Футбол: Кыргызстан менен Япониянын беттешине билеттер сатылып бүттү

2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өтө турган Кыргызстан менен Япония ортосундагы футболдук беттештин билеттери толугу менен сатылды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан маалымдашты.

Эртең, 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курамасы Япониянын командасы менен оюн өткөрөт.

«Тилекке каршы биздин стадион бардык каалоочуларды батыра албайт. Ошондуктан күйөрмандарга кошумча фан-зона уюштурулат. Ал эми, стадиондун эшиги оюн башталганга чейин 2 саат мурун ачылат», — деп белгиледи федерациядан.