорунда бул абал эң төмөн. Ал эми маданият тармагында буга чейин алдын-ала белгиленген бир катар иш чаралар өткөрүлүп келатат дегенибиз менен, өзгөчө элет жерлерде айыл өкмөттөрү тарабынан маданий мекемелердин көпчүлүгүндө жылуулук системалары жок, кыргыз тилиндеги адабий китептери менен толукталбайт, иш чаралар өткөрүлбөйт. Ысык-Көл районундагы Семёновка, Темир, Кароол-Дөбө айылдык маданият үйлөрү жедеп эскилиги жетип, эми авариялык абалга келген.