Парламент апта ичинде: Эл өкүлдөрүндө эмне кеп?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


 Ун эмнеге кымбаттады?

Ун негизги азык-түлүк болгондуктан анын кымбатташы коомчулукту тынчсыздандырды. Депутат Айнуру Алтыбаева Өкмөт ундун баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүшү керектигин айтты. Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун айтымында, Өкмөттүн токтому менен социалдык мааниге ээ болгон 14 позициядагы азык-түлүктөрдүн тизмеси бекитилген. Ошондуктан, аларга мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген. Бирок, мамлекет товардын наркы 30 күндүн ичинде 20 пайыздан ашуун көтөрүлүп кеткен учурда гана кийлигише алат. Акыркы айда ундун баасы орто эсеп менен 3,5 пайызга, ал эми айрым аймактарда 17 пайызга көтөрүлгөн.

Алты айылдын көйгөйү

Депутат Аида Исмаилова Ысык-Көл облусундагы ЖетиӨгүз районунун Жети-Өгүз, АкКочкор, Желе-Дөбө, Чырак, Кабак, «Жети-Өгүз» курорту айылдарынын айылдык кеңештеринин депутаттары менен жолугушту.

Анда таза суу маселеси, аталган айылдардан бешөөнү бириктирүүчү Чырак-Кабак жолунун начар абалы, жайыттардын тартыштыгы жана картошканы кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча сунуштар айтылды. Мындай ишкананы куруунун зарылдыгы былтыркыдай эле картошка айдаган дыйкандардын эмгектери талаага кетип жаткандыгынан келип чыккан. Кабак айылында жер алдынан көтөрүлгөн суу да жергиликтүү тургундарды өзүнчө бир түйшүккө салып жатат.

Түп–Каркыра калыбына келтирилмекчи

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы регионалдык катнаштарды жакшыртуу программасынын 3-фазасын (БАРКЖП-3) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Аталган 55 млн. долларлык долбоордун алкагында “ТүпКаркыра көзөмөл өткөрүү жайы” унаа жолун, Каркыра капчыгайында жайгашкан туристтик лагерге алып баруучу жолду калыбына келтирүү, жолду тейлөө үчүн керектүү жабдыктарды сатып алуу, Жарандык авиация агенттигинин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө жана Кыргыз авиация институтунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу каралууда.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында беш туристтик кызмат көрсөтүү борборлорун куруу жана Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүгүүсүн колдоо компоненти да каралган.

Аялдардын мандаты – аялдарга гана

Эл өкүлү Аида Касымалиева Конрад Аденауэр атындагы фонддун аймактык өкүлү Ронни Хайне менен жолугушуу учурунда Жогорку Кеңеште көп жылдардан бери айым депутаттар форуму такай иш алпарып, аялдар квотасы, үй-бүлөдөгү зомбулук, балдарга жөлөк пул чегерүү, эрте никеге туруу, гендердик теңчилик сындуу бир катар социалдык маселелерди көтөрүп келатканын айтты. Ал: «Өзгөчө парламенттик шайлоолордо аялдарга атайын квота белгилөө маселеси байма-бай көтөрүлүүдө. Азырынча жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 30 пайыздык квота берүү маселеси чечилди. Ал эми парламенттик шайлоо партиялык тизме боюнча өтө тургандыктан, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган аялдардын мандаты аялдарга берилмей болду», — деп кошумчалады.