Тайказанга акча сал дейт…

Депутат Бактыбек Райымкулов Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында өкмөткө көк бөрү оюндары үчүн тайказан орнотууга 5 млн. сом бөлүп берүү маселесин айтты.

Депутаттын айтымында 5 тайказан орнотууга 5 млн. сом керектелет экен. Анысы го жакшы. Бирок, кыргыз көк бөрүчүлөрү дал ушул тайказандын айынан коңшу мамлекеттердин оюнчулары менен мамилеси жакшы эмес. Тайказанды режиссер Болот Шамшиев көкбөрү оюнуна киргизип жиберип, кылымдан бери ойнолуп келе жаткан кыргыздын көк бөрү оюнун башка нукка буруп жиберген эле. Анын үстүнө тайказан оюн учурунда оюнчу үчүн да, анын минген атына да бир катар кооптуу жагдайларды жаратарын көрүп жүрөбүз. “Көк бөрү” оюнун дүйнөлүк деңгээлге чыгарабыз десек, Кыргызстандын “Көк бөрү” федерациясы адегенде кыргыз коомчулугу жана коңшулар менен тайказан маселесинин башын ачып алса дурус болоор эле.