Шапа акенин жоруктары: Келемиш

Шекербек КАЛЫКОВ, «Кыргыз Туусу»

(Башталышын бул жерден окуңуз)

— Шуга Өкмөт көңүл бурбаса, аларды Эмилбектей жайлат, — деди Шапа акем. Экөөбүз телевизор көрүп отурганбыз. Анда айыл жеринде келемиштин көбөйгөнү жөнүндө маалымат берип аткан болчу. А Эмилбек аке уурулуктун азабынан көп жылдар түрмөдө отуруп чыкканын билчүмүн. Бирок, неге Өкмөттү Эмилбектей жайларын түшүнбөй турдум.

— Шо Эмилбек түрмөдөн келгенде, кошунасы Гүдүгө жакшы эле айтыптыр. –Шапа акем мен үчүн белгисиз болгон таржымалдын учугун чубай сөзүн баштады. – “Аман-эсен келди, деп, бир коюңду союп, кудай өткөрүп койбойсуңбу, кызыталак. Кудай кошкон кошунаңмын го, акыры… “ дебейби Гүдүгө. Берки көнмөк беле. Айтор, бир күнү Эмилбек үйүнө конок чакырат. Кудай өткөрүптүр. Жилик тартып, арагын куюп дегендей, келген конокторду таз-за сыйлаптыр. Келгендер дагы олчойгон батасын бериптир дешет. Гүдүгө өзгөчө жилик тартыптыр. Анан эл кеткенден кийин, “Эми досум, өзүңдүн коюң өзүңө буйруптур, капа болбо…” деп, устуканын түйүп берип жөнөтпөйбү. Жалаң кой уурдап “курортто” (өзү шунтип айтчу) жылдап эс алган Эмилбекке не демек эле?..

Гүдүнү шунтип жайлаган экен да, дайүз. Шу келемиштер дагы, Өкмөттү Эмилбектей кылып, жайлабы деп турам чалдын баласы. Олордун тоготпогонун айтам да. Бу келемишти жок кылыш үчүн катуу аттанып чыгыш керек. Бовосо, жайлат, булар. Бу келемиштер  Заки досум менен араздаштырып коё жаздады, былтыр. “Неберең картошка ууру!..” деп келиптир, саардан. Түндө чабрасынын жанынан кармап алган экен, Сасини. Камчы менен тартып-тартып жибердим, кызыталакты. Ардандым да, чалдын баласы. “Шу чолокко мени пас кылдың…” деп атам. Дагы жакшы ону Дөндү билбеди. Агер билсе, эки бүктөп коёт эле. “Замишке бардым эле… “ деп байкуш балам ыйлап жиберсе. Сырын айтып ийди бечара балам. Кампирим кошо ыйлап алган. Заки экөөбүз кыды-пыды деше түштүк. Аны “чолок” дегенге чейин бардым. О дагы мени бир нерсе деп атты. Шо, шо болду эки жакты карашып калдык. Эртеси саардан Заки чолок дагы жетип келиптир. “Сенден көргөндү көрөйүн!..” деп катуу ызырынып чыктым. Балага кол көтөрүп койгонго түнү бою уктай албай чыктым да, чалдын баласы. Ичим ачышты. Баягы Заки жок. “Мен ит болдум, Шапа…” деп жалынып-жалбарып алган. Баламдын күнөөсүн мойнуна алып, жаман тызылдады бечара. Көрсө, гап башкада экен, чалдын баласы… Түндөсү  Заки менен кошо аңдышып жаттым мен дагы. Саңа жалган, маңа чын, дүңгүрөп эле келишти. Карасам жайнаган келемиш. Картошканы күркүрөтүп эле казып киришсе боло. Астафур-алла… астафур-алла… Эртеси Кыдынын жаңагы кулап түшүптүр деп уктум. Ону дагы келемиштер жайлаптыр. Бу келемиштер акимдин үйү, жетимдин үйү деп карабайт экен да. Анан булардын өмүрүнө коркунуч келсе, “Туугула!..” деген команда беришет экен, эрлери. Кудая тооба, тилбизордон уктум. Кытайдагыдай, “бир-экиден туусун” деген закүн жок экен буларда. Эми тууса эле жайнайт экен да, чалдын баласы. Анан карысын жакшы карайт деп айтышты. Агер адам бовосо,  жеп коюшат экен. Өкмөттү бир жайласа, шулар жайлат, чалдын баласы… Эми, элдин шору болот го. Эгин-тегинди эки жутуп, бир чайнап коюш, буларга гап эмес. Берейин десең, же дары жок. Буларды бирден кармап, муунтуп өлтүрүш керекпи, билбейм. Ия, чалдын баласы шуну жазбайсыңбы, — деп Шапа акем мага кайрылып, чын эле көйгөйдүн башын ачып койду.

Арийне, келемиштер чынында эле айылда зор көйгөйгө айланып бараткан эле.