Ош дагы тазарат

Ош шаарында жазгы үч айлык алкагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштери күчөтүлө тургандыгын Ош мэриясы билдирди. Бул боюнча атайын токтом да кабыл алынган. Мэрия учурда шаардын кайсы жери таза эмес болсо, ал кемчилдикти жоюуга аракет кылып жатат. Мындай иштин жыйынтыгында шаар толугу менен тазаланат.