Арашан айылында “Чуңкурчак көчү-2017” фестивалы өтөт

Аламүдүн районунун Арашан айылында  “Чуңкурчак көчү-2017” фестивалы өткөрүлөт.

Иш-чараны быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында өткөрүү аталган айылдын тургундары тарабынан демилгеленген.  Бул демилгени “Супара” этно-комплекси жана “Кийиз дүйнө” коомдук фонду колдоого алган.

Анын негизги максаты кыргыз элинин байыркы каада-салтын чагылдыруу, көчмөн турмушту бүткүл дүйнөгө таанытууну көздөйт.

Фестиваль 17-июнда Чуңкурчак капчыгайында өткөрүлөт.