Туристтер үчүн кыйын деле эмес… кеп өзүбүздө

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов 2018-жылы Кыргызстанга 7 млн. турист келгенин айтып, мындан ары келген туристтерден 10 доллар өлчөмүндө алым (“пошлина”) алууну сунуштады.

“Бул анча деле чоң акча эмес жана туризмге тескери деле таасир тийгизбейт. Эгерде туристтер келгенде эле аэропорттон ушул каражатты төлөп койсо, экономикабызга пайдасы тийбейби” деген ойду айтты депутат.

Эми бизде мындай практикалар болгон. Кезинде Ысык-Көлгө экологиялык пост уюштурушуп, Кыргызстандын жарандарынан 50 сом, сырттан келгендерден андан көп суммада акча алып турушчу. Бирок, ал акчалардын кайда кеткенин эч ким айтып бере албай, акыры экологиялык постту жаап кутулушкан. Ошондуктан депутат Сайдулла Нышанов айткан идея бир караганга жакшы угулганы менен ишке аша келгенде коррупцияны пайда кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан дагы ойлонуу керек окшойт.