Нарында жер титирөө катталды

Өзгөч кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Нарын облусунда жер титирегенин билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 12-ноябрда болжол менен саат 07:37де Нарын облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын облусунун Нарын районунун Таш-Башат айылында 2,5 балл чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.