Япониянын футбол боюнча курама командасы Бишкекке келди

Япониянын футбол боюнча курама командасы Бишкекке келди. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн  Япониянын бир катар оюнчулары, машыктыруучулар жана медицина кызматкерлери келген.

Ал эми Япониянын чет элдик клубдарда ойногон оюнчулары 12-ноябрда келет.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Япония курама командалары 14-ноябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында беттешет.