Маданият каармандары майданда

“Жеңиш–75” майрамына карата “Эстутум кербени” жүрүшүн “Каарман аталарды даңктайлы” урааны менен ушул жылдын 9-майында же 22-июнда же Панфилов дивизиясы уюштурула баштаган 20-июлда, эч болбосо Ч.Түлөбердиев эрдик жасаган 6-августтан баштап өткөрүүгө ким каршы чыкмак. Болбосо, 28 баатыр эрдик көрсөткөн 16-ноябрдан деле иш-чараларды демдүү баштасак кеч эместир. Биринчи бөлүгүн 23-февралга чейин божомолдоп, андан кийинкиси 9-майда жыйынтыкталса, Ата Мекендик согуштун курмандыктарынын арбактары, саналуу калган согуш ардагерлери өздөрү ыраазы болмок.

Бул үчүн согуш маалындагы концерттик бригадалардын фронттук сапарларын кайталоо менен алардын репертуарына кирген жана кийинки чыгармалардан түзүлгөн адабиймаданий концерттик “Эстутум кербени” жүрүшүн Беларусь, Украина, Россия жергесинде уюштуруу Совет элдеринин тарыхы, жеңиши бир экендигин эске салуудан тышкары, азыркы улуттар аралык достукка данакер болуу менен экономиканын кыймылдаткыч күчү болуп жаткан эмгек миграция мамилесин жөндөөгө да зор салым кошмок.

Майданга согуш убагында концерттик жети бригада барып, 2700дөй концерт койгондон тышкары, айрым ырчылар Панфилов дивизиясынын бөлүктөрүнө аскердик кызмат өтөөгө да калышкан. Мисалы, Канипа Алиева согуш талааларынан беш жүздөй жарадар жоокерди алып чыгуу менен алардын өмүрүн сактап калганын азыркы муундардын эсине салуу, үлгү тутуу таалим-тарбиянын туу чокусу эмей эмне?

Ошол талант ээлери: Канипа Алиева – опера жана балет театрынын артисти; Кынар Эралиева – Москва консерваториясынын студенти; Ася Исаилова – филармония солисти жана С.Айманбетов, А.Огонбаев, М.Баетов, С.Кийизбаева, А.Үсөнбаев, К.Күмүшалиев, А.Жумакматов, Ш.Усубалиев, Т.Мусаева жана башка ондогон маданият, адабият өкүлдөрү болушкан. Ал эми согуштун медицина кызматынын капитаны Рафа Айдарбекова кийин кыргыз медицина илимине да кыйла салым кошкон эмеспи .

Азыркы Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинин этнографиялык экспонаттарын топтоо, боз үйлөрдү жасалгалоо өңдөнгөн негизги иштерин түптөгөн Тамара Мусаева эжеке согуш маалында зениттик артиллерияда кызмат өтөгөн. А бирок согуш жана эмгек ардагеринин жаркыраган орден, медалдары ал күндөрдүн оор да, сыймыктуу да убагына күбө.

Согуш убагында басма сөз каражаттарында, анын ичинде азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинде эмгектенген, КРнын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Курман Кыдырбаеванын кол жазмалар сакталган сандыгы маданият менен майдандын байланышын чагылдырган үч бурчтуу, фронттон жазылган каттарга да бай болгон. Дээрлик жарым кылым сары майдай сакталган каттар 1995-жылы жазуучу эжекебиз Токтош Абдиеванын арыбас аракети менен өзүнчө жыйнак катары чыгарылган. Ал жыйнакка фронтто жүргөн 21 акын, жазуучунун, журналист жана башка маданият өкүлдөрүнүн майдандагы жеке тагдырын, кыргыз адабияты менен маданиятына көз караштарын чагылдырган кыска-нуска ойлору камтылган. Айрым кат ээлерин атай кетсек: А.Алдашев, А.Куттубаева, Ж.Жамгырчиев, К.Дыйканов, Ш.Кулов, И.Байымбеков ж.б.

Согушка акын жазуучулардан 44, журналист жана искусство өкүлдө­рүнөн 17, сүрөтчүлөрдөн 16 адам катышса, концерттик программа менен баргандардын саны кырктын ары, бери жагында. Бул кан майданга Сагынбай манасчынын уулу Аманкул да катышып, 20 жашында курман болгон. Аманкул 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен маданиятынын I декадасына 16 жашында катышып, ата талантын улантаарын даана тастыктап койгон.

Соңку маалыматтарга таянсак согуштан кайтпай калган кыргыз адабияты, маданияты жана басма сөз өкүлдөрү: М.Элебаев, Ж.Турусбеков, К.Эсенкожоев, Ж.Жамгырчиев, Ж.Ашубаев, Ө.Жетикашкаев, А.Хусаинов, А.Сагынбаев. Ал эми “Советская Киргизия” гезитинин курман болгон журналисттери: Федор Скорев, Борис Петров, Дмитрий Кононов, Владимир Григорьевге арналып 1950-жылы эле редакцияга эстелик такта орнотулган. Мындай эскерүү вазийпасын башка редакциялар, чыгармачыл союздар да колго алышса жакшы болмок.

Памирбек КАЗЫБАЕВ, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин
Улуттук маданий борборунун басма иштер башчысы