Жайыл районундагы кант кызылчасын кабыл алуу жайынын башчысы Ишенбек АМАНОВ: «Үзгүлтүксүз иштеп жатабыз»

Болот ЖУМАГУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Дыйкандар кант кызылчасын жыйнап, кабыл алуу жайларына тапшырууда. Айрым райондордо чийки заттарды кабыл алууда үзгүлтүккө учурап, дыйкандар түшүмдөрүн тапшырууда күндөп-түндөп кезекке турушканы, ошондой эле тараза менен лабораторияда да кемчиликтер орун алгандыгы жөнүндө телеберүүлөрдө берилген. Ушундан улам кабарчыбыз Жайыл районундагы кант кызылчасын кабыл алуу жайында болуп, анын башчысы Ишенбек Аманов менен маектешти.

– Ишенбек Акматович, кабыл алуу жайынын жалпы жамааты, техникалары, ошондой эле иш процесси менен тааныштыра кетсеңиз?

– Кабыл алуу жайын 2011-жылы ачканбыз. Лабораториябызда 3 лаборант, 1 химик, таразада 3 адам, 3 механизатор, 6 жумушчулар ж.б. болуп бардыгы 31 адам иштейбиз.

– Кабыл алууну бул жерге ачуунун максаты эмнеде эле?

– Дыйкандардын түшүмдөрүн алыскы КайыңдыКант ишканасына ташытып убара кылбай, район ичинде кабыл алуу максатында ачылган. Бул жер Кара-Балта шаардык ун комбинатынын жүгөрү кургаткан жайы экен. Кийин жүгөрү жок, бош тургандыктан, ижарага алганбыз. Ошондон бери бул жерде кабыл алуудабыз. – Жакында айрым райондордун кабыл алуу жайында орун алган кемчиликтер күндөп-түндөп кезек күткөндөр ж.б. көйгөйлөр жөнүндө телеберүүлөрдө көрсөтүлгөн.

— А сиздерде жагдай кандай?

– Бизде мындай маселе жок. Техника деген техника. Албетте, сынат, бузулат. Андай кезде тетиктерин таап оңдогончо бир саат, жарым саат токтоп турууга туура келет. Бул жагдайды тапшыруучулар да туура түшүнүүлөрү абзел. Азырынча таң эртеден түнкү саат 11.00дөн 12.00гө чейин кызылчаларды кабыл алып, бир да дыйканды түнкүгө калтыра элекпиз.

– Кызылча тапшыруучулар кайсы райондордон болуп жатат?

– Негизинен Жайыл районунан. Москва районунун жакын айылдары бизге, Сокулук районуна жакындары Сокулуктун “Кошой” заводуна тапшырышууда.

– «Тараза так эмес. Лабораторияда кызылчанын тазалыгын аныктоодо пайыздар жогору болуп жатат» деген сөздөр да айтылып келет.

– Кабыл алуу башталганда таразалар мамлекеттик стандарттык текшерүүдөн өткөн. Ким күмөн санаса, текшертишсин. Кызылча тартуу убагында таразада турушсун, катышсын, каршылык жок. Ал эми лабораториялык анализге ар бир тапшыруучу катышууга акысы бар, милдеттүү да. Туура эмес текшеришсе, айтышсын, чара көрөлү.

– Учурда лабораториялык текшерүүдө кызылчачылардын анализдик пайызы канча болуп жатат?

– Мына, анализди караңыз. 6-7 пайызды көрсөтүп жатат. Башка кабыл алуу жайларына караганда бизде төмөн. – Лабораториядан кызылчалардын тазалыгы 10-12 пайыз деген дооматтарын кантип түшүнсө болот? – Мындай көрсөткүч кызылча карга калган же үшүккө чалдыккан мезгилде болбосо, башка мезгилдерде болбойт. Кызылчаны сугарып туруп же жамгырдан кийин казган мезгилде топурагы көп болот. Ошондой эле жалбырактары таза аарчылбаган учурлар да кездешет.

– Завод ээлери дыйкандар менен тапшырган кызылчалары үчүн кандайча эсептешет?

– 2018-жылы тапшырылган кызылчанын 50 пайызы акчалай берилсе, 50 пайызы кант, кумшекер менен берилген. 2019-жылы заводдун каржы маселесине байланыштуу 28 пайызы 3 сом 10 тыйындан, 12 пайызы чечилүү үстүндө, калган 60 пайызы кийин кумшекер менен берилет.

– Жайыл районунун айрым дыйкандары Кайыңды-Кант ишканасында 5-10 тыйын кымбат экен дешип, жолдун алыстыгына карабай ал жакка тапшырган учурлар да бар экен. Сиздерде кабыл алуу баасы канчадан?

– Бизде 1 тонна кызылча 3 сом 10 тыйын, “Кайыңды-Кантта” 3 сом 20 тыйын. Бизде 1 тонна кызылчага 74 килограмм кумшекер берсе, “Кайыңды-Кантта” 76 килограммдан берилет.

– Айырмасы эмнеде?

– Айырмасы өздүк нарк бизде кымбат. Сезон бүткөндө жыйналган кызылчаларды “Кайыңды-Кантка” өз унаабыз менен жүктөп, жеткирип беребиз. “Кайыңды-Кантта” андай жок. Түз эле кабыл алынат. Чыгым жок. Өздүк нарк арзан, ошон үчүн кабыл алуу баасы 3 сом 20 тыйын.

– Москва районунун кабыл алуу жайында өздүк нарк кандай?

– Ал жактан “Кайыңды-Кантка” поезд менен ташыргандыктан, биздикине караганда арзан. Биз да поезд менен жеткирүүнү эсептеп көрдүк. Бирок, биздин аралык жакын болуп, унаа менен жеткиргенге караганда кымбатка түшкөндүктөн унаа менен эле жеткирүүдөбүз. Бизде эң негизги нерсе – кабыл алууну үзгүлтүккө учуратпай, кызылчаларды кабыл алуу, аларды карга калтырбай, үшүккө алдырбай “Кайыңды – Кантка” жеткирүү. Бул маселенин үстүндө жалпы жамаатыбыз менен ишке эрте келип, кеч кетип, түнкү саат 11- 12ге чейин иштеп, бардык кызылчаларды кабыл алып, анан үйгө кетип жатабыз.

– Кабыл алуунун мезгили бүткөндө эс алууга чыгасыздарбы?

– Лаборанттар, механизаторлор, таразачылар ж.б. убактылуу эс алууга чыгышат. Биз үч адис бир айлык өргүүдөн келгенден кийин кызылча өстүрүүчүлөр менен иш алып барабыз. Дыйкандарды Германия, Франция өлкөлөрүнөн алып келинген уруктар менен камсыз кылып, келишим түзөбүз. Техникаларды күзгү кабыл алууга даярдап, эч токтоосуз иштей беребиз.