С.ЖЭЭНБЕКОВ: «Патрулдук милиция — мамлекет менен жарандык коом биргелешип жасаган ийгиликтүү долбоор»

Кечээ Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы санариптешкен командалык борборуна барган учурда Президент Сооронбай Жээнбеков мына ушундай пикирин айтты.

Ал жерде Бишкек шаары боюнча Патрулдук милиция кызматынын сынамык долбоорунун бет ачары болду. Президент өз сөзүндө жол жана коомдук коопсуздукту камсыз кылган ички иштер органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунушту даярдаган жана ишке ашырган эксперттик топко ыраазычылыгын билдирди.

Ал 2018-жылы июлда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда жол коопсуздугун камсыз кылган милициянын түзүмдүк бөлүмдөрүн реформалоо боюнча сунуш келип түшкөнүн эске салды. Кийинчерээк эксперттик жумушчу топ түзүлүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрү кирген. Жумушчу топ бир катар ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн үстүндө иштеди. Эми биринчи жолу ачыкайкын конкурс аркылуу патрулдук милиция кызматкерлери тандалып, ишин баштап жатат.

Президент жол коопсуздугун камсыздаган милиция кызматкерлерине карата нааразычылыктарды эске алуу менен сынамык долбоорду ишке ашыруу башталганын баса белгиледи.

«Азыр башкы талап — бул коомдук тартипти сактоо, жарандар менен натыйжалуу мамиледе болуу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, алар менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту бекем сактоо. Эң башкысы — жарандардын милиция­га ишенимин кайтаруу», — деди ал.

Мамлекет башчы үстүбүздөгү жылдын аягына чейин долбоор Бишкек шаарын толук камтып, келерки жылы Ош шаарында жана андан кийин өлкө боюнча ишке ашырыларын кошумчалады.

Андан кийин Президент Командалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев маалымдагандай, борбор жарандарга ыкчам маалыматтарды берүүнү камсыздап, кылмыштын бетин ыкчам ачууну жогорулатат. Ал коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мониторинг да жүргүзөт. Ошондой эле жарандардын билдирүүлөрүнө ыкчам жооп берүүгө, жарандардын арыздарын, кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачууну жогорулатууга багытталган.

Бет ачаар учурунда жарандардын өздүгүн аныктоо жана жүзүнөн таануу системасы, анын ичинде издөөдө жүргөн жана бул технологияларды колдонуу менен таанылган жаранды кармоо көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, гранттык каражаттарды тартуунун эсебинен Бишкек шаарында жүзүнөн таануу системасы менен 20 видеокамера орнотулду жана бүгүнкү күндө борбордун коомдук жайларында иштеп жатат.