Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча чемпионатта жеңишке жетти

Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча чемпионатта Улукбек Жолдошбеков алтын медаль утту (U-23).

Ал эркин күрөштө 61 килограмм салмакта күч сынашкан Жолдошбеков финалдык беттеште  индиялык спортчу Равиндер Равиндерди жеңген.

Эске сала кетсек, мурдараак кыргызстандык спортчу Селехаттин Сертти (Түркия), Валентин Блиасецкийди (Украина), Даулет Тажибайды (Казакстан), Рютаро Хаямону (Япония) жеңген.