Парламенттик шайлоо – 2020: эл тажабаса депутат болгусу келген саясатчылар, молдо болбой калган ырчылар…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ырчы Нурлан Насип “Sputnik.kg” сайтына берген интервьюсунда: “Кичинемде динге кызыгып, медресеге тапшырайын деген ой бар болчу. Балким ырчы болбосом, молдо болмокмун. Мектепте окуп жүргөн кезде беш убак намаз окуп, айылдагы имамдын жакшы окуган окуучуларынын бири элем. Бирок чыгармачылык деген өзүнчө оору экен. Жан дүйнөмдү түп-тамыры менен башка нукка буруп кетти” деп молдо болбой калганына өктө кылганын билдирсе, “Кактус медиа” сайты: “Чубак Жалилов считает, что из него вышел бы хороший депутат. А что думаете вы?” деп кабелтең суроо салды. Молдоке депутат болгусу келет экен!…

Жаш ырчы Нурлан Насипке түшүнсө болот, молдолук деле чыгармачылыкты талап кылат. Баарыбыз жаш болгонбуз, жаш кезде ким гана болгуң келбейт, өткөндө бир тойдо тамада жаш балдардан “чоңойгондо ким болосуң?” деп сурап жатса, бири “Аманга дос болом” дебатат. Мындай бейкүнөө жоопко күлүп тим болосуң. Анысы кандай, парламенттик шайлоо чукулдаганы ар кандай кептер айтыла баштады. Парламенттеги кайсы бир фракциянын алмашылгыс лидери “эгер эл андан тажабаса, саясатта кала бере турганын” ачык эле айтса, ким бирөөсүнүн айтымында, ал депутат болгондо гана элге көбүрөөк пайдасы тиет экен. Башкалары “депутаттык кресло атабыздан калган мурас эмес, мөөнөт бүтсө кетебиз” деп алдын ала даярдык көрүп жатышат.

Ошентип, “2020-жылдагы парламенттик шайлоонун тагдыры кандай болот, кимдер парламентке келет?” деген суроолор саясатчыларды гана эмес, молдолорду да катуу ойлонтуп жатат. Чубак ажы мыкты депутат болорунда эч талаш жок, эгер шайлоого катышса, көп добуш топтой турганы да талашсыз, себеби анын күйөрмандары көп. Өткөн парламенттик шайлоодо молдоке кайсы бир партияга кошулуп, шайлоого аттанып, анан кайра айныганы да бекеринен эмес.

Антип ажыкелер депутат болсомбу же болбосомбу деп ойлонуп жатканда, башкалар тынч жаткан жок, Чыпалак баатыр атка конгон бир эр-азаматыбыз парламенттик шайлоого катышарын ачык эле жар салды. Жаштын тилегин берет дейт, мүмкүн, “пенденин оозундагы — Кудайдын кулагында” дейт, болсо болуп калар. Кудай угуп калар, дегенибиз, биз баарыбыз Кудайды асмандан, алыстан издеп жүрсөк, бизде өзүн Кудаймын деген Арстан Алайга окшогондор чыкпадыбы. Анын бул сөзү негедир Жогорку Кеңештин депутаттарын катуу тырчытып, “Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия каякты карап жатат?”, “Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы эмнеге унчукпайт?” деп катар-катар суроо жаадырып, ИИМдин башчысынын орун басары Мирлан Каниметовду бул экстремизм же улуттар аралык кастыкты козутуу багытында айтылган билдирүүбү деп жарга такагычакты, Арстан Алайдын тарапташтарынын бири Элвира Сатыбекова: “Биздин кыргыз элибиздин бардыгы кудай, жердеги ар бир кыргыз кудай. Биз да кудайбыз” деп чыкты. Айтор, күн алыс эмес кызык билдирүүлөр жасалып жатат. Алдыда парламенттик шайлоо. Орус аюусундай болуп, шайлоодон шайлоого чейин майлуу таманын жалап, чээнден чыкпаган саясий партиялар баш көтөрүп башташты.

Парламенттик шайлоо жөн гана саясий өнөктүк, кыйкырык-өкүрүк эмес, шайлоо ар бир саясий партиядан аябагандай финансылык чыгашаны талап кылган финансылык операция. Бүтүндөй Кыргызстанды кыдырып, үгүт-насаат иштерин жүргүзүү, өз катарына үгүтчүлөрдү, байкоочуларды, көзөмөлчүлөрдү тартуу, саясий жарнак-көрнөк иштери үчүн 10-20 миллион сом аздык кылат. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндөгү ырчылардын гонорары эле 50-60 миң доллар турат. А ырчыларды алпарбай, стадиондорго элди чогулта албайсың. Элди чогулта албаганың, үгүт иштериң үзгүлтүккө учурады деген сөз. Жалгыз ырчыны керелден кечке ырдата албайсың, демек эл арасында популярдуу 5-6 ырчы керек. Бул деген сөз, ырчылар үчүн эле, 300-400 миң доллар коротушуң керек деген кеп.

Шайлоо өнөктүгү учурунда көчөнү үймө үй кыдырган үгүтчүлөр бекер иштемек беле? Шайлоо учурунда баары кымбаттайт. Эл арасына сөзү өткөн жакшы үгүтчү жакшы ырчыдай эле кымбат турат. Үгүтчү айына 30-40 миң сом айлык албай, эч бир партияга үгүт жүргүзүп бербейт. Ар бир айылга 10дон, ар бир шаарга 100-200гө чейин дегенде, ар бир саясый партия парламенттик шайлоо учурунда кеминде эле 10-20 миң үгүтчүгө айлык төлөшү кажет. Буга канча каражат кетери эң жөнөкөй арифметикалык эсеп. Ал эми мунун баарына саясий партиялар кайдан ак ча табат, ал каражаттар партиянын шайлоо өнөктүгүнө жумшаган каражаттарынын отчетунда көрсөтүлөбү, же көрсөтүлбөйбү, бул башка маселе.

Анан да жашырганда эмне, айрым саясий партиялар шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылган фактылар аз эмес. Албетте, мындай мыйзамсыз кадамга бардык эле саясий партиялар барбайт, анүстүнө көбүнүн добуш сатып алууга финансылык мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү, бирок партиялар арасында шайлоо өнөктүгүнүн мыйзамдуулугуна көө жапкан кумалактары да табылбай койбойт. Эгер, андай мыйзамсыз көрүнүштөр каттала турган болсо, буга канча каражат кетиши ыктымал, элестете бергиле. Бир добушту эле 1000 сомдон сатып алды дегенде, 100 миң добушту сатып алыш үчүн 100 млн. сом талап кылынат.

Саясий партиялар парламенттик шайлоо алдында депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүп жатканда, ар бир орунду баалап сатат экен, алдыңкы орундар бир миллион долларга чейин барат экен деп жатпайбызбы, маселенин баары шайлоо өнөктүгүнө жумшалуучу каражаттан улам келип чыккан “шайтан” сандар. Саясий партиялардын кулагына күмүш сырга иретинде айтып койчу нерсе, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо 2015-жылдагыдан эки эсе кымбат болот. 9%дык босого чени саясатчыларды чочулатып жатканы бекеринен эмес. Кыргызстан жана анын эли үчүн, шайлоонун мыйзамдуу жана ачык болушу үчүн парламенттик шайлоого канчалык аз сандагы партия катышса, ошончо жакшы. Эч бир саясий партиялар өзүнүн программасы менен элди таңгалдыра албайт.

Соңку чейрек кылымдан бери далайдалай программаларды уктук, далай убадалар айтылды, карапайым эл баарынан тажап бүткөнү да талашсыз. “Эл менден тажаса, анда мен саясаттан кетем” деген саясатчылар этекке чаптырбай эле, саясаттан кете берсе болот. Ар бир парламенттик шайлоо сайын жанталашып чуркап, депутат болгон саясатчылар бар. Булардан деле эл тажады. Бүгүн эл жаңы жүздөрдү көргүсү келет, жаңы сөздөрдү уккусу келет. Тилекке каршы, андай сөздөрдү айта ала турган адамдарда акча жок, алар тиги же бу партияга кошулуп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен “орун” сатып албайт. Бүгүнкү реалдуулук ушул. Антип татыктуулар тышта бозоруп туруп калган маалда, акчалуулардын доорону өкүм сүрөт экен.

Бул шайлоо да өтөт, Кыргызстан калат. Неси болсо да, парламенттик шайлоо – 2020да мекенчилдер келсе экен, алар мекен үчүн, мамлекет үчүн чындап күйүп, элдин намысын тепсетпесе экен.