Нан кымбаттады: ызы-чуудан башы чыкпаган Айыл чарба министрлиги эмнеге унчукпайт?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Интернет сайттардын бири июль айынын капортосунда Бишкектин гипермаркеттеринде, же тагыраагы “Дордой-Плазадагы” «Фрунзе» гипермаркетинде кебек кошулган нандын баасы 2 эсе көбөйгөнүн жазып чыккан. Журналисттик иликтөө учурунда, өз кезегинде “Фрунзе” гипермаркети кебек кошулган нан июнь айында 15 сом турганын, 1-июлдан кымбаттап, элдин суроо-талабынан кийин 21 сомдон сатыла баштаганын айтып түшүндүрмө берген.

Минтип, июль айында эле гипермаркеттердеги кымбаттаган баа эми октябрь айында көчө бойлорундагы наабайканаларга, камокторго да жетти. Тандыр нандын баасы октябрдын башында эле 15-20 сом эле, азыр 19-24 сомдон сатылып жатат. Бишкектин ар кайсы жерлеринде ар кандай баа коюлган. Бир жеринде тандыр нанды 20- 26 сомдон сатса, башка жерлерде 1-2 сомго ылдыйраак. Айтор, башаламан. Туруктуу баа жок, наабайчылар менен сатуучулар бааны канчадан коерун билишпей, өздөрү чайналууда.

Нандын баасынын өскөнү ундун баасынын өсүшү, ундун баасы болсо өз кезегинде буудайдын баасынын өскөнү менен байланышканы эч талаш жаратпайт. Ушундан улам, КРнын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине кайрылдык. Атаандаштык чөйрөсүн анализдөө жана ЕЭК менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шустикова Лариса Юрьевнанын айтымында, Кыргызстандын территориясында ундун жана буудайдын баасынын кымбаттаганы сырткы фактор, Казакстан менен байланышкан. 2018-жылы күздө, 2019-жылдын жазында Казакстанда буудай эки эсе аз себилген жана түшүм да эки эсе аз алынган. Мунун өзү Казакстанда буудайдын жана ундун кымбатташына алып келген. Буудай жана ундун биздеги баасы эмне үчүн Казакстан менен байланышкан? Себеби бирөө гана, Кыргызстан буудайдын 90%пайызын жана ундун 25%ын Казакстандан алат. Демек, Казакстанда дан эгиндерине болгон баанын өсүшү Кыргызстандын ички рыногуна да түздөн-түз таасир эткен.

“Дан азыктары, анын ичинде нан азыктары социалдык мааниси бар товарлар. Биз аны түшүнөбүз. Арийне, нан рыногу – атаандаштык рыногу. КРнын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги нанга баа кое албайт, бааны чектей да албайт. Буга мыйзам жол бербейт. Ун жана нан азыктары бизде гана кымбаттаган жок, Россияда, Беларуста да кымбаттады. Биз дан жана нан рыногуна тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатабыз. Учурда нандын баасынын өсүшү 11%ды түзөт. Эгер баа 25%ке өскөн болсо, анда өкмөт кийлигишип, бааны жөнгө салуу аракеттерин көрөт. Материалдык резервдерди пайдаланат. Азырынча биз ун чыгаруучулар менен бааны кымбаттатпай кармоо туурасында сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Алар азыр Казакстандан башка да жактардан ун азыктарын алуу рыногун издеп жатышат” – деди КРнын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин атаандаштык чөйрөсүн анализдөө жана ЕЭК менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Л.Ю.Шустикова.

Бөлүм башчы айткандай, дан жана ун азыктары Россияда да кымбаттаган. Алсак, Россияда, август айында нандын баасынын өсүшү 7,7%ды түзгөн. Беларуста ун жана нан кымбаттаганы тууралуу маалымат таба алган жокпуз. Аларда 2012-2013-жылдарда ушул куду биздегидей “бум” болгон экен. Беларуста бул күздө “бензин кымбаттайт” деп санаа тартып жатыптыр.

Россияда буудайдын жана ундун кымбаттай турганы тууралуу ала жаздан баштап айтыла баштаган. “Комсомольская правда” гезити нан бышыруучулардын маалыматына таянып, февраль айында эле Россияда нан 20%га кымбатташ керек деп жазып чыккан. “КП” социалдык сорттогу бөлкө кымбаттайт же кымбаттабайт деген суроого үч вариант айткан: “Первый – цены на хлеб все-таки вырастут. Второй вариант – хлебопеки в борьбе с убытками начнут снижать качество хлеба. Третий вариант – все останется как есть, но это грозит банкротством части предприятий. Кстати, и без социальной нагрузки ежегодно банкротится 15-20 региональных хлебокомбинатов”. Андыктан, “Руспродсоюз” азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр жана камсыздоочулар ассоциациясынын өкүлү И.Нагайцеванын нандын баасынын кымбаттаганын буудайдын жана ундун кымбаттаганы менен байланыштырып түшүндүрмө бергени алар үчүн жаңылык деле болгон жок. Россияда нандын кымбаттай турганы тууралуу жыл башынан бери эле сөз болуп, калайык-калк ага даяр болуп калган.

Бизде адаттагыдай эле, поезддин артынан түшүп чуркагандай нан кымбаттагандан баштап, Кыргызстан буудай жана ун менен өзүн-өзү камсыздай албай турганын, тышкы факторлордон көз каранды экенибизди, аларда баа кымбаттаса, бизде да кымбаттай турганын эстедик.

“Нан кымбаттайт” деген кабар көп жылдардан бери нан кымбаттабаган кошуна Өзбекстанды да аралап жүрөт. Аларда нан 1500 сумга же 16 АКШ центине же 11 кыргыз сомуна кымбатташы ыктымал экен. Айтымда, аларда 2018-жылдын сентябрына чейин нан баасы 600-650 сум же 5 кыргыз сомунан жогору болбой келип, былтыр гана апрелде бир аз кымбаттаса керек эле, эми нандын баасы дагы көтөрүлөт деген сөз бар.

Tengrinews.kz.нын билдиргенине караганда, дың жеринин баары буудайлуу талаага айланган казак баурларда да нан кымбаттайт: азыр Казакстанда нан регионуна жараша 75-78 тенгени түзсө, эми 80-82 тенге болушу ыктымал.

Кыскасы, бүгүн нан кымбаттады, жан да кымбаттайбы деген суроо кабыргасынан сөгүлүп туру. Айрым азаматтар нандын жана ундун кымбаттаганын дароо мугалимдердин айлык акысы жана пенсионерлердин пенсиясы менен көбөйгөнү менен байланыштырып, “мына мугалимдердин айлыгы менен пенсионерлердин пенсиясын 300 сомго көбөйттү эле, эми анын эсесине унду 300-400 кымбаттатып, нан да кымбаттады” деп кылдан кыйкым тапкандай, түз жерден саясат издеп жатышат.

“Нан кымбаттады” деген маселеде нандын кымбаттаганынан да чоң маселе бар. Буудайдын 90%ын жана ундун 25%ын Казакстандан импорттогон Кыргызстан үчүн кошуналарда экспортко чыгаруу үчүн жыйнаган буудайы жетиштүү болобу же аларда буудай жетиштүү жыйналбай калабы деген суроо туулат. Эгер, Казакстан жыйнаган буудайдын түшүмү өздөрүнөн артпай турган болсо, анда алар буудайын алтынга да сатпайт. Себеби, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу маселеси өлкөнүн бүтүндүгү сыяктуу эле чоң маселе. Бул бир. Экинчи маселе, “Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жокпу, мамлекеттин матрезервинде эмки жылдын күзүнө чейин буудай жана ун азыктары жетиштүүбү?” Бул суроого КРнын өкмөтүнө караштуу материалдык резервдер фондусу арай көз чарай эл алдында так кесер жооп бериши керек.

Үчүнчүдөн, буудайдын жана ундун кымбаттаганы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин ишмердигине келип такалып, дагы бир ирет аталган мекеменин ишинин ишпалдасы чыкканын дагы бир жолу тастыктайт. Эгер, аталган министрликтин отчетторун аңтара турган болсок, андан жыл сайын баланча тонна буудай жыйналып, азык-түлүк коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок деген сөздү табабыз. Кыргызстан буудай жана ун маселесине келгенде, тышкы фактордон, Казакстандан көз каранды экени айтылбайт.

Арийне, бүгүн турмуш чындыгы бизге көп нерсени ачыктап койду. Эгер, Казакстан, Россия, Беларуста эгиндин түшүмү жакшы болуп, өздөрүнөн ашыгыраак жыйналган болсо, анда жакшы, буудайдын жана ундун баасы кымбаттыгына карабай, ушул таптан сатып алууга туура келет. Эгер, аларда түшүм аз болсо, анда жазга карата буудайдын жана ундун баасы экиүч эмес, андан да көбүрөөк эсеге кымбаттап кетиши, а мүмкүн табылбай калышы ыктымал. А чет өлкөдөн, океандын ары жагынан ташып келгенге биздин чама-чаркыбыз жетеби? Албетте, жетпейт. Барып-келип эле күч өкмөткө түшөт. А ошол эле учурда бул ишти түздөн-түз көзөмөлгө алып, ала жаздан айгай салып, камылга көрө турган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин башы ызы-чуудан жана интригадан чыкпай, ордунан козголоор ою жок отурганы өтө өкүнүчтүү. Бул фактынын өзү аталган министрликте терең реформа керектигинен кабарлайт.