10-ноябрь – Илим күнү: Кыргыздын түбөлүгүн түздөп, руханий азык берген китептер

Өткөн сандарыбызда Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтундагы ийгиликтер тууралуу учкай кабарладык эле. Академик Абдылдажан Акматалиев жетектеген бул институтта жасалган эмгектер кыргыздын улуу мурасы, баалуу табериги. Кыргыздын түбөлүгүн түздөгөн, руханий азык берген укмуштуудай керемет ишти жасап койгон академик Акматалиевге жана институттун жалпы жамаатына таазим этебиз. Анда эмесе, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетишкендиктерине көз чаптыралык…

“Манас” эпосу боюнча

Эпосту жазуу, жарыялоо, пропагандалоо, изилдөө боюнча жасалган иштер:

  1. Улуу манасчылардын илимий-чыгармачылык портреттери жазылган “Манастаануу” китеби жарык көрдү.
  2. Манастаануучулар С.Мусаевдин, Р.Кыдырбаеванын, Э.Абдылдаевдин, К.Кырбашевдин, Р.Сарыпбековдун, А.Жайнакованын, О.Соороновдун, М.Мукасовдун, Ж.Орозобекованын, К.Абакировдун, Т.Бакчиевдин, Г.Жамгырчиеванын ж.б. монографиялары жана макалалары үзгүлтүксүз китеп болуп чыгып, журналдарда макалалары жарык көрүп келди;
  3. Институтта улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун академиялык басылышы 2016-жылы 9 томдук китеп болуп чыкты. Мурда идеологияга байланыштуу кыскартылып калган тексттер түп нускадан кайра калыбына келтирилди.
  4. Институт улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун академиялык басылышын 9 томдук кылып чыгарды. Бул эмгекти даярдоодо текстологиялык изилдөө жүргүзгөн Айнек Жайнакованын эмгеги өтө зор. Улуу манасчынын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган ондогон илимий конференциялар өткөрүлдү;
  5. Совет мезгилинде идеологиянын кесепетинен жарык көрбөгөн төмөнкү манасчылардын варианттары жарык көрдү: Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Тоголок Молдо, Ыбырайым Абдрахманов, Актан Тыныбеков, Жакшылык Сарыков, Алмабек Тойчубеков, Мамбеталы Ашымбаев, Жаңыбай Кожеков, Чокон Валиханов, Иса Жумабеков, Дуңкана Кочукеев, Кааба Атабеков, Уркаш Мамбеталиев, Акмат Рысмендеев, Шапак Рысмендеев, Мамбет Чокморов, Багыш Сазанов, Молдобасан Мусулманкулов, Самар Мусаев “Манас” кара сөз түрүндө; Зияш Бектенов “Манас” кара сөз түрүндө, мындан сырткары КРУИАнын кол жазмалар фондунда эпостун айрым эпизоддорун айткан айтуучулардын оозунан жазылып алынган тексттери жарык көрдү.

«Эл адабияты» сериясы

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 40 томдук китеп түрүндө басмадан чыгарып окурмандарга жана жалпы маданий чөйрөгө тартуулаган серия. Ал жыйнактарга Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Колжазмалар корунда эл арасынан жыйналып, кагаз бетине түшүрүлгөн бойдон сакталып турган фольклор материалдар: кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын эпикалык проза тегине кирген жөө жомок, миф мазмунундагы тексттер, уламыш, аңыз, санжыра аңгемелери, эпикалык поэзиянын арман, кошок, эмгек ырлары, ырым-жөрөлгө айтымдары сыяктуу чакан жанрлардан жана эл турмушунун маңызын түзгөн салт-санаа, ырым-жөрөлгө жагдайларын сүрөттөгөн этнографиялык тексттерден турат.

“Айтыш” сериясы

Тил жана адабият институтунун кызматкерлери тарабынан, 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өркүндөтүүнүн жана тил саясатын жакшыртуунун улуттук программасынын алкагында, академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында жарыкка чыккан. Анда элдик оозеки чыгармачылыктагы адат-салт айтыштарынан тарта эгемендик жылдарындагы айтыштын үлгүлөрү топтоштурулган. Айтыштарды тандоодо тарыхый принцип жетекке алынып, акындардын жаш өзгөчөлүгүнө карата хронологиялык тартипте жайгаштырылган. Серияны А.Акматалиев, К.Көлбаева түзгөн. 1-3-томдору 2015-жылы, 4-5-томдору 2016-жылы, 6-7-томдору 2017-жылы жарык көргөн.

«Залкар акындар» сериясы

А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында кыргыз төкмө, жазгыч акындарынын чыгармаларынын топтомунан турган серия. Бул серия Калмырза, Чоңду, Эсенаман, Үмөтаалы (1-том), Жеңижок, Кетбука, Асан Кайгы, Токтогул ырчы жана Калыгул, Арстанбек, Музооке, Айтыке, Коргоол, Эшмамбет, Тоголок Молдо менен Алдаш Молдонун чыгармалары, Калык, Осмонкул, Алымкул, Токтоналы, Ысмайыл акындардын чыгармаларына арналган.

Серия толукталып, кеңейтилип экинчи жолу 15 том болуп басылды. Анда Кетбука, Асан Кайгы, Токтогул ырчы жана Калыгул, Арстанбек, Калмырза, Чоңду, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Музооке, Айтыке, Коргоол, Эшмамбет, Токтогул, Тоголок Молдо, Алдаш Молдо, Калык, Осмонкул, Балык, Солтобай, Жаныш жана совет доорундагы айрым төкмө акындар, Молдо Кылыч, Абдираим Молдо, Молдо Нияз, Молдо Багыш, Ниязаалы Молдо, Өмөр Молдо, Барпы, Нурмолдо, Боогачы, Казыбек, Ы.Шайбеков, А.Жутакеев, А.Чоробаев, А.Бердибаев, Алымкул, Токтоналы, Ысмайыл, Токтосун, Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай акындардын чыгармалары топтоштурулду.

“Кыргыз адабиятынын тарыхы”

7 томдук, 2002-жылы жарык көргөн, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Академик А. Акматалиевдин жалпы редакциясы алдында жарык көргөн 7 томдук кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүш тарыхы, табияты туурасындагы кеңири хронологиялык-эволюциялык мүнөздөгү системалуу жана комплекстүү иликтөөлөрдү камтыйт. Анда кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгындагы бир бутагы катары эсептелген кыргыздын ырымжырым, дарым, эмгек ырларынан тартып, бүгүнкү дүйнөлүк адабият менен канаатташ шартта улуттук профессионалдык адабиятта чакан аңгемеден тартып көлөмдүү роман, поэманын ар кыл жанрларында чыгармаларды жараткан көрүнүктүү акын, жазуучулар тууралуу портреттик бөлүмдөр орун алган. Мурда изилдөөчүлөр сөз кылууга, мисал келтирүүгө батынбаган Академиянын кол жазмалар фондундагы материалдар да изилдөө объектисине тартылып, кеңири маалыматтар берилген. Бул томдогу “Каада-салт ырлары”, “Үйлөнүү үлпөт ырлары”, “Кошоктор”, “Сүйүү ырлары”, “Диний ырлар”, “Тарыхый ырлар” сыяктуу бөлүмдөр элдин менталитети, тарыхы, этнографиясы, психологиясы, педагогикасы менен комплекстүү түрдө эриш-аркак каралган.

 Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча иштер

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий-изилдөө багытта рынын бири – улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларын изилдөө, сактоо, жайылтуу иштерин жүргүзүү.

Бул багытта институт тынымсыз иш алып барып келет.

1998-жылы жазуучунун 70 жылдыгына карата “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 5 томдугу”, 2008-жылы жазуучунун 80 жылдыгына карата 8 томдук болуп, кыргыз тилинде жарык көрүп, удаа эле казак, өзбек, орус, немец жана башка тилдерде жарык көргөн. Бул чыгарылыштын жооптуу редактору, түзүүчүсү А.Акматалиев. Ошондой эле бул томдуктар 2009-жылы кыргыз тилинде, 2014 – жылы орус тилинде жарыкка чыгарылган.

Ал эми Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата мамлекеттик долбоордун алкагында жазуучунун чыгармачылыгына арналган 34 китеп жарыкка чыккан. Бул китептерди даярдоодо КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институнун илимий кызматкерлери, академик А.Акматалиевдин демилгеси, редакторлугу астында бардыгы жапырт иштешкен. Ал эмгектер Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдугу кыргыз, 10 томдугу орус тилдеринде (2018) жарык көрдү. Толук жыйнакка жазуучунун буга чейин көп камтылбай келген алгачкы аңгемелери кирди, ошондой эле ар кыл мезгилдүү басылмаларда, жыйнак китептерде жарык көрүп келген публицистикалары: макала, очерк, маек, интервью, жыйындарда сүйлөгөн сөздөрү мүмкүн болушунча толук жыйналып, томдуктардын 8, 9, 10-томдорун түздү. Жазуучунун алгачкы аңгемелери «Газетчи Дзюйо», «Ашым», «Мы идём дальше», «Сыпайчы», «На богаре» деген аңгемелери орус тилинде жазылып, соңку мезгилдерге чейин которулбай келген. Жогоруда аталган, жалпы жонунан 8 томду түзгөн изилдөөлөр жыйнагында буга чейин илимий-китептик же мезгилдүү басылмаларда жарык көргөн, белгилүү бир деңгээлде окурмандардын сынынан өткөн, айтматовтаануу илимий багыты үчүн белгилүү бир жаңылыгы, кошумчасы бар деп эсептелген илимий изилдөөлөр топтолду. Маселен: М.Ауэзов, Л.Арагон, Г.Гачев, А.Ковач, В.Коркин, А.Латынина ж.б.у.с. жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн окумуштууларынын, кыргыз адабиятчыларынын кыргыз жана орус тилинде жарык көргөн илимий макалалары, монографиялык изилдөөлөрү кирди.

2018-жылы жазуучунун 90 жылдыгына карата өмүрү, чыгармачылыгын, коомдук ишмердүүлүгүн чагылдырган фотоальбом да даярдалып, жарык көргөн.

Буга чейин да Илимдер академиясы тарабынан залкар жазуучунун чыгармачылыгын изилдөө, жайылтуу багытында илимийконференцияларды, жолугушуу, эскерүү, китеп көргөзмөсү сыяктуу бир топ иштер аткарылып келген.

Энциклопедиялар

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жалпы жамааты нын, жетекчиси академик А.Акматалиевдин жигердүү эмгегинин натыйжасында «Токтогул» (472 б.), «Алыкул» (640 б.) «Сагымбай» (1416 б.), «Саякбай» (1260 б.), “Айтматов” (үч том) энциклопедиялары жарык көрдү. Түзүү иштерине өлкөнүн билим берүү жана илимий мекемелеринде иштеген окумуштуулары да тартылган. Мындай мазмундагы энциклопедия – жеке чыгармачыл инсандын улуттук маданияттагы орду, сиңирген эмгеги, рухий мурастарын илимий өңүттөө талдоого алып, жеке энциклопедиялык форматта топтоп чыгуу – Кыргызстандын илим жана маданият багытынын тарыхында алгачкы тажрыйба болгон. Мындай тажрыйба «Токтогул» энциклопедиясынан старт алып, «Айтматов» энциклопедиясынын үч томдугуна чейин өсүп жетти. Аталган ири эмгектердин бардыгы академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясы астында жүзөгө ашып турду «Чыңгыз Айтматов» энциклопедиясы ушу тапта кеңейтилип, сегиз томдук түрүндө даярдалууда. Эки китептен турган «Манас» энциклопедиясы дагы толукталып кайтадан басылды.

“Классикалык изилдөөлөр” сериясы

Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы менен элдик оозеки чыгармачылык, Манас таануу, акындар чыгармачылыгы, кыргыз адабият таануу багыттары боюнча мыкты делген, классикалык үлгүдөгү илимий изилдөөлөрдөн топтоштуруп даярдалган серия. “Манас” үчилтиги (тарых, генезис, типология) боюнча классикалык изилдөөлөр академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында жарык көрүп, фольклор таануу багытында С.Мусаев, Т.Сыдыкбеков, Ж. Таштемиров, С.Закиров, А.Токомбаева, М.Борбугулов, Б.Кебекова, К.Кудайбергенов, Т.Абдракунов, П.Ирисовдордун элдик оозеки чыгармалардын жанрдык түрлөрү, кенже эпостор, фольклордук байланыштар тууралуу макалалар топтоштурулуп 2017-жылы жарык көргөн.

«Окурмандын китеп текчеси»

Бул серия жөнүндө айтсак, 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 40 тому жарык көрдү. Бул томдуктарда кыргыз жазма адабиятын түптөгөн К. Тыныстанов, С. Карачев, А. Токомбаевдерден тартып Т. Кожомбердиев, Ж. Мамытов сыяктуу кыргыздын акын, прозаик, драматург, жазуучулардын чыгармалары жарык көрдү.

ОКТга кирген көптөгөн авторлордун чыгармалары 70–80-жылдары чыккан боюнча кайрадан басылган эмес. Албетте, булардын айрымдарынын китептери алардын юбилейлик даталарына карата жарык көргөндөрү бар, бала-бакыралары чыгаргандары бар, 500–1000, 2000 нуска менен, алардын көбү тууган-туушкандарына, айылдаштарына деген сыяктуу таратылып кетет. Бир аз сатыкка коюлат. ЖОЖдордун, мектептердин китепканаларына жетпейт. Алардын баары улуттук адабиятыбыздын тарыхы, элибиздин тарыхы. Булардын баары дал ушундай бир серияда чыгарылып, ЖОЖдордун, мектептердин китепканаларына жетиши керек эле. Китеп катары чыгаруу менен алардын электрондук варианттары кошо даярдалды. Бул да заман талабы. Бул китептерди түзүүдө механикалык түрдө эле колго тийген чыгармаларды топтоп, жыйнак түзүп койгон жокпуз. Совет учурунда бир жылда эки-үчтөн жыйнак чыгарып жиберген акындарыбыз болгон. Ошолордон көркөмдүгү, мазмуну бүгүнкү күн үчүн актуалдуулугу эске алынып тандалды. Айрым бир текстологиялык тактоолор жасалды. Мисалы, К. Тыныстановдун алгачкы 12 ыры казак тилинде жазылып, жарыяланып келген, аны кыргызчалап киргиздик. А. Осмоновдун да айрым ырларын кол жазмалар фондундагы автордун өзүнүн жазмаларына салыштырып тактап көрүүгө туура келди.

10 тому басмага даярдалып, жарык көрүү алдында турат.

Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы, 1, 2-том

Институттан даярдалган бул антологиянын эки томдугуна байыркы дүйнө, орто кылым, кайра жаралуу доорунан тартып азыркы биз жашаган доорго чейинки дүйнөлүк көрүнүктүү акындардын чыгармаларынан тандалып которулган тексттер орун алган. Бардык замандарда аалам, дүйнө, жер-суу, жаратылыш, адам, өмүр, өлүм, майдан, махабат, кайгы, шаттык, достук, кастык сыяктуу жашоо көрүнүштөрүн камтыган поэтикалык саптарды акындарыбыз С.Эралиев, С.Жусуев, Э.Турсунов ж. б. акындар кылдат которушуп кыргыз окурмандарына тартуу кылышкан. Окурман китепти ачканда адамзат башынан өткөргөн эң кызык баяндарга, балладаларга, сонет, бейт, романс, лирикалык ырларга балкып, дүйнөлүк маанидеги көркөм дөөлөттөрдүн дүйнөсүнө аралашат. Бул китеп жалпы эле окурмандардын эстетикалык табитин өстүрүп, адепахлактык асыл-нарктарга тарбиялоо менен катар улуттук акын-жазуучулардын да шыкжөндөмүн арттырууга өбөлгө түзө алат деп ойлойбуз.

Ошондой эле институт тарабынан “Балдар адабиятынын антологиясы” (2005) түзүлгөн. Анда кыргыз акын жазуучуларынын балдарга арналган тандамал чыгармалары топтоштурулган.

Кыргыз тили багыты боюнча аткарылган иштер

Кыргыз Республикасынын 2014- 2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын (2014-ж. 2-июнь, № 119) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун (2015-ж. 6-апрель, № 151) негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда көптөгөн эмгектер жарык көрдү. Алардын арасында тарыхый мурас катары М.Кашкаринин жана Ж.Баласагындын китептери да бар.

Классикалык эмгектер сериясынан Махмуд Кашкаринин азыркы кыргыз тилинин жана адабиятынын негизги булактарынын бири, түрк дүйнөсүнүн дүйнөлүк илим казынасына кошкон улуу мурасы “Түрк тилдеринин сөздүгү” 3 томдук болуп 2011-2012-жж чыкты. Бул эмгек түрк элдеринин тили менен адабиятын салыштырып изилдеп, түзүп чыккан XI кылымдагы алгачкы энциклопедиялык эмгек болуп саналган.

Бул баалуу эстелик 1000-1100-жылдардагы түркий (түрк, түркмөн, өгүз, чыгыл, ягма, кыргыз) тилдеринин орфография, лексикография, лексикасынан, грамматикалык түзүлүшүнөн кабар берет. “Сөздүк” лингвистикалык гана эмес, ошол кездердеги жашоошарт, үрп-адат, турмуш-тиричилик жагдай ларынан да, ар түрдүү уруулардын өз ара жана кошуна калктар менен болгон карымкатыштары тууралуу да кеңири маалыматтарды өз ичине камтыйт.

“Түркий тилдер сөздүгү” түрк, өзбек, уйгур жана казак тилдерине которулуп жарыяланган. Автор өзү жазып белгилеген тилдеринин бири- кыргыз тилине эмдигиче которулуп, элге жете элек болчу. Бул улуттук, маданий, руханий бөксөлүктөрдү толтуруу-бүгүнкү күндүн кечиктирилгис милдети эле. Атайын, чыгармачылык топтор түзүлүп, 2010-жылы гана которуу маселеси толук колго алынып, алгачкы жолу окурмандарга тартууланды. Бул сөздүктү араб тилинен которуп, редакциялап, басмага даярдаган – ф.и.д., профессор Т. Токоев жана арабчадан которгон К.Кошмоков.

Тил илиминдеги тарыхый дагы бир мурасыбыз Ж.Баласагындын чыгармасы болуп саналат. XI кылымда жашаган улуу ойчул, акын, философ, энциклопедиялык билими бар илимпоз, түрк тилинин улуу устаты Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” аттуу адабий дидактикалык жана философиялык чыгармасы кыргыз тилинде академиялык басылма катары С. Сыдыков тарабынан которулуп, 2013-жылы биринчи басылышы жарыкка чыккан. Ал эми экинчи басылышы 2016-жылы 3 том көлөмүндө жарык көргөн. Биринчи басылыштан айырмаланып экинчи басылышта томдуктардын айрым бир баптары кыргыз тилине А. Махмануров тарабынан которулуп, толукталды. Томдуктарды түзгөн ф.и.д. С. Садыкова . Ал эми басмага даярдоо кызматы КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери тарабынан болгон.

Андан сырткары тил илиминин фонетика, морфология, синтаксис, лексикология, текст таануу сыяктуу бөлүмдөрү жаңыланып “Кыргыз адабий тилинин жазма грамматикасы” деген аталышта китеп чыкты. Тил илиминин ар бир бөлүмү, алсак: кыргыз тилинин синтаксиси, семантикасы, морфологиясы, лексикологиясы, диалектологиясы ар бири өзүнчө да китеп болуп жарыкка көрдү. Алар: “Азыркы кыргыз тили. Стилистика” ф.и.д., профессор Т.Маразыковдун редакторлугу астында, “Азыркы кыргыз тили. Семантика” ф.и.д. Ж.Элчиевдин авторлугунда, “Азыркы кыргыз тили. Синтаксис” ф.и.д. К.Токтоналиев жана ф.и.д. Т.Токоевдин авторлугунда, “Азыркы кыргыз тили. Диалекттер” ф.и.к. Ж.Жумалиевдин авторлугундагы китептер.

Эне тилдин адамдын жашоосундагы орду менен мааниси, аны окутуунун максаты, милдети жөнүндө жана кыргыз тилин эне тили катары жана чет тили катары окутуунун ыкмалары боюнча Ж.Чымановдун, С.Рысбаевдин, К.Биялиевдин эмгектери жазылган.

Классикалык эмгектер сериясынан “Морфология” боюнча 2 том, “Синтаксис” 1 том, “Лексикология” 1 том, “Фразеология” 1 том, “Диалектология” 1 том сыяктуу китептер чыкты. Бул китептерге классикага айланган авторлордун эмгектери кирди.

Кыргыз тили тарыхый жаңыланууну башынан өткөрүп, жаңы сөздөр, терминдер улам пайда болуп жатат. Тилдик стилдердин, чөйрөлөрдүн кээ бирөөлөрү өнүгүп, башкалары жаңыдан түптөлүп баштаган учурда тилдин лексикалык корун кайрадан карап чыгуу мезгил талабы. Пайдалануудан чыга баштаган, эски доорго байланыштуу коомдук жана саясий стереотиптерди белгилеген эскирген сөздөрдү, “советизмдерди” ылгап, коомдогу жаңы түшүнүктөрдү туюндурган төл сөздөрдүн негизинде пайда болгон, башка тилдерден кирген жаңы, бай лексиканы камтыган сөздүктөрдү чыгаруу – мезгилдин талабы болуп калды. Ошондой эле, көптөгөн башка улуттардагы мекендештерибизге кыргыз тилин үйрөтүү жана кыргыздар арасында чет тилдерди үйрөнүү талаптарына ылайык тилдердин салыштырма сөздүктөрүн түзүү – бул дагы чоң маселе. Аталган багыттарда КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы ТАИде Азыркы кыргыз тилинин түшүңдүрмө сөздүгү, Кыргыз тилинин тарыхый сөздүгү жана Кыргыз тили менен башка тилдердин салыштырма сөздүктөрүн түзүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, эки томдон турган “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” (2015), “Байыркы түрк сөздүгү» (2015), Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү”, Х. К. Карасаевдин “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү” кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин негизинде кайра иштелип, толукталып жарык көрдү (2015), Ошондой эле “Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү” (2015), Кыргыз тилинин антонимдер, синонимдер (2015) сөздүктөрү, Кыргыз тилинин жыштык сөздүгү (2015) ж.б. Институттун кызматкерлеринин дагы бир ийгилиги Орусчакыргызча түшүндүрмө сөздүктүн 4 томдугунун жана кыргызча англисче, кыргызча орусча, кыргызча өзбекче, кыргызча-орусчадунганча, кытайча-кыргызча, кыргызчаарабча сөздүктөрдүн жарыкка чыгышы болду.

«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн» түзүүнү улантуу демилгеси колго алынып, 50 000ден ашык сөз жана сөз айкаштары камтылып, эки китептен турган жалпы көлөмү 1600 беттен ашык сөздүк жарык көрөт. Сөздүктүн жарык көрүү тагдыры өтө татаал болгон. Анын “А”дан “К”га чейинки 1-бөлүгү 1978-ж. совет доорунда басылып чыккан бойдон, калган бөлүгү Институтта 1950-70- жж. эмгектенген илимий кызматкерлер тарабынан даярдалып, бирок ал материалдар дайынсыз кетип, элге жеткен эмес. 2011-жылы Тил институту Адабият институтуна бириктирилген соң гана, академик А.Акматалиевдин жеке демилгеси аркылуу «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү» жаңы сөз жана сөз айкаштары менен кошумчаланып, толукталып, эки томдук китеп түрүндө элге сунушталды.

Даярдаган Тиленбек АЗЫК

0 Поделились