Талант көрсө, таптаган, мээнет көрсө, барктаган же редактор реформатор

Абдиламит Матисаковдун “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп иштеген мезгилдери (ал эки жолу бул кызматты аркалады) анын жетекчиликке тапталып, тажрыйба топтоп келгенинин үзүрү болуп калды. Анткени, эгерде советтик мезгилде каржылоо жагынан редактордун, гезиттин кызматкерлеринин санаасы тынч болсо, рынок экономикасынын шартында каржылоо маселеси редакциянын өзүнүн мойнуна жүктөлгөн эле.

Мына ушундай кырдаалда редактор А.Матисаков түпкүлүгүндө гезит сапаттуу чыгып турса, анын каржы маселеси да чечилерин алдын ала түшүнгөн. Ушуга жетишүү үчүн ал редактор болуп келген биринчи жылдарда ишке баш-оту менен киришип, кабинетинин жарыгы түнкү саат 1-2лерге чейин өчпөй жүрдү. Секретариатта иштеген үч бакандай журналист – Назарбек Байжигитов, Асан Жунусов, Дайырбек Мейманов даярдап келген макеттерди өзү карап көрүп, оңдоочу жерин оңдоптүзөп, купулуна толгондо гана басууга жөнөтүп турчу. Анын натыйжасында гезит 1-2 жылдын ичинде жаңы турпатка ээ болгон. Гезиттин тематикасын, мазмунун байытууда А.Матисаков кадрлар потенциалын кылдаттык менен пайдалана билген редактор болгонуна токтоло кетсек. Биринчиден, башка жактарда иштеп жүргөн Төлөн Насирдинов, Эсенбай Калдаров сыяктуу таланттуу журналисттерди жана фотокабарчы Шекербек Сартовду кайрадан алып келгени акылга сыярлык иш болгон.

Мен Төлөн Насирдинов менен иштешип калдым. Мындай калемди эркин шилтеген журналистти жолуктурган эмесмин. Анын жазгандары жаздын таңкы желиндей лепилдеп турчу. Анын “Күүгүмдөгү коңгуроо” аттуу рубрика менен чыккан маектери кимдерди гана тамшандырбады. Өкүнүчтүүсү – шум ажал таланттуу журналистти бул дүйнөдөн эрте алып кетти. Ошондо жылына Төлөн Насирдинов атындагы сыйлыкты жылдын мыкты журналистине ыйгарып туруу идея сын А.Матисаков көтөрүп чыгып, жыл сайын бул сыйлык чоң азем менен мыкты журналисттерге ыйгарылуучу. Бул да болсо Төлөн Насирдиновдун жаркын элесине жасалган сый-урмат.

“Кыргыз Туусуна” А.Матисаков алып келген айтылуу журналисттердин бири – Мундузбек Тентимишев болду. Ал да журналисттик чеберчилигин “Кыргыз Туусунда” иштеп жүрүп көрсөтө алды. Анын гезит бетинде байма-бай жарыяланган публицистикалык макалалары учурунда окурмандарды аябай таң калтырып, публицистиканын мыкты үлгүсүн көрсөттү го, чиркин! Анын 2004-жылы “Кыргыз Туусу” гезитинин 80 жылдык тарыхы жөнүндө жазган көлөмдүү кайталангыс эмгеги китеп болуп, жарыкка чыккан. Ал китепти азыр издеп табалбайсың!

Чынында А.Матисаков редактор катары журналисттерге багыт берген жагынан чебер эле. Тамаша-чынга аралаштырып, бир жолу Эсенбай Калдаровго кайрылып: “Эсеке, окурмандардын делебесин козгогон мелодрама жазбайсызбы, сиздин колуңуздан келет, гезитибиздин кызыктуулугу артат, нускасы көбөйөт”, — деди. “Да” – деди Эсеке башын кашылап, “аракет кылайын” –деп кабинеттен күлмүңдөп чыгып кеткени эсимде. Ошондон тартып “Таксистин күндөлүгү же миң бир күн” аттуу чыгарманын үзүндүлөрү сандан-санга жарыялана баштады. Бул чыгарманы окурмандар абдан сүйүп окушту.

Редактор А.Матисаковдун ишмердүүлүгүндөгү дагы бир моюнга ала турган орчундуу учурду айта кетпесек болбос. Бул “Матисаковдун мектеби” деген шарттуу аталыш. Анын шарттуу деп айтылганына карабастан бүгүнкү күндө Бактыгүл Чотурова, Назарбек Байжигитов, Дайырбек Мейманов, Шекербек Калыков, Асан Жунусов, Болот Таштаналиев, Жыпар Исабаева, Орозалы Карасартов, Чолпон Субакожоева, Төлөнбай Жакшыбаев, Назаркул Жоошбаев өңдүү көптөгөн аттуубаштуу журналисттерден “Сен Матисаковдун мектебиненсиңби?” деп сурасаң алардын баары “ооба” деп жооп берерине ишенем. Себеби, ушул журналисттердин баарын А.Матисаков өзү “Кыргыз Туусуна” ишке алып, алардын журналист катары тарбияланып, такшалып чыгышына көмөк көрсөткөн.

Эгерде башкы редактордун орун басарларын айта турган болсок, “Кыргыз Туусуна” кабарчы болуп иштегени келген Догдурбек Юсупов, Шерназар Шүкүров, Абибилла Пазылов орун басар болуп эмгектеништи. Орун басарлыкка ишеним көрсөтүү жагынан А.Матисаковдун колу ачык болгондугун белгилеп кетүү зарыл. Ал тагдырын ишине байлаган ички дүйнөсү, адамдык көңүл-ниети таза, мээрман-мээнеткеч кызматкерлерди баалоо жагынан алдына адам салчу эмес.

Аны чыгармачыл муундардын байланышын сактай билген редактор катары да бааласак болот. Себеби, ал гезитти сапаттуу чыгаруу үчүн Кыргыз эл жазуучулары, акындары Көчкөн Сактановдун, Эрнис Турсуновдун, Калыбай Осмоналиевдин чыгармачылык жигерин пайдаланган. Алардын жазгандары жаштарга үлгү болгон. Ошол убакта гезиттин нускасы 12 миңге чейин көтөрүлүп, рекламалар 10дон ашуун бетке жарыяланып турду. Анын натыйжасында редакциянын каржысында кем-карч деген болбоду. Гезиттин кызматкерлери аванс, айлык, гонорар, сыйлык дегендерди өз убагында алып турушту. “Кыргыз Туусунда” уюштурулган “Күмүш жамбы” сыйлыгы, “Кыргыз Туусунун кыраандары” ардак тактасы гезиттин кызматкерлерине дем-күч берип, шыктандырып турчу.

Менин оюмча, Абдиламит Матисаковдун “Кыргыз Туусу” гезитиндеги редактордук ишмердүүлүгү – анын өмүрүнүн жаркын белеси. Аны өз мезгилинин, өзгөчө эгемен жылдарынын улуттук басма сөзүндө гезит чыгаруу өнөрүндө жаңычылдык алып келген редактор катары өзүнүн өзгөчөлүү багыт-стилин калыптандырган реформатор инсан деп тайманбай айтсак жарашат.

Абдимухтар АБИЛОВ