Жер үй алтын кенинде кен казуу иштери башталды

алас облусундагы Жер үй алтын кенинде 11-ноябрдан тарта жардыруу иштери башталды. Бул тууралуу Алтын кенди иштеткен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башчы директору Михаил Шубин шилтеме жасап, «Кабар» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Компания алтын алып башташ үчүн болжол менен Жаңы жылга чейин 50 миң тоннага чейин кен топтоп алышы керек. Ал, долбоорду ишке ашыруунун маанилүү баскычтарынын бири.

Өндүрүштөгү алгачкы жардыруу ишине тиешелүү мекемелердин башчылары, Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү, президенттин аппаратынын өкүлү ж.б. катышты.

Иш-чарага катышкандар калдык сактоочу жай жана алтын чыгаруучу фабриканын курулушу менен таанышты.