Көзөмөл-өткөрмө бекеттерин модернизациялоо – коррупциянын алдын алат

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Эгемендик мезгилинен бери айтылып келаткандай, күндөлүк ишмердүүлүгү калкыбыздын күмөнүн жараткан тармактардын бири ушул – бажы тармагы. Муну сылап-сыйпабай түз эле айтканыбыз оң. Акыры келип бир гана арга калгандай. Бул алдыңкы технологияны бажы системасына киргизүү менен анын ачык-айкын иштешин камсыз кылуу. Ушул максатта Ош облусундагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө жайына инспекторлук-кароо комплекси ишке киргизилип отурат. Аны Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү барып көрүп келди.

“Эркечтам” эми жаңыча иштейт

Өкмөт башчы кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө пунк-тунун атамекендик экономикадагы гана эмес, Евразиялык биримдикке кирген бардык өлкөлөр үчүн да өзгөчө ордун баса белгилеп кетти. Ошондой эле Премьер-министр бажы тармагындагы коррупцияга жол берилип жаткан жагдайды жашырган деле жок. “Бажыдагы бардык процедуралардын ачыктыгы гана коррупциянын тобокелчиликтерин төмөндөтөт”, – деген Өкмөт башчы, айрыкча кирген товарларды каттоонун атайын системасы жана ачыктык механизми болбой келгендигине токтолуп мындай деди: « Бүгүн биз борборлоштурулуп автоматташтырылган көзөмөлдөө системасы коррупциянын тобокелчиликтерин четтетип, онлайн режиминдеги бардык процедуралардын ачыктыгын жана тунуктугун камсыз кыларын көрдүк. Бул өзгөчө бажылык тариздөө убагында укуктары көп учурда корголбой калган ишкерлер үчүн маанилүү. Модернизациялоо товарларды декларациялоонун анык эместигине, бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдөгү ылдамдыктын төмөндүгүнө, ошондой эле коррупциянын тобокелдиктерине байланыштуу маселелерди четтетүүнү шарттайт».

Жаңы коюлган инспекторлук-кароо комплекси аныгында эле укмуш технология окшойт бир жүк тартуучу машинаны 199 секундда кароодон өткөрүп, бардык дасмиясын алдыңа жайып коет экен.

Тогуз жолдун тоомундагы “Торугарт”

Кошумчалай кетсек, мындай көзөмөлөткөрмө жайларын заманбап техникалар менен жабдуу Кыргыз Республикасынын интеграциялык биримдикке кошулуусунун «Жол картасында» каралган. «Жол картаны» жүзөгө ашыруунун алкагында Россия тарап Кыргызстандын көзөмөл-өткөрүү бекеттерин материалдык-техникалык жактан жабдууга, анын ичинде «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекетин модернизациялоого 127 млн. АКШ долларын бөлгөн. Бүгүнкү күнү учурдагы 14 көзөмөл-өткөрмө жайынын ичинен 12си модернизацияланган. Алардын алтоо стационардык инспектордук-көрүү комплекси менен жабдылган.

Жуманын башында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышып, мындагы жүктү кароо үчүн жаңы орнотулган стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекс Бажы кызматынын ишин ыкчамдатууга жана анын ачык болуусуна шарт түзөөрүн айтты.

«Орнотулган системаны ноябрь айынын аягында ишке берүү пландалды. Учурда ар бир өлкө рыноктогу орун үчүн күрөшүүдө. Бул кадыресе эле көрүнүш. Жүк ташуучулар алып келген жүктү текшерүү системасын жакшыртуу маанилүү милдеттердин бири. Биздин өлкөнүн ЕАЭБдин стандарттарына жооп берген заманбап текшерүү системасына өтүүсү, бул бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүп жатканыбызды айтып турат», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Өкмөт башчы өткөрмө пунктту көрүп чыгып, бажы кызматынын ишине киргизилген жаңылыктар кыйла жакшы жана ыкчам иштөөгө шарт түзөрүн баса белгилеп, мындай деди:

«Айрым жарандарыбыз бажы кызматынын ишине кандайдыр бир ишенбөөчүлүк менен мамиле кыларын бардыгыбыз билебиз. Алар бажы жыйымдарынын бөлүгү кассадан тышкары кетет деп эсептешет. Биз мындай күмөн саноолорду жоюп, бажы кызматынын ишинин ачыктыгын көрсөтүүгө тийишпиз. Мында бардыгы онлайн режиминде болушу керек. Канча жүк кетип жатат, канча өлчөмдө, бажы көзөмөлү кантип өткөнүн көрүп турганга ар кимдин мүмкүнчүлүгү болушу керек. Жаңы тутум ишкерлердин убактысын үнөмдөйт. Алар тез келип, товарларын каттатып жана бардык ченемдерге ылайык келсе, өткөрмө жайынан бюрократиялык тутумдарсыз жүрүп кете алышат».

Айта кетсек, «Торугарт» өткөрмө пункту эл аралык макамга ээ, ал күнү-түнү иштейт. Мында мамлекеттик көзөмөлдүн чек ара, бажы, транспорттук, медициналык, санитардыккарантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык түрлөрү жүргүзүлөт.