Туубузду туура тутунсак

Аскарбек НАСИРДИНОВ, “Кыргыз Туусу”


Мамлекетибиздин ыйык символикасы катары Туубуз борборубуздун чок ортосунан тартып Ак үй баш болгон бардык мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде желбиреп илинип турат. Анан калса чакан-чакан жасалган желекчелерди иш үстөлүнө да коюп алганбыз. Айтор, алоолонгон кызыл желегибизди саякатчыларыбыз, спортчуларыбыз да өздөрү менен кошо ала жүрүшпөйбү. Өзгөчө спортчуларыбыз жеңишке жетип, туубузду көтөрүп чыккандагы төбөң көккө жетип кубанганыңды айтпа. Бул негизи сыймыктанчу жагымдуу көрүнүш деңизчи.

Биз сөз козгоюн дегенибиз башка. Маселе ошол ыйык туткан туубузду кантип колдонуп жатканыбызда. Кээде “аңдабаган төө көрбөйт” болуп, колубуздагы тууну тескери кармап алганыбызды же желбиретип түндүгүн асманды каратып илип койгонубузду байкабай калабыз шекилдүү.

Тескери демекчи, жайкысын шаардын четиндеги бир айылдан өтүп баратып, жаңы ачылган чакан дүкөндө жанаша илинип турган эки желекке көзүм түшүп калды. Бири биздин Кызыл туубуз, экинчиси Россиянын желеги. Россиянын үч түстүү желеги туура эле илинип турат. Биздики болсо түндүгү асманды карап тескери болуп калыптыр. Бир караганда көзгө дароо урунат экен. Кирсем бизден жашы улуураак келген эже соода кылып жатыптыр. Саламдашып, “эже, эшикте илинген туу тескери болуп калыптыр. Балдарга оңдотуп, туура илдирип койсоңуз” деп сурандым. Ал ишенбегендей, жактырбагандай карап, “ошо илинип турганына сүйүнбөйсүңбү” дегенчелик суз кабыл алды. Айла жок, айтып коюп кете бердим. Ошондон кийин бул да биздин кыргыз эли үчүн көңүл бурчу маанилүү маселе экен деп койгом.

Анан жакында күбө болгон эки нерсе ушул макаланы жазууга түрткү болду. Астана-Нурсултанда өткөн чемпионатта атактуу кызыбыз Айсулуу Тыныбекова алтын медалды багынтканда кандай кубандык. Ошондо жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде залда отурган биздин күйөрман жигиттерибиз Кызыл туубузду желбирете кармашып, толкундануу менен кызуу сүрөп жатышат. Албетте, кубанычтарына чек жок. Ошол мелдешке Туубузду ала баргандарына да рахмат. Бир гана өкүнүчтүүсү, Тууну тескери кармап алгандарында. Дароо көзгө урунат экен. Мына ушундай жүрөк толкуткан кубанычтуу көз ирмемде да ыйык туубуздун оң-тескерисине көңүл бура жүргөнүбүз оң болчудай.

Мынча болду дагы бир мисал келтире кетели. Жакында соцтармактарда Өзбекстандагы элчибиз Ибрагим Жунусовдун телеге берген маеги таркап кетти. Албетте, Ибрагим досум жөнүндө сөз болуп жатса кантип карабайын. Мени ал сюжеттин маңызы эмес, элчинин иш үстөлүндө турган Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын желектери өкүндүрдү. Күнүгө кирип-чыгып, элчилик вазийпасын аткарып жаткан иш үстөлүндө турган желекченин оң-тескерисине назар салып койбогон урматтуу элчибиздин кайдыгерлигиби же аңдабагандыгыбы. Айтор, башкалар го мейли, бирок элчинин үстөлүндөгү желекчеге кантип ичиң ачышпасын. Карасаңыздар мында да Туубуздагы түндүк асманды карап калган.

Балким мен ушундай майда-чүйдөгө көңүл буруп, өтө эле “майдаланып” кеттимби, ким билет. Бирок ыйык туткан символикабыздагы түндүгүбүз асманды карап турса, биз унчукпасак, анда башкалар эмне дешет. Дегеле өз алдынча мамлекеттигибиздин символикасы болгон, ыйык туткан Туубузга да кастарлап аяр мамиле кылсак деген эле тилек.