Бишкектин түштүк бөлүгүнө спорттук шаарча курулат. Анын ичинде футболдук стадион да бар…

Ушул жылдын башында футбол боюнча өлкөнүн курама командасы Азия кубогунун плей-офф бөлүгүнө чыгып, Кыргызстандын тарыхындагы жаңы баракты ача алышты. Мына ушул турнирден кийин коомчулукта жаңы футбол стадионун куруу муктаждыгы бар экени кеңири айтылып баштаган. Буга утурлай эле Өкмөт жаңы стадион куруу үчүн жер бөлүп берүү боюнча токтом чыгарып, бул багытта иштер жүрүүдө.

Эл аралык беттештерди эптеп кабыл алган эски стадион

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадион 1939-1941-жылдар аралыгында курулган. Ал үч ирет оңдоп-түзөлгөндүгү маалым (1963-1980-2000). Аянты төрт миң гектарга жакын. 23 миң көрүүчүгө ылайыкташылып салынган стадиондо учурда 18 миңге чукул отургуч бар. Башында «Спартак» деп аталса, кийинчерээк спорт комитетин отуз жыл башкарган Дөлөн Өмүрзаковдун аты ыйгарылган. Бирок ал эл аралык талаптарга жооп бербейт. Анын ар тарабынан дубалы урап, отургучтары сынып калууда. Ошого карабастан оңдоп-түзөп алып беттештер өткөрүлүп келет.

Анткен менен өлкөдө футболго кызыгуу күч алып, улуттук курама команданын оюндары бул стадиондо өткөрүлгөн учурда башаламандык жаралган учурлар болгон. Алсак, 2015-жылы Австралия курама командасы конокко келип беттеш өткөргөндө, стадионго көрүүчүлөр батпай, айрымдары дубалдан ашып түшүп, башкалары стадиондун айланасындагы бак-дарактарга чыгып алган. Натыйжада билет сатып алгандар стадионго кире албай калышкан.

Бул үчүн футбол федерациясы, ФИФАнын каарына калганы белгилүү. Бул сыяктуу мүчүлүштүктөргө карабай Кыргызстан футбол боюнча чоң секирик жасап, соңку жети жыл ичинде ФИФА рейтингинде 195-орундан 91-орунга көтөрүлдү.

Элдин талабы, бийликтин убадасы

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия Кубогунда татыктуу оюн көрсөткөндөн кийин жаңы стадион куруу күн тартибине чыкты. «Ак шумкарларды» борбордук аянтта тосуп алган күйөрмандар өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден жаңы стадион талап кылышкан. Премьер долбоор ишке ашат деп убадалаган. Буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков дагы стадион курулушун колдой турганын билдирген болчу.

Арадан көп өтпөй Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (ЖДСМА) ФИФАнын талаптарына жооп бергидей стадион куруу үчүн инвесторлорду издөө иштери башталганын билдирген. “Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөдө футболдун мындан ары өнүгүшүнө, Бишкектин инфраструктурасынын жакшырышына өбөлгө түзөт”, – деп билдиришкен агенттиктен.

Ушул жылдын 6-сентябрында Өкмөт Бишкектин түштүк жагында жайгашкан “Бишкек штамповдук заводдун” карамагында турган 12 гектар жерди дал ушул максатта бөлүп берип, мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясына 18 гектар жер участогун бөлүп берүүсү сунушталган. Аталган жерге 30 миң орундуу футболдук стадион, 5 миң орундуу муз аянтчасы, 7-8 миң орундуу универсалдуу спорт сарайы жана 3 миң орундуу жабык бассейн салына турганы маалымдалууда.

Сунушталган эскиздер

Азырынча ЖДСМА бул спорттук шаарча кандай болору тууралуу эч кандай маалымат бере элек. А бирок коомчулук тарабынан бул футболдук стадион курула турганы белгилүү болгондон кийин бир катар сунуштар берилди. Алардын арасында заманбап, улуттук колоритке басым жасаган эскиздер да бар.

«Алдыда жасала турган иштер арбын»

Бишкекте стадион куруу иштери тууралуу «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекеменин директорунун орун басары Самат Токтоналиев менен маектештик.

– Жыл башында Өкмөттүн футболдук стадион куруу үчүн жер бөлүп берүү боюнча токтому чыккан. Бул багытта кандай жылыштар болуп жатат.

– Токтом чыккандан кийин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду буйрук чыгарып берди. Анын негизинде мамлекетке тийиштүү 12 гектар жерди биздин мекемеге өткөрүлүп берилмек. Ошол эле буйруктун экинчи пунктунда жердин баасын аныктоо каралган. Себеби, бухгалтердик эрежелерге ылайык, жерди баланска түшүрүп, баасын аныкташыбыз керек. Өткөрүлүп берилгени жаткан жер участогу “Бишкек штамповый завод” мамлекеттик ишканага тийиштүү экен. Бирок, завод жерди бизге өткөрүп берейин десе ал жерде 2 имарат жайгашып калган. Ал имараттар ГКПЭНге карайт экен. Аталган мекеме бул эки имаратты жараксыз деп таап, макулдугун бергенден кийин комиссия түзүлүп, анан бизге жер участогун өткөрүп беришет. Учурда бул багытта иштер жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, ошол жерди өткөрүп алып жатканда биздин мекеме тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери менен биргеликте айрым иштерди жасашыбыз зарыл. Бул иштер үчун каражат талап кылынат, ал эми бизге буга бюджеттен акча каралган эмес. Эми бул үчүн кошумча каражат сурашыбыз керек. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча 300-400 миң сомдун тегерегинде.

Мындан башка мэрия тарабынан бөлүнүп жаткан дагы 18 гектар жер участогу да өткөрүлүп берилиши зарыл. Бул багытта мэрия тарабынан иштер жасалып жатат. Мэриянын кызматкерлеринин айтымында, аталган жерге байланышкан соттук иштер бар экен. Ошондой эле бул жер турак-жай куруу үчүн деп бөлүнүп калган экен. Муну дагы өзгөртүп, спорттук шаарча деп которуу зарыл. Мына ушул маселелер толугу менен бүткөрүлүп, жалпысынан 30 гектар жер өткөрүлүп берилген соң, курула турган спорт комплекстин долбоору түзүлүп, иштер башталат.

Андан кийинки этапта биздин сунуштарга жараша Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан тийиштүү тендерлер жарыяланып, ага каражат бөлүнүп дегендей, айтор алдыда жасала турган иштер арбын.

– Буга чейин бул курулуш үчүн демөөрчүлөр табылды дегендей айтылып жатты эле…

– Негизинен алганда инвесторлор жок деп айтууга болбойт. Кызыккандар көп. А бирок алар менен жогоруда айтылган, жерге байланыштуу көйгөйлөр чечилгенден кийин гана иштешип баштайбыз. Ага чейин каржылоо маселеси боюнча эч нерсе айта албайбыз.

Майрамгүл АКЫНКОЖОЕВА, практикант