Бишкектин “резина” маршруткалары

Баарыбызга белгилүү болгондой Бишкектин маршруткалары кээде резинадай эле чоюлуп кетмейи бар. Айталы, “Мерседес Спиринтер” үлгүсүндөгү 18 орунга эсептелген маршруткаларга 55ге чейин киши батып кетет экен.

Бул тууралуу Бишкектин жана шаарга караштуу аймактардын транспорт инфраструктурасына таасир тийгизген факторлорду иликтеген Салтанат Анарбаева АКИpress сайтына айтып чыкты.

“Алардын күн сайын акча каражатына байланышкан өздөрүнүн лимити бар. Элдин агымы күчөгөн сааттарда (жумушка жана жумуштан кайткан мезгилдерде) 55 киши алар үчүн идеалдуу болуп эсептелет. Ал эми жай учурда маршруткаларга 35тей киши болот”, — дейт ал. Не дейбиз, көпчүлүгүбүз жумуштан кечикпеш үчүн 100 киши салса деле макул болуп, эптеп эле жетип алууну көздөйбүз. Көрсө, мунубуз маршрут айдоочуларга майдай жагат тура.