Илим күнү керекпи?

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Илгери совет маалында эл жаңы жазылган китептерди, илимий эмгектерди талкуулашчу экен. Азыр эки адамдын башы кошулган жерде саясаттын узун кеби башталат. Ошол себептен советтик замандагы кичипейилдик, маданияттуулук бизге жетишпей жатат окшойт. СССРден кийинки эркиндик жылдарындагы руханий боштукту толтуруп, коомду илим-билим дүйнөсүнө үндөөдө академик Абдылдажан Акматалиевдин эмгеги ат көтөргүс. Ал жетектеген Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда жасалган иштерге баам салып көрүп, бир чети ыраазы болуп, бир чети агайдын эмгекчилдигине таң калдым. “Манас” эпосунун ар кайсы варианттарындагы ондогон томдуктары, 40 томдон турган “Кыргыз адабият сериясы”, “Залкар акындар сериясы”, “Айтыштар сериясы”, Чыңгыз Айтматовдун томдуктары, энциклопедиялар, сөздүктөр ж.б. толгон-токой эмгектер бул – эртеңки муунга калуучу улуу мурастар. Бул эмгектер качан, кантип кайра басылганы тууралуу кийинки сандарыбызда кененирээк баян кылайын. Бул жолу Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси, аракети менен белгиленип калган 10-ноябрь Илим күнү тууралуу азын оолак кеп кылсак. Алгач агайдын 22 жыл илгери “Кыргыз Туусуна” жазган макаласын окуп алалы.

Кыргыз илиминин сыймыктана турган эң башкы көрүнүшү мөлтүр булак сымал дүйнөлүк илим дарыясына кошула алгандыгында. Математика, химия, физика, геология, биология, медицина, коомдук тармактардагы илимдер боюнча не деген адистер советтик илимий мектептен тарбияланып чыгышып, өздөрүнүн изденүүлөрү, табылгалары, ачылыштары менен жалпы адамзаттын илимин байытып келишпедиби!

Бүгүнкү окумуштуулар ошол традицияны улантып кете алышар бекен? Илимдин татаал, тайгак жолуна жаштардын келиши кандай? Эгемендүүлүккө жетишкенден бери илимдин ийгилиги барбы? Илимпоздордун саны менен конкреттүү илимдин сапатынын ортосунда байланыш барбы? Дегеле окумуштуунун кадыр-баркын көтөрүү үчүн кандай иш-чаралар көрүлүшү зарыл? ж.б.

Албетте, мындай суроолордун бардыгына оң жооп табуу кыйын. Анткени, чыныгы окумуштуулардын катары суюлгандан суюлуп баратса, «окумуштуу сымалдар» чырмоок сымал каптап баратат. Бирөөнүн китебинен өзүнүн китебин «жаратып» жаткандар мындан көп. Идиректүү, жөндөмдүү жаштар турмуштун айынан жогорку окуу жайларын бүтүшөрү менен рынокко кызыгып, бизнеске өтө качып жатышат. Аларды да түшүнсө болот, жалгыз курсактын айы алдыдагы максаттарын ойлонууга мүмкүндүк бербей жатат. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип» жатпайбы! Көп учурларда аспиранттык орундар аңгырап бош. Мурда аспирантурага тапшыруу деген илимдин каалгасын ачуу дегендик эмес беле! Сыймык болчу! Азыр аспирантурага тапшыруучулардын көпчүлүгү үч жылдык мөөнөттү убактылуу болсо “остановка” катары пайдаланышууда. Анан да аспиранттык стипендияны кошумча берилүүчү пособия деп эсептегендер да жок эмес. Жоопкерчилик, милдеттүүлүк азайып баратат. Мамлекеттин камкордугу кумга сиңген суудай житип кетүүдө. Ошондой эле жаштардын илимде жолун улап кетүүсүнө изилдөөчүлөрдүн жетекчилеринин ролу да чоң. Айрымдар жаштарды кыйнап, үйүн, дачасын салдырат. Анан ким чыдайт, илимден көңүлү биротоло калат. Ал эми «илимий кызматкер» деген абройлуу, кадырлуу сөз «жүдөгөн кызматкер» деген карапайым сөз менен алмашып бараткандай туюлат. «Сары кагазды саргая тиктеп», бир ой-идея таап алса, «энеси эркек туугандай» сүйүнгөн, «ийне менен кудук казып» отурган илимпоздор канчалык айлык алса, кымындай да пайда келтирбеген, үч жүз алтымыш беш күндө эки сап жазууга дарамети жетпей, жалкоолукка жеңдиргендер да дал ошондой маяна алып жатышкандыктары рынок экономикасына туура келбейт. Рынок экономикасы маңдай терин агызып, ак ниет иштегендер менен «эт менен челдин ортосунда» жүргөндөрдү асман менен жердин аралыгындай чекте бөлүшү керек. Антпесе, «бир саан уйду эмгек кылганы да, тентек кылганы да бирдей ээмп жатпайбы»?! Биздин шорубуз акты кара, караны ак дешсе унчукпай, оозубузга кум толтуруп алгансып отурабыз, жаман көрүнгүбүз келбейт. А эгер илимдин чегинде эле пайдалуу кеңеш айтып калсаң болду, номер биринчи душман болуп чыга келесиң. Илимдин объектиси менен предметинин тегерегинде дискуссия, полемика жүргүзүүнү билбейбиз, дароо эле турмуш-тиричилигиндеги жашоо турмушу, баскан-турганы, өңү-түсү, бою, арыгы-семизи ж.б. жөнүндө узун сабак «жомокко» кирип кетебиз. Илимпоздун этикасы менен илимий принципиалдуулуктун маанисин түшүнө бербегендер четтен чыгат.

Илимдин өнүгүшүнүн бир шарты – көз караштардын ар тараптуулугу, илимий пикир келишпөөчүлүк. «Талаштан тактык жаралат» дегендей, илимий изилдөөнүн объектисине, предметине байланыштуу ар бир пикир, жоромол, божомолдоо, гипотеза, аргументтер өтө баалуу. Илимдин чегине жеткен эч ким жок, ошондуктан кечээги жомок бүгүн реалдуулукка айланып, турмуштун элегинен, мезгилдин сыноосунан өтүп жатат. Илим да эскирет… Илимдеги адамдын критерийи бул – жазган монографиясы, илимий конференцияларга катышуусу. «Илим – өндүрүшкө» деген жакшы ураан болор эле. Ар бир илимий-техникалык жетишкендик дароо практикада колдонулуп, өзүнүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун көрсөтүп, коомчулуктун жашоо-тиричилигине пайдасы тийчү. Илимдердин өкүлдөрү айыл-кыштак аралап илимдеринин жаңы жактары, актуалдуулугу менен жаңычылдыгы, практикалык мааниси, маңызы менен тааныштырып, турмуш менен айкаштырып, байланыштырышып, өздөрү да моралдык чоң олжо менен кайтышар эле. Эсибизде, ар бир жылдын апрель айынын үчүнчү жумалыгында майрамыбыз жакындап, «Илим күнүн өткөрөбүз» деп дүрбөп калар элек. Дүрбөгөндүн жакшы мааниси – илимий жыйынтык чыгарылып, баа берилчү, келечек үчүн перспективалык пландар белгиленчү. Азыр ошондой эле отчеттор бар. Бирок эң башкысы «Илим» күнү жок. Кеп майрам күнүндө эмес, кептин баары «Илим» күнүнө карата илимпоздордун жоопкерчилигинде жана милдеттүүлүгүндө. Ар бир кызматкер үчүн «Илим» күнү Гималай, Памир, Тянь-Шань тоолорундай бийик сезилиши керек жана анын «бороончапкынына», «ызгаарына», «тар, тайгак жолуна» чыдоого аракеттенүүлөрү тийиш. Парадокс суроо туулат: медиктердин, геологдордун, соодагерлердин, айыл-чарба өндүрүшчүлөрдүн, басма сөздүн, энергектиктердин, шахтерлордун, теле-радио кызматкерлеринин жыл сайын белгиленген майрамдары бар, а эмне үчүн «элге берген куруттан, неге мени куруттуң» дегендей, илимий кызматкерлердин майрамдай турган майрамы жок. СССР менен кошо «Илим» күнүбүздү ойрондотуп, тоталитардык системанын калдыгы катары «оо дүйнөгө узатып» жибергенибизге жол болсун! Ачык жана баса айтканда «Илим» күнү бизге тайраңдап майрамдоо үчүн эмес, көз каранды эместик шартында республикабыздын илиминин өнүгүүсүнө камкордук кылуу үчүн керек. «Кыргыз Туусу», 9-январь. – 1997.

Анан качан, кантип Илим күнү пайда болуп калганы тууралуу Абдылдажан Акматалиевдин өзүнөн сурасам, мындай дейт: “Бир күнү Илимдер академиясынын президенти Жаныбек Жеенбаевич менен сырттан жолугуп калдым. – Жаныбек агай, менде бир идея бар эле, эгер ылайык көрсөңүз, ошону өзүңүзгө билдиргим келди эле, – дедим. – Ал кандай идея эле, кулак сенде, – деди Жаныбек Жеенбаевич мени жылуу тиктеп. – Мен 1997-жылы “Кыргыз Туусу” гезитине “Илим күнү керекпи?” – деген макаламды жарыяладым эле, ошону алып келейин, Сиз убакыт таап, окуп чыгасызбы? – дедим. – Мен гезиттердин көбүн эле окуйм, бирок эмнегедир ошону байкабай калсам керек, алып келчи, аны менен таанышып чыгайын, – дегенинен, эртеси эле макаланы ага алып келип бердим. Эки күн өткөндөн кийин ал мени кайра чакырып алып: – Сенин көтөргөн маселең абдан туура экен, мен аны толук колдойм. Чын эле, союз ыдырагандан бери “Илим күнү” унутулуп калды. Карасак, азыр көпчүлүк кесиптердин майрамдары белгиленип жүрөт. Бизге да “Илим күнү” сөзсүз керек. Мен муну өлкөнүн президенти менен сүйлөшүп көрөйүн, ал биздин сунушту колдойт деп ишенем”, – деп, мени аябай кубантып койду. Эки-үч күн өткөндөн кийин кечинде Жаныбек Жеенбаевич мени кабинетине чакырып, Илим күнү боюнча ошол мезгилдеги Президент Аскар Акаев менен сүйлөшкөнүн, ал макул болгондугун, 10-ноябрь белгиленип жатканын сүйүнүү менен кабарлады. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Н.Танаев кол койгон Илим күнү боюнча Токтом чыга келди. Көрсө, 10-ноябрь академик, Президент Аскар Акаевдин туулган күнү экенин кийин билдим. Ошентип Жаныбек агай маселенин оң чечилишине жетишкен.

Азыр бул фактыны чынында көбү биле бербейт. Мен да биринчи жолу укканда кызыгып калып, бул макаланы окурман журтуна сунуп отурам. Кыргызстан жаратылыш байлыктарына эмес, адам ресурсуна көбүрөөк таяныш керек деп көп эле айтылды. Акылы менен өлкөбүздү алыска тааныткан илим адамдары илгеркидей коомдун алдыңкы катмарына, каймактарына айланарына ишеним артып туралы. Келе жаткан майрамыңыздар менен, илимпоздор!