Экология: Аркар-кулжасын айдап берип аттырган кыргызым ай…

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Өткөндө Жогорку Кеңеш “Аркар-кулжаларды, эчки-текелерди, эликти, бугу-маралды ж.б. атууга 10 жылдык мораторий жарыялоо” мыйзамын кабыл алган жок. Аныгында мындай болот деп күткөн эмеспиз. Анын үстүнө Жогорку Кеңештин 40 депутаты кырк жагынан көтөрүп алып чыккан бул мыйзам өтөөрүнөн эч ким деле шек санаган эмес. Коомчулук деле ошону күтүп жаткан. Эң кызыгы жалпысы 109 депутат катталып, анын 82си мыйзамдын кабыл алынышына каршы добуш берсе, 27 депутат колдоду. Ошентип, ар кайсы басылмаларда мыйзамдын кабыл алынышы үчүн касам ичип жиберчүдөй күпүлдөп жүргөн депутаттардын сайда-санын таппай калдык.

Ак илбирсти “таш эле же” дедик…

Ал күн 23-октябрь болчу. Тагдырдын тамашасыбы Кыргызстанда жыл сайын 23-октябрь ак илбирс күнү катары белгиленип келет. Бирок, бул жолу өзүбүз илбирске карата ак боло алган жокпуз. Анын негизги азыгы болгон кайберендерди атуудан сактап кала албадык. Кыргызча айтканда “ак илбирс аркар-кулжа, эчки-теке жебей таш эле жесин” дегендей мамиле жасадык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 350-400дөй ак илбирс сакталып калганы айтылат.

Кыргызстан илбирс сакталып калган дүйнөдөгү 12 мамлекеттин бирине кирет. Эң кызыгы илбирсти сактап калуу боюнча дүйнөлүк демилге да Кыргызстанга таандык десек болот. Анткени, 2013-жылы аны сактап калуу боюнча Бишкек декларациясы кабыл алган. Ал эми 2017-жылдын 25-августунда Бишкек шаарында 2013-жылдагы Бишкек декларациясынын алкагында 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан Экинчи эл аралык форум өткөрүлүп, анда Азия мамлекеттеринин ак илбирс жүргөн тоолорунун экологиялык системасын жакшыртууга багытталган бир катар иш-чаралар кабыл алынган.

Ошентип, 12 мамлекеттин өкүлүн Бишкекке жыйып алып, алардын көзүнчө оозубузду куу чөп менен маашырлана аарчып, илбирсти сактап калуу боюнча кеп кылганыбыз менен иш жүзүнө келгенде анын жеми болгон кулжа-текелерди чет элдик аңчыларга аттырууга 10 жылга тыюу салууга кудуретибиз жетпеди.

Аркар-кулжа, эчки-текелер айланып келер бекен?

Баарыбыз эле айылда өстүк. Мен мисалы, Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында туулуп-өстүм. Айылыбыздын эле четинде Кулжа-Таш деген тоо бар. Ушунун өзү эле көп нерсени айтып турбайбы. Айылдык аксакалдардан аркар-кулжа, эчкитекелер жайылган малга аралашып ошол жерлерде жүрчү дегенди көп уктум. Азыр ал жерлерден кайберен эмес кумалагын таппайсың. Баары адам жеткис улуу тоолорго кире качышкан. Кыргызда мындай кайберендердин мекени болгон жерлер толтура. Айталы, Тогуз-Торо тарапта “МиңТеке” деген жер бар. Муну менен эмне айткым келет? Кайберен деле жар ташка жамына калып, жалпайта атпаган тынч жайды жакшы көрөт.

Дагы бир мисал келтирсем, эзелтеден кулжасы кумдай куюлган, азыр кытайга өтүп кеткен Үзөңгү-Куушту алалы. Ал жакта учурда кытайдын чек ара бекети турат. Биздин бир чек ара кызматкерибиздин айтымында аркар-кулжа, эчки-теке дегендер кытайдын чек ара бекетине “айылчылап” барышат экен. Барып туз жешип, ошол жерде жуушап, кокус үркүп калса ошол кытайлардын чек арасын көздөй качышып “тууган таап” алышыптыр. Ал эми биздин чек арачылар тарапка дээрлик жолобойт тура. Атпаса, тийбесе кайберен деле адамдан качпайт окшойт.

Эми бир мисал. КТРКнын экс-директору Илим Карыпбеков соңку мезгилдерде Кыргызстандагы бийик чокуларды кезеги менен багынтып, жаратылыш менен мамыржумур жашоого үндөп жүрөт. Ошондой тоого чыгууларынын биринде беш метр алыстыктан жайма-жай оттоп турган тоо текени видеого тартып, интернетке чыгарды. Көрсө, бул тоолорго туристтер көп келгендиктен аны уюштуруучулар браконьерлерди жолотпойт экен.

Эми мындай кадрларды интернеттен көп эле көрүп жүрөбүз. Израилде тоо текелер жол жээгинде жайылып жүрсө, Европада түз эле жолго жатып алгандарын же үйлөрдүн чатырына чыгып кеткендерин ошол эле интернеттен табабыз.

Элдин нааразы болушуна эмне себеп?

Интернет демекчи, жогорку мыйзамдын кабыл алынбай калганына көпчүлүктүн нааразы болушу дагы интернеттеги видеолордон улам келип чыгууда. Анда Кыргызстанга келген чет өлкөлүк аңчылар алыска атар мылтыктар менен Ала-Тоонун көркү болгон мүйүздөрү келишкен калжайган кулжа-текелерди канжалата кулата атып, анысына маашыр болуп башын кесип алып сүрөткө, видеого түшкөндөрү элдин намысына тийүүдө. Ал эми аттыргандар, кубалап бергендер, тиякта жатат деп көргөзгөндөр, ал аңчылардын атын токуп берип, атасындай кызмат көрсөткөндөр өзүбүздүн кыргыздар. Албетте, алардын бул кызматы бекер эмес. Ошону менен жан багышат.

Эми чет өлкөлүк аңчылар атканда да кулжа-текенин келбети келишкен мыктысын, тандамалын атышууда. Мындай көрүнүшкө караманча каршы турган эколог Эмил Шүкүров “чет өлкөлүк аңчылар тукум улоочу кулжа-текенин мыктысын атып кетип жатышат, бул кайберен тукумун деградация болушуна алып келет” деп какшанып жүрүп өмүрү өттү.

Ошол эле учурда чет өлкөлүк аңчылыкты уюштуруучулар “биз кулжа-текенин карыгандарын аттырып жатабыз” деген жүйөнү бетке карманып келишет. Ошол карт кулжалар-текелер өздөрүнүн үйүрүн ар кандай кыйынчылыктан алып чыккан чыгаандары, жол башчылары, табиятынан тукуму мыктылары болоорун эстеген жан жок. Минте берсек, эмненин ичинен чыгаар экенбиз?!

60 млн. сом болсо атпай койсо болот дешет…

Кайберендерге аңчылык кылууга 10 жылга мораторий жарыялоо демилгеси бүгүн эле чыга калган жери жок. Көптөн бери айтылып жүрөт. Буга байланыштуу “Кыргыз Туусу” гезитинин 2018-жылдын 16-октябрындагы санында “60 млн. сом табылса кайберенге аңчылыкты тыйса болот экен” деген макаламда сөз кылгам. Анда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Алмаз Мусаевдин мындай дегенин келтиргемин: “Бизге трофейлик аңчылыкты уюштуруунун эсебинен жылына 60 млн. сом каражат түшөт. Эгерде мамлекет ошол каражатты бюджеттен каржылай турган болсо Кудай жалгасын Кыргызстанга аңчылык кылууну тыйып койсо болот. Биз ал каражатка жер-жерлерге егерлерди кармап, алардын айлыгын төлөп, керектүү техника менен камсыз кылып турушубуз керек. Себеби, тыюу салынгандан кийин аңчылык чарбалары жоюлат. Бул чарбалар өздөрү ээлик кылган аймактарга браконьерлерди киргизбей коруп турушат. Эгерде аңчылыкка тыюу салынса биз алардын ордун егерлер менен толуктабасак, ал жерлер туруктуу көзөмөлдөн ажырап калат”.

Жакында өткөн парламенттик талкууда бул жүйөлөр айтылдыбы билбеймин, бирок аңчылыкка чындап эле тыюу салгыбыз келсе Кыргызстан үчүн жыл сайын 60 млн. сомду табуу анчалык деле кыйынчылыкка турбас эле. Чындап келсе 60 млн. сомду чакалайдын чак түшүндө кайсы бир коррупционерге ашатып жиберип, аны кустуруп алмак түгүл качырып ийген учурларбыз деле болуп жатканын эмнеге айтпайбыз?!

Каражат тапсак болот

Бул маселеде сырттан каражат табуунун дагы бир жолу бар. Айталы, 2017-жылдын 25-августунда Бишкекте өткөн, Азия мамлекеттеринин ак илбирс жүргөн тоолорунун экологиялык системасын жакшыртууга багытталган Экинчи эл аралык форумдун өтүшүн каржылаган, колдогон уюмдарды карап көрөлү: Глобалдык экологиялык фонд, Глобалдык жолборс демилгесинин кеңеши, Германиянын жаратылышты коргоо биримдиги, Ак илбирсти сактоо фонду, БУУнун өнүктүрүү программасы, Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги, Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо фонду ж.б.

“Кыргызстанда ак илбирсти сактоо үчүн анын азыгы болгон аркар-кулжаларды, эчки-текелерди аттырбай сакташыбыз керек экен. Ал үчүн болгону 60 млн. сом таппай жатабыз десе” бул каражат жогорку аттары аталган эл аралык уюмдар үчүн кеп деле болмок эмес. Мындан тышкары ички ресурстарыбызды да карап көрсөк болот.

 Чет өлкөлүк аңчылыктан эмне пайда таап жатабыз?

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 18-19 миң аркар-кулжа, 40-50 миң эчкитеке калыптыр. Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Кыргыз Туусуна” берген маалыматы боюнча 2018-жылы 80 кулжа, 318 теке атууга лицензия берилген. Бир кулжанын наркы – 700,0 миң сом, текеники – 100,0 миң сом. Ошондо 80 кулжа атылып – 36 000 000 сом, 311 теке атылып – 21 770 000 сом түшкөн.

Ал эми 2019-жылга карата 84 кулжа, 700 текеге лимит берилип, 31-октябрга карата 60 кулжа атылып – 42 000 000 сом, 336 теке атылып – 3 360 0000 сом түшүптүр. Көрүнүп тургандай быйылкы жылга аттыра турган кулжанын (84) да, текенин да (700) саны көбөйтүлгөн… А эмнеге? Ошончо эле көбөйүп кеттиби?

Ушул жерден текенин наркы эмне үчүн төмөн деген маселе койсок болчудай. Анчалык эле арзан болсо, 100 миң сом үчүн аттырбай деле койбойбузбу? Ак илбирс байкуш кулжа жебесе да текенин этин жеп турсун. Кошумчалай кетсек, чет элдик аңчылар 35 аңчылык чарбасы менен иш алып барып жатыптыр. Ал эми аңчылыктан түшкөн каражаттын: 40% – аңчылык чарбаларга, 25% – жергиликтүү бюджетке (айыл өкмөтү), 35% Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине караштуу биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментине түшөт экен.

Сөзүбүздүн аягында аркар-кулжалар, эчки-текелер, ошол эле илбирс кыргыз жеринин сыймыгы, көркү экенин унутпасак. Аны көздүн карегиндей сактап, атабабабыз бизге калтыргандай, биз дагы келечек муундарга калтырууга милдеттүүбүз. Бул жалпы улуттук маселе!