Айылдык кеңештин депутаттары “айныганда”…

Ноокен районунун Рахманжан айылындагы кайсы бир көчөгө качып-бозуп жүргөн Курманбек Бакиевдин аты берилиши кыргыз коомчулугун бир силкинтип өттү.

Кийин белгилүү болгондой мындай чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттары кабыл алгандыгы, бул тууралуу райондук, облустук жетекчилерге маалымат беришпегендиги белгилүү болду. Чечим Өкмөт тарабынан албетте, жокко чыгарылды. Бирок, бизди жергиликтүү депутаттардын билим деңгээли, саясий сабаттуулугу таң калтырып отурат. Демек, тегин жеринен айылдык кеңештин депутаты болуу үчүн сөзсүз жогорку билимдүү болушу керек деген талап коюлуп жаткан жери жок. Учурда бул маселе тиешелүү структуралар тарабынан иликтенүүдө.