Реформанын күңгөй-тескейи: Соккунун баары эле сотко тийгени турабы?

Келерки жылы мамлекетибизде маанилүү саясий окуя болмокчу, кыргыз парламентин шайлайбыз. Парламентке ат салышкан партиялардын электоратты өз жагына тартуунун бирден-бир ыңгайлуу көзүрлөрүнүн бири бул ирет да сот тутуму болоору айдан ачык. Өздөрүнө мындай саясий упай чогултуунун ыкмасын – бирин-экин мисалдар менен бүтүндөй системаны “мокочо“ кылып көрсөтүүгө аракет кылгандарга бөгөт коюуга мезгил келип жеткен сыяктуу.

Өлкөбүздүн сот тутумунда башталган реформалар кандай натыйжаларды берип жатат? Сот тутумунда (www.sot.kg жана act.sot.kg) сайттары ачылып, ар бир судья караган иштерин сайтка коюуга милдеттендирилген. Интернетке туташкан ар бир жаран өздөрүн кызыктырган сот отурумунун жыйынтыгы, анда кабыл алынган чечим же өкүм менен ошондой эле тигил же бул соттук отурум кайсыл күнгө каралары же жылдырылгандыгы тууралуу да маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү системалуу турмушка ашырылып келет.

Бул биринчиден, судьялардын ар бир караган иш боюнча мыйзам чегинде адилеттүү жана калыс чечим чыгарганга шарт түзсө, экинчиден, ал коомчулукта сот адилеттүүлүгүнүн ачык-айкындуулугуна багытталган. Ал эми үчүнчүдөн, аталган сайтка жарыяланган сот актылары, айрыкча судьялык корпуста жаңыдан иш баштап жаткан судьялар үчүн сот өндүрүшүндө өз ара тажрыйба алмашуусуна да кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканы белгилүү болуп олтурат.

Үстүбүздөгү жылдан баштап, санариптештирүүнүн алкагында дээрлик бардык соттордо автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргизилип, сот тутумуна келген доо арыздардан баштап, каралуучу иштерди судьяларга бөлүштүрүү санариптик система аркылуу ишке ашырыла баштады. Дагы бир орчундуу маселе сот тутумундагы ачык айкындуулукту жакшыртуу багытында (аудио жана видео жазуулар) ар бир сот отурумдарынын үнү менен видеосу тиешелүү техникалык каражаттар аркылуу тартылып жазылып, аларды санариптик базада сактоо боюнча иштер башталып жатат.

Реформанын талаптарына ылайык, үстүбүздөгү жылдан баштап сот өндүрүшү жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен иш алып барып баштады. Алардын мурдагы кодекстерден жана мыйзамдардан артыкчылыктары менен кемчиликтери реалдуу турмуш менен аралашканда чыга баштагандыгы, андыктан алар өзгөртүүлөр менен толуктоолорго муктаж экендиги билинди. Биз бул жерден айталы дегенибиз жаңы кодекстердеги айрым мыйзам жылчыктарын пайдалануу менен ири өлчөмдө пара менен кармалгандардын, жаңы ачылган жагдайлар менен жаза мөөнөттөрү кыскарган учурлар кайра эле сот системасына көлөкө түшүрүүдө. Тагыраак айтканда, кайра эле келип “Жакшылыгы Жаанбайда, жамандыгы Мөөнбайда“ деген маселе пайда болуп жатат.

Биз сөз кылып жаткан жаңы кодекстер менен мыйзамдар кимдер тарабынан даярдалганын, ал Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан окуудан өтүп жактырылып, тиешелүү процедуралар менен анан сот өндүрүшүнө киргизилгени катардагы карапайым жаранды кызыктырбасы да белгилүү. Кеп жаңы ачылган жагдайлардын аркасы менен жаза мөөнөттөрү кыскарып же болбосо айып пулдар менен бошоп кетип жаткандардан улам, ошол эле катардагы жарандын түшүнүгүндө сот тармагы “крайний” болуп жаткандыгында болууда.

Укуктук мамлекетти түзүү жана анын принциптерин турмушка ашыруу процесси кайсыл гана өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан алып карабайлы, сот өндүрүшүндөгү кабыл алынган чечимдердин натыйжалары менен да өлчөнүп баа берилет. Ар бир судьянын көз карандысыз, келишпөөчүлүк жана калыстык менен адилеттүү чечим кабыл алуусу дал ошол мыйзам үстөмдүгүнүн эталону катары коомчулукта кабыл алынат. Ал мындан сырткары укуктук мамлекеттин пайдубалын бекемдөөгө жана өлкөдө туруктуулукту камсыздоого алып келет.

Демек, учурда бийликтин бул бутагына дүңүнөн айтылган дооматтар эмес, конкретүү биргелешкен жардамдар керек! Биргелешкен жардамдар гана келечекте элдин сот тармагына болгон ишенимине алып келет.

Барктабас БЕЛЕКОВ