Талас: Экс-министр аткарбады, эмки министрчи?

Мындан үч жыл мурда Талас райондук билим берүү бөлүмү менен Талас шаардык билим берүү бөлүмдөрү бириктирилип, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Тынара Назаралиеванын орду кыскарып, жумушсуз калган.

Анын иш аракеттерин колдогон, Бишкекке чейин барып, нааразычылык акциясына чыккан 30дан ашык мектеп директорлору, айрым бала бакча башчылары иштен бошотулушкан. Албетте, алар интриганын курмандыктары болгондой. Себеби өткөн парламенттик шайлоодо аз добуш алып калган КСДП партиясынан шайланган депутат айым жеке өч алуу максатында район, шаардык бөлүмдөрдү бириктирүүгө жетишкени тууралуу маалымат да ачыкка чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Тариэл Жоробеков мындан жарым жыл мурда Талас райондук билим берүү бөлүмү менен Талас шаардык билим берүү бөлүмүн ажыратуу зарыл экендигин белгилеп, Өкмөткө сунуш берилип, бирок ал учурдагы билим жана илим министри Г.Кудайбергенова тарабынан аткарылбай келген.

22-октябрда Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясында мен Талас районунун акими Замир Сыдыковго суроо берсем, ал эки бөлүмдү кайра ажыратуу боюнча илим жана билим министрлиги иш жүргүзүп, райБББга Көк-Ой айылынан имарат караштырылып жатканын билдирди.