Ороз Дүйшөбаев деген ким? же, балык, балыкчылар жана “балык таламай оюну” тууралуу сөз

 

 Өскөнбек ЧАРГЫНОВ, Кара-Буура району


Киров суу сактагычы балык өстүрүүгө эмес, биринчи кезекте талааларды сугат суулары менен камсыз кылууга адистешкен. Ошол эле маалда акыры көл болгон соң деп, ал жерге балыктын ар кыл түрлөрү кое берилгендиги да ырас. Муну элдин баарысы билет. Бирок, көл жана ошол көлгө кое берилген балыктар “Талас балыгы” мамлекеттик ишканасына, ириде анын жетекчиси Ороз Дүйшөбаевге гана арналбагандыр?..

Жасалма көл, анын айланасындагы жерлер жана суу жаныбарлары – баарысы жалпы элдин байлыгы. Демек, баарысы мамлекеттик менчик болуп эсептелет. Анан калса, суу жаныбарларын үзүлүп түшө асырап, аларга атайылап жем чачкан адам деле жок. Дал ошол Ороз Дүйшөбаевдин өзү мамлекеттик ишкананын жетекчиси катары балык тукумун кадырлап өстүрүп, көбөйүшүнө адистешкен чараларды көрүп, мамлекеттин атынан көзөмөл жасоонун ордуна, өзү баш болуп балык кармоонун эрежелерин, мөөнөтүн одоно бузуп, урук чачып жаткан маалда тор жайып, тонналап кармап, акырында минтип коммерциялык булакка айлантып жиберүүсү, албетте, өтө өкүнүчтүү. Айтылгандарга 2017-жылдын 20-майынын таңында болгон окуялар далил боло алат.

Абийир чегинен аша чапкан уурулар

Ошол күнү жасалма көлдүн Бакыян айылына жакын жеринде Суусамыр – Талас – Тараз кан жолунун боюнда балыкчылар менен алардын кожоюну – “Талас балыгы” мамлекеттик ишканасынын директору О.Дүйшөбаевдин ортосунда чоң араздашуу болуп өттү. Өз ара кайым айтышуулар боктошууларга, анан бири- бирине кол көтөрүүлөргө чейин жетти. Арага Кара-Буура райондук бийлигинин өкүлдөрү жана райондук ички иштер бөлүмүнүн оперкызматкерлери түшүп, мыйзамсыз кадамдардын жасалышына жол берилген жок.

Бирок, дал ошол кайым айтышуулар бир катар “былык менен чылыктын” чүмбөтүн сыйрып салгандай болду. Баса, бул биринчи жолкусу эмес экен. Көл жээгинде эрте жаздан бери ар күнү таң эртелеп ушундай “балык талашмай оюну” болуп келет. Ар күнү О.Дүйшөбаев өзү келип, кармалган балыктарды текшерип, чоңдорун иргеп бөлүп, таразага салып, тең жарымын өз менчигиндеги автоунаасына жүктөйт да, калганын “Силердин мээнет-садагаңар ушул” деген кыязда ортого таштап кетет. Балыкчылар жел кайыктарды жана торлорду өз каражаттарына сатып алышкан. Мамлекеттик ишкана болгон соң, иштөөчүлөрдүн мээнетин ойлонуп, акырындап болсо да, чыгашаларын кайтарып бериши керек эле. Бирок, акыркы эле 5-10 жылдан бери балыктан табылып жаткан кирешеден эч кимисине материалдык колдоолор көрсөтүлгөн эмес. Демек, табылган пайданын баарысы “сол чөнтөктөргө куюлуп” жатат” деп айтууга толук негиз бар.

“Талас балыгы” мамлекеттик ишканасынын директору О.Дүйшөбаев азыркы тапта “өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип” дегендей, дайыма түрдүү амалдар менен иштөөчүлөрдү алдап жолго салып, сайрандап жаткан чагы экен. Кетирген каталыктарын моюндап, аларды жоюуга аракет жасоонун ордуна, кайра дарегине сын айткан адамды “Сен браконьерсиң” деп ачык эле басынтып, “Жумуштан кетесиң” деп жер тепкилеген өктөмдүктү адатка айлантып алыптыр.

Трамп Иранды аймактык оюндан чыгарууну көздөөдө

Баса, ал ишканага мамлекет тарабынан балык этин топтоо планы берилерин айтты. Бул колдоого аларлык. Чын эле мамлекеттик ишкана балыктарды кармап, базарга чыгарып сатуулардын эсебинен канча киреше таап, казынага канча сом чегерди? Азыр бизде көптөгөн мектептерде, балдар бакчаларында ысык тамак берилет эмеспи. Алар үчүн балыкты базардан сатып алгыча, өзүбүздүкүн пайдаланган кандай жакшы. Ишкана канча мектепти жана балдар бакчасын балык эти менен камсыздай алды? Бул эми маалымат үчүн гана. Маселенин бул өңүтүн тескеп-текшерүү биздин компетенциябызга кирбейт.

Аталган ишканада бир катар жыл жетекчинин орун басары, кийин нөөмөттүк бригадир болуп иштеген Манас Умарбеков буларды айтып берди:

– 2017-жылдын 18-майында Ороз Дүйшөбаев “Бишкектеги чоңдорго баратам” деп, 400 килограмм балык алып кеткен. Жарым тоннага чукул балыктын кай жактарга жөнөтүлүп жаткандыгы, кимдерге, эмне үчүн берилери жана баасы канчадан болгондугу, казынага канча сом түшкөндүгү эч кимге белгисиз. Мындай эсеби жок байлык ар күнү тонналап чачылып жатат. Балык чарбасында мындай иштерди уюштурууга эч кандай базалык негиз жок. Бул чарбасыздыктын жеткен чеги эмеспи.

…Мамлекеттик ишкананын жетекчиси ушинтип жатса, карапайым балыкчылардан кайсы ишти жана жоопкерчиликти сурамаксың. “Эшегине жараша тушоосу” дегендей, иш жүзүндө балык кармоочулар да чамасынын жетишинче, элдик байлыкты оңду-солду чачууга көнүп алышкан. Ошентип,жасалма көлдө өстүрүлгөн балыктар күн-түн дебей, эсепсиз кармалып, анын акчалары азырынча О.Дүйшөбаевдин гана чөнтөгүнө түшүп жатат деп тыянак чыгарууга болот. Базарда сатылып жаткан балыктын эң төмөнкү баасы менен эле алганда, бул ар күнү кеминде 20 миң сом. Албетте, бул чолок эсеп. Тиешелүү органдар мыйзам жолу менен тескеп-тергей турган болсо, анын көлөмү алда канча так болмок.

Баса, урук чачуу мезгилинде балык кармоого тыюу салынчу эмес беле. Мыйзамдын аткарылышын кимдер көзөмөлдөйт? Сурообузга жооп иретинде О.Дүйшөбаев кээде браконьерлер кездешип жатканын айтканы менен, андай терс көрүнүштөрдүн алдын алууга карата көрүлгөн конкреттүү чаралар тууралуу сөз кылгысы да келген жок.

Чынында, суу сактагычтын балыктары азырынча анын короосундагы жеке менчик малы сыяктуу эле. Кааласа, айрым күндөрү чогулткан балыктарды Бакыян айылындагы алып сатарларга келишим баада калтырып, акчасын алып кетет. Кааласа, Таласка алып кетип, ошол жактан “бизнес” кылып жаткандай. “Талас балыгы” мамлекеттик ишканасы да, Киров суу сактагычы да мамлекеттики. Демек, анда өстүрүлгөн балыктарда да мамлекеттин кызыкчылыгы бар. Андай болсо, эмне үчүн бул жерде көлгө жана анда өстүрүлгөн балыктарга жеке менчик катары мамиле жасалып жатат?

Балыкчылардын айтымында, мамлекеттик ишкана тарабынан онго чукул балык кармоочу менен өз ара келишим түзүлүп, ар бирине 1000 сомго чукул айлык чектелгенин айтышканы менен биринин да колуна тиешелүү кагаз берилген эмес. Алыс барбай, акыркы эле жылдарды алалы. Маселен, балык кармоочулар 2016-жыл жана 2017-жылдын өткөн 5 айы үчүн бир да сом маяна алышкан эмес. Аны балыкка чегерип коюу адатка айланган. Андай болсо, тиги кеңседе маяна үчүн ведомосттор кантип түзүлөт жана маяна алгандыгын ырастап, кимдер кол коюшат? Ушунун өзү да чоң шектенүүгө жол ачат. Мындан тышкары, балыкчыларга “Атайын күбөлүктөрдү жазып, ишкананын мөөрүн басып беребиз. Ошондо силерге эч ким тийише албайт” деп, 500 сомдон чогултуп кеткен. Бирок, алигиче күбөлүктөр да бериле элек.

О.Дүйшөбаев “Талас балыгы” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп туруп, урук чачуу мезгилинде балык кармоого тыюу салынаарын билсе да, билгиси келбеген түр көрсөттү. Кайра: “Мага балык этин өндүрүү боюнча тапшырма берилген, ошол планды аткарышым керек”, – деп акчыланган сөздөрдү айтты. Анан дагы: “Суу сактагычта иштегендер сууну гана билиши керек. Анда өстүрүлгөн балыктардын аларга тиешеси жок. Балыкка биз гана кожоюнбуз”, – дегенин кантесиң. Эмне, “Талас балыгы” мамлекеттик ишканасы” деген мекеме бүгүн жеке менчикке өтүп кеткенби? Эгерде чын эле ушундай болсо, анда КР ЖКга аталган мыйзамды кайра чакыртып алуу жана мамлекеттик ишкананы О.Дүйшөбаевдин жеке менчигине биротоло ыйгарып берүү сунушун киргизүү керек болуп жүрбөсүн?!

1000ге жакын кайрылман көчүп келеби?..

Дегинкиси, “Талас балыгы” мамлекеттик ишканасында эч кандай тартип жоктугу, мамлекеттик кызматкердин этикасы караманча сакталбай тургандыгы, жетекчинин өзүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерсиз мамиле жасап, эл байлыгына суук колдорун салып жатканы ачык эле көрүндү. Анан дагы ошол көл жээгиндеги “акыя айтышуу” маалында анын жетекчилик ишмердигине нааразы болгондорго: “Каалаган жагыңарга даттангыла. Кылымды кыйшайта албайсыңар. Менин да бараар жерим, датымды угаар адамдарым бар”, – деген тариздеги жообу эмнени билдирет? Ушул сөзү менен ал тиги жогору жактарда чоң сүйөнүч-таянычы бар экендигин каңкуулап койгонсуду.

Ошол эле жерде көпчүлүктүн, ошондой эле мамлекеттик кызмат жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен акт түзүлүп, тергеп-тескөө иштерине далил катары 400 даанага чукул балык (90-95 пайызы лещь тукумундагылар), 3 жел кайык райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлдү. Балык кармоочу тор кескиленип, жок кылынды. Балыкчылар бул жерде дайыма моторлуу кайык да пайдаланыла тургандыгын, бирок бүгүн ызы-чуу болоорун билип калышкандыктан, анысын аркы жээкке “качырып” жиберишкендигин да айтып беришти.

Калк үчүн кызмат кылуудан өзүнүн “кара жемсөөсүнүн” кызыкчылыгын жогору койгон мамлекеттик кызматкердин мындай терс кадамдары, конкреттүү фактылар жана алар тууралуу айтылган ой-пикирлер жогоруда айтылгандардан алда канча көп. Алардын баарысын жазчу болсок, гезит бетинен орун жетпес. Чындап эле кызыккандар жана ошолордун баарысын өз көзү менен көргүсү келгендер болсо, аларды ар күнү таң эртелеп көл жээгине келүүгө чакырабыз.

Айтылгандардын баарысы – ачуу чындык. Эми жасалма көлдү жана облустун аймагында жаңыдан уюшулуп, бирок кирешесинен чыгашасы көп болуп жаткан бирин-экин балык чарбаларын бир бүтүн чарба катары карап көрөлү. Ошол чарба каржылык каатчылыктын учурунда бутуна тура албай, эл эми гана жерден боорун көтөрө баштаган чакта, мамлекеттик ишкананын жетекчиси ушундай кадамдарды жасап жатса, башкаларынан эмнелерди күтөбүз, кокуй!? Арам тамак канчага дейре аш боло бермек эле. Эгерде, бул терс көрүнүштөрдүн чүмбөтүн сыйрууга карата конкреттүү мыйзамдуу кадамдар жасалса, анда балыктын эти элдин ырыскысын талашкандардын тамагына акыры кылкан болуп сайылып чыгаары да бышык.

2 thoughts on “Ороз Дүйшөбаев деген ким? же, балык, балыкчылар жана “балык таламай оюну” тууралуу сөз

Комментарии закрыты.