Билим берүү кызматкерлерине атайын эс алуучу жай берилди

Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан «Асыл» ден-соолукту чыңдоочу балдар комплекси Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду,- деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Мындай чечим билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.