Парламент апта ичинде: Эл өкүлдөрүндө эмне кеп?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Кышка даярдык кандай?

Жогорку Кеңеште экономика тармактарын жана калкты 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Өкмөттүн маалыматы угулду.

Биринчи вицепремьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында апрель айында эле кышка даярдык көрүү жумуштары башталган. Жалпысынан 1 млрд. 141 миң тонна көмүр керектелсе, азыр 430 миң тонна көмүр бар. Жергиликтүү жана импорттук көмүр алууга келишимдер түзүлгөн. Ал эми Бишкек ЖЭБинде азырынча 136 миң тонна көмүр кору топтолгон. Ишкана ушу кезде 360 мВт кубаттуулугуна чейин электр энергиясын берүүгө даяр.

Андан тышкары, ушу тапта Токтогул суу сактагычында 17 млрд. 200 млн. куб суу топтолгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд. 966 млн. кубга аз, бирок кыштан чыгууга жетиштүү. Депутаттар быйыл суу аз топтолгонун, Токтогул ГЭСи жалпы өлкө боюнча электр кубатынын 40 пайызын берерин эске салышып, мындай абал кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгына алып келеркелбесине кызыгышты.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров былтыр суу көп болуп, Өзбекстанга 750 млн. кВт/саат электр энергиясы экспорттолсо, Казакстанга 270 млн. кВт/саат электр энергиясы экспорттолгонун, азыр кайра кайтарылып анын 182 кВт/сааты келгенин, жакынкы убактарда калган бөлүгү келерин жана казак тарап транзит акысына 56 млн. сом төлөгөнүн айтты.

Санариптештирүүнү жакшыртууга сунуш

«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирип, андан натыйжа болуп жатканына токтолгон депутат Марлен Маматалиев камера коюлбаган жерлерде МАИ кызматкерлеринин иши ар кандай жагымсыз аракеттер менен коштолуп жатканын баса белгиледи.

Эл өкүлү мындай жагдайдан чыгууда жол эрежесин бузган фактыларды мобилдик телефон менен фото-фиксация кылып, электрондук түрдө базага киргизүү боюнча атайын мобилдик телефонго тиркеме иштеп чыгууну сунуш кылды. Анын айтымында, мындай мобилдик тиркемени патрулдук милиция кызматкерлери дагы колдонсо болот. Эгер тиркемени иштеп чыгууда каржылык маселе чыкса, аны иштеп чыгууну жеке өзү колго аларын да айтты.

Ал эми депутат Махабат Мавлянова чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз айдоочу күбөлүгү сыяктуу документтерин жоготуп алып, кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтып, санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен жоготуп алган документтерин аралыктан калыбына келтирип берүүнү сунуш кылды.

Укугу корголбогон ак халатчандар

Депутат Бакыт Төрөбаев Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлеринин 92%ы иш ташташкандыгына токтолуп, бул бийлик бутактарына кагылган «коңгуроо» экендигин баса белгиледи.

Депутат алардын жазган арыздарында айлык маянанын аздыгы, тиешелүү шарттардын жоктугу, эң башкысы негизсиз текшерүүлөр болуп жатканы айтылганына көңүл бурду.

Эл өкүлү бул жагдай Баткенде ачык көтөрүлгөнү менен өлкөнүн башка аймактарында дагы курч турганын баса белгиледи. Эл өкүлү медицинага жаңы технологияларды алып келүү, бул тармакка илимий мамиле жасоо сыяктуу жаңычыл иштер жүрбөй жатканына токтолуп, республика боюнча саламаттыкты сактоодо жүрөк – кан тамырлар оорулары, өпкө, рак, кант диабети оорулары күч алып жатканын, эми депрессия менен жабыркагандардын саны көбөйгөнүн кошумчалады.

Ынтымак айылы ичүүчү сууга зар

Депутаттардын тобу Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү Кысык-Алма жана табигый кырсыктан улам көчүрүлүп келген Ынтымак айылындагылар менен жолугушту. Эл өкүлдөрүнө Ынтымак айылынын тургундары ичүүчү сууга жетпей кыйынчылык тартып жатышкандыктарын жана депутаттардын келерин угуп, суу чыгара коюшканын айтышкан.

Бул аймакка суу чыгаруучу насостук жабдуулар үчүн мамлекеттик бюджеттен 35 млн. сом бөлүнгөн. Насостук жабдуулар жыл айланбай керектен чыгып, эл кайра эле таза суусуз калышкан. Суу жок маалда жергиликтүү тургундар бир нече чакырым алыстыктан суу ташып келүүгө мажбур болушкан.

Депутат С.Келдибаев Эсептөө палатасына бул ишти тыкыр иликтөөгө тапшырма берилсе, болбогон айыппул төлөтүү менен чектелген жыйынтык чыгарылганын сынга алып, маселени күч органдарына тапшыруу зарылдыгын билдирген.