ИИМдин ички аскерлери Ички коопсуздук аскер кызматы болуп түзүлдү

ИИМдин Ички Аскерлери ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы болуп кайрадан түзүүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

2014-жылы аскердик реформанын алкагында Ички Аскерлер Ички иштер министрлигинин карамагынан чыгарылып, Куралдуу күчтөрүнүн тутумундагы Улуттук гвардиянын курамына киргизилген.

«Ички Аскердин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу алардын өлкөнүн ички коопсуздугун камсыздоо боюнча күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон», — деп айтылат маалыматта.

Ушуга байланыштуу, 2018-жылы президенттин Жарлыгы менен ИИМдин Ички Аскерлери болуп кайра түзүлгөн.

ИИМдин ички аскерлери Ички коопсуздук аскер кызматы болуп түзүлдү: 1 комментарий

  • Ноябрь 1, 2019 в 9:42 дп
    Permalink

    Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков КР ИИМдин ички аскерлерин ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы болуп кайрадан т?з?? ж?н?нд? Жарлыкка кол койду.

Комментарии запрещены.