Энергетиканын күнгөй-тескейи: АЭСтерди куруу пайдалуубу?..

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,  “Кыргыз Туусу”


Борбор Азияда экологиялык кырдаалдын начарлап бара жатканына жарым кылымдан ашуун убакыт өттү. Чөлкөмдүн жаратылыш тартуулаган табигый-климаттык абалы – ээн кумдуу талаалардын, шамалдын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин мындай койгондо, Арал деңизинин жылдан жылга солуп бара жатканы аймакта экологиялык көйгөйлөрдү жаратууда. Аралдын деградацияга учуроосу – совет доорунда чөлкөмдөгү республикаларда чарбачылыктын туура эмес, сарамжалсыз жүргүзүлүүсүнүн натыйжасы.

Бир топ жылдардан бери Арал деңизинин тегерегинде жана Аралга куйган Сыр-Дарыя жана  Аму-Дарыя  сууларынын  жээгинде, ошондой эле кош дайранын бассейнинде жайгашкан калктуу конуштар экологиялык апааттуу аймак деп эсептелип жаткан учурда, чөлкөмдөгү элди дагы бир экологиялык тобокелчилик тынчсыздандыра баштады. Борбор Азияда атомдук электр станциясын куруу башталды.

АЭС куруу тууралуу Казакстан менен Өзбекстандын жетекчилери бир нече жылдардан бери өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет жана бул объекттерди кура турган жер дыкат каралууда. Өзбекстанда, өлкөнүн энергетика министрлиги жакында жарыялагандай, АЭС курулчу орун тастыкталган. Мурда төрт жер каралып жатса, эми Жизак облусундагы Тузкан көлүнө жакын жер тандалганы белгилүү болду. Бул жер Айдар-Арнасай деп аталган чоң көл системасынын курамына кирет. Курулушту баштоо 2022-жылга мерчемделген жана Өзбекстандын жетекчилиги өздөрүнүн ниетин ишке ашырууга белсемдүүлүк таанытууда.

Бул жаңылыктан кабардар болгон коңшу Казакстандын чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарда жашап жатышкан тургундары кыжалат болушууда. Негизи, эгер курулуш жүргүзүлчү болсо, бул жер бир жарым миллион калкы бар казакстандык Түркстан облусундагы элдин бир миллиондон ашуун бөлүгүн, андан тышкары, облус территориясындагы калкы миллиондон ашкан шаар (республикадагы үчүнчү миллиондук мегаполис) – облустун мурдагы борбору Шымкентти камтыган калк жыш жайгашкан аймак болуп эсептелет. Баса, станция курулчу жер 2,5 миллион калкы бар Өзбекстандын борбору – Ташкентке Шымкенттен да жакын. Ошондуктан, түштүк казакстандыктар гана эмес ташкенттиктер жана жизактыктар станциянын курулушуна көңүл кош эмес.

Албетте, постсоветтик мамлекеттердин учурда жашы улгайып калган тургундары Чернобыль АЭСинде болгон аварияны жакшы билишет. Мурдагы советтик өлкөлөрдүн өкмөттөрү ушул күнгө чейин кырсыктан кийин станциянын жарылган реакторунун кесепетин жоюу курулуштарында иштеген адамдарга – «жоюучулар» деп аталган контингентке жөлөк пулдарды жана компенсацияларды төлөп келишет. Ошондуктан, атомдук станцияларга тиешелүү россиялык технологияларга карата мурда Советтер Союзунун курамында болгон өлкөлөрдүн сактануу менен мамиле кылышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Ошондой эле, кийинки он жылдыкта Борбор Азия чөлкөмүндө тышкы террордук аракеттерден сак болуу ишчаралары башталды. Региондо мусулманчылыкты жамынган экстремисттик жана террордук уюмдар пайда болду. Алардын мүчөлөрү ДАИШтын курамында Сириядагы куралдуу күчтөрдүн катарына кошулуп, согуштарга катышууда. Андай согушчандар өз ата мекендерине келип, Сириядагыдай террордук аракеттерди уюштурбайт деп айтуу кыйын. Арийне, региондогу өлкөлөрдүн тиешелүү коопсуздук кызматтары бул боюнча катуу иштеп жатышат. Деген менен, сактануунун керектигине дүйнөдө болуп жаткан күтүүсүз кайгылуу окуя  лар күбө. Бир аз убакыт мурда Сауд Аравиясында согушчан хуситтердин дрон аркылуу өлкөдөгү ири мунай иштетүүчү заводго чабуул жасаганы Борбор Азия элин чочулатты. Сауд Аравиясы дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн бири. Аскердик чыгымдарынын көлөмү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлейт, Асманда чабуулдардан коргонуу боюнча өнүккөн системага ээ, ошентсе да абадагы чабуулга туруштук бере албады. Борбордук Азия өлкөлөрү демейдегидей заманбап куралдарга ээ болгону менен Парсы булуңундагы өлкөлөргө салыштырмалуу, террорчулукка каршы туруу тажрыйбасы аз. Деги эле, адистердин айтымында, эң мыкты деп саналган америкалык «Пэтриот» жана россиялык С-400 абада коргонуу каражаттары пилотсуз жана канаттуу ракеталардын чабуулдарынан өз объекттеринин  коопсуздугун толук кепилдей албайт, асыресе, эгер абада коргонуу системасы комплекстүү болбосо, аны жогору квалификациялуу тажрыйбалуу адистер тейлебесе. Эгер пилотсуз ракеталар жакын, бир нече чакырымдык аралыктан учурулса абал та таалдашат. АЭСти курууну жактагандар торлорду кайтаруу эң жогору деңгээлде болорун айтышат. Бирок, чабуул объекти  реактордун өзү эмес, иштелип чыккан ядролук отунду суутууга арналган бассейндер, ошондой эле аны убактылуу  сактоого арналган кампалар болушу ыктымал. Мындан тышкары аталган кырсыктуу окуя дан кийин ЖМКлар террорчулардын аскердик дрондорго оңой эле ээ болорун, алар бул пилотсуз куралдарды жетилтип жатышканын жазышууда. Ошондуктан, учурда дүйнөдө түзүлүп жаткан кырдаалдардан улам, атомдук электр станцияларына пилотсуз чабуул болбойт дегенге ишенүү кыйын. Калк жыш жайгашкан чөлкөмдө андай чабуул болгон жагдайда кесепети кандай болору белгилүү.

Борбор Азияда АЭС куруунун экономикалык жактан зарылчылыгы барбы деген суроо да жаралбай койбойт. Анткени, чөлкөмдө жаратылыш газы жетиштүү, ошондой эле күн жана шамал энергиясын пайдаланса болот. Мисалы, АКШда эң арзан энергия газды жагуудан алынат. Газ станцияларынан алынган электр энергиянын баасы бир мВт/саат үчүн 53-58 долл., шамалдыкы – 56 долл., суу электр станцияныкы – 66-96 долл., күн энергиясы – 74 долл., АЭСтики – 96 долл. АЭС-тикинен көмүр станцияларынын гана баасы жогору –123-140 долл. Бул – орточо баалар. Ар кандай булактардан алынган энергиянын бааларында аны өндүрүү шарттарына байланыштуу өзгөрүш кичине эле болушу мүмкүн, бирок «жашыл» энергиянын жалпыга бирдей артыкчылыктары бар: алар чукул кымбаттап кетпейт, өлкөлөрдүн мыйзамдарын дагы өзгөрүүлөр анча деле таасирин тийгизбейт, эң башкысы – кырсык болгон жагдайда зыяндын аздыгы. Жалпы алганда, «жашыл» энергетиканы каржылоо, тобокелчиликтин аздыгына байланыштуу, инвестор үчүн арзаныраак.

АЭСтерде мындай артыкчылыктардын ордуна олуттуу кемчиликтер бар. Айталы, ресурс тарды иштеткен соң бардык курулмаларды жана жабдууларды дезактивдештирүү зарыл. Бул кымбатка турат. АЭСти пайдалануунун жүрүшүндө иштелген отунду көмүүгө, кырсык болгон жагдайда өндүрүштүк чыгымдардан тышкары тургундарды эвакуациялоого, көчүрүлгөндөргө жана жабыркагандарга жардам берүүгө олчойгон каржы талап кылынат.

Жыйынтыктап айтканда, «макул» жана «каршы» аргументтерди таразалап, ошондой эле террордук чабуул ыктымалдыгынан улам коңшубуздун АЭС куруу чечимин терең ойлонулган аракет деп айтуу кыйын.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *