Мугалимдер: Маянабыз көтөрүлдү, милдетибиз көбөйдү

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Быйылкы күз мугалимдердин эмгеги, мээнети чындап бааланып, айлык маянасы демейдегиден кыйла көтөрүлгөнү менен эсте кала турган болду. Мамлекет үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан баштап, эже-агайлардын эмгек акысын 30 пайызга жогорулатуу боюнча өз алдына койгон максатын турмушка ашырууга өттү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт жыйындарында республиканын мектеп мугалимдеринин, мектепке чейинки мекемелерде иштеген тарбиячылардын, тарбиячынын жардамчысынын айлык акыларын көтөрүүгө кошумча каражат табылып жатканын айткан. Ал үчүн республикалык бюджеттен 2019-жылдын акырына чейинки этаптагы 30 пайыздык кошумча айлык акылар үчүн 1,7 млрд. сом, ал эми 2020-жылдын ушул эле бюджеттик статьясына 7 млрд. сом бөлүнүп жатат. Буюрса, жакшы ниет менен башталган бул ишти мамлекет туруктуу улантаарына шек жок. Бирок, бул жерде тактап айтып коюучу жагдай бар. Жогорулатылган айлык акылар мугалимдердин эмгек стажысына, бөлүнгөн сабактардын саатына, класс жетекчилигине ж.б. байланыштуу берилет. Андан тышкары, жаратылышы катаал бийик тоолуу аймактардын коэффициентине жараша төлөнүүчү өзгөчөлүгүнүн баары эске алынып, эсептелинип чыкты. Бүгүнкү күндө мугалимдердин маянасын 30 пайыздык жогорулатуудагы айырмачылыктар боюнча республика аймактарынын мектептериндеги мугалимдердин, бала-бакчалардын тарбиячыларынын арасында түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшүнө кызыктык. Ушуга байланыштуу аймактардагы бир нече мектептер жана бала бакчалардын жетекчилеринин пикирлерин билип көрдүк.

Ош шаарындагы №4 Киров атындагы орто мектептин директору Гүлнара Туташова: Октябрдын айлыгын алып абдан кубандык

– Биздин мектеп Ош шаарында жайгашкандыктан баарыбыз көп кабаттуу үйлөрдө турабыз. Чарба күтүп кошумча каражат таап алууга шартыбыз жок. Баарыбыз айлыктын көзүн карап жашайбыз. Биздин мектептин 1938-жылдан бери иштеп келе жаткан тарыхы бар. Азыркы күндө мында 3874 окуучу окуйт, 117 мугалим эмгектенет. Быйылкы жылдын октябрь айынан баштап, Өкмөт тарабынан көтөрүлгөн айлык акынын алгачкысы колубузга тийди. 30 пайыздык кошумча каражат сезилерлик эле жардам болот экен. Майрамдагыдай маанай менен чогулуш өткөрүп, жамаатыбыз менен балача кубандык. Өкмөткө абдан ыраазы болуп жатабыз. Мындан бир нече жылдар мурда айлык акылар ушундай көлөмдө көтөрүлгөндө өлкө мектептеринен мугалимдер өз кесибин таштап, башка жумуштарга качмак эмес.

Биздин мектептин көп жылдан бери иштеген мугалимдери инфляция көтөрүлүп, аз айлык алган кыйынчылыкка чыдап, өз кесибине берилип иштегендерине таазим этким келет. Мисалы орус тил жана адабияты сабагынын мугалими Галина Богомолова аттуу эжебиз отуз жылдан ашык мезгилден бери биздин мектепте эмгектенет. Азыркы күндө анын КРнын эмгек сиңирген мугалими наамына, мектептин гимназия макамына, эмгек стажысына жана ага 30 пайыздык айлык кошулгандан кийин 26 700 сом ала баштады. Орус тил жана адабият мугалимдеринин ролу абдан чоң экенин турмуш көрсөтүүдө. Анткени, Россияга иштегени кетип жатышкан балдарыбыз орус тилин билбегендиктен кыйналып калган учурлар аз эмес. Совет мезгилинде институтту бүткөндөн баштап, ушул күнгө чейин биздин мектепте иштеп келе жаткан мугалимдер бар. Мисалы, Галина Жулева орус тили жана адабияты сабагын окутат, Гүлнара Абылкасымова тарых сабагынан берет. Учурда педагогдордун мамлекетке зор ишеними артылып калды.

 Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы № 7 орто мектептин директору Жийде КӨКӨТАЕВА: Көп ийгиликтерибиз жана бир көйгөйүбүз бар

– Нарында айлык акыларга бийик тоолуу аймак катары коэффициент кошулат. Ал эми октябрь айында көтөрүлгөн маянабызга 8000-9000 сом кошумча ала баштадык. Мисалы, 30 жылдык эмгек стажысы менен жогорку класстарга жумасына 20 саат сабак өткөндөр мурда 21 000 сом алып келсе, октябрь айынын маянасына 31 000 сом ала баштады. Башталгыч класстарда 30 жылдык стажысы менен 16 саат иштегендер буга чейин 21 200 сом алышкан болсо, азыр 36 000 сом ала башташты. Мектеп жамаатынын айлык акысы үчүн сентябрь айында 1 млн. 524 миң сом которулган болсо, ал эми 30 пайыздык кошумча маяна берүү киргизилгенден бери октябрь айы үчүн 2 млн. 200 миң сом которулуп берилди. Бул үчүн 1470 окуучу окуган, 100гө жакын мугалим иштеген чоң жамааттын атынан Президентке, Өкмөткө, Билим берүү жана илим министрлигине абдан ыраазы экенибизди айтып койсок ашыкча болбос. Маанайыбыз абдан эле көтөрүлүп калды. Мамлекеттин мындай колдоосу мугалимдердин сапаттуу билим берүүсүнө мурдагыдан да көп милдеттендирет.

Дагы бир жагдайды белгилеп кетейин. Ушул жылдын 25- майында Нарынга иш-сапары менен келген Премьерминистр М.Абылгазиев биздин мектепке да кайрылып, 10 компьютер берген болчу. Окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн оргтехникалар абдан талап этилип жаткан ушул заманда компьютерлер менен иштөө окуучулардын билимин көтөрүүгө сезилерлик таасир берүүдө. Анткени биздин мектеп инновациялык багытта. Окуучуларыбыздын арасында ЖРТдан жогору балл алгандар аз эмес. Бир окуучубуз корей тилин жакшы өздөштүрүп, Корея мамлекетине окууга өтүп кетти. Жакында Алматы шаарында өткөн менталдык математика боюнча эл аралык сынактан Адинай Инамадиева аттуу окуучубуз 1-орунду алып келди.

Ошондой эле Аламаты шаарында физика боюнча окуучулар арасында өткөрүлгөн “ХХl кылымдын интеллектуалдары” аталыштагы конкурска катышып, окуучуларыбыздын бир командасы 3-орунду камсыздап кайтышты. Ошондой болсо да бир көйгөйүбүздү айта кетпесем болбойт. Мектебибиздин курулганына 35 жыл болду. Бирок бир да жолу капиталдык оңдоодон өтө элек. Ушул көйгөйдү Өкмөткө жеткирип койсоңуздар.

Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаарындагы “Билим ордо” билим берүү комплексинин директору Людмила ВОРОЧЕВА: Эми насыя албоого өбөлгө түзүлөр

– Октябрь айында көтөрүлгөн алгачкы маянабызды алганда кубанычтуу эмоциябызды жашыра албадык. Ар бир мугалимдин стажысына, сабактын сааттарына, класс жетекчилигине ж.б. айырмачылыктарына карата орточо 4000-6000 сомго чейин кошулду. Муну абдан жакшы колдоо деп эсептейбиз. Мугалимдер Өкмөткө ыраазычылыгын айтып жатышат. Мен директор катары бардык мугалимдеримдин үй-бүлөлүк киреше булагын дээрлик жакшы түшүнөм десем болот. Мектеп Чолпон-Атада жайгашкандыктан мугалимдерибиз чарба күтүп, жер иштетип кошумча каражат табуучу шарты жок. Көбү батирди ижарага алып жашайт. Арасында көп балалуулар бар, он чакты мугалимибиз жалгыз бой энелер. Айлыктан башка киреше булагы болбогондуктан жайкы өргүү учурунда туристтерди тосуп иштеп, балдарын мектепке даярдоого кошумча акча таап алышат. Алган маянасы жашоо тиричилигине жетпегендиктен мугалимдердин насыя алгандары азайбай жатат. Насыяны үзбөй алган кесиптештериме абдан боорум ооруп: “Өзүңөрдү өзүңөр карызга батырып жатпайсыңарбы, насыядан кимиңер жарып кеттиңер?” деген күндөр болду. Айрым учурда аларды да түшүнүп жөн болом. Анын үстүнө сабак өткөрүүнүн талаптары жыл сайын жогорулап бара жатат. Жакынкы жылдарда өлкө биротоло электрондук мектеп системасына өтүшү керек. Ага жараша мугалим жаңы технологияны өздөштүрүп өзү жакшы билбесе балага кантип үйрөтөт? Азыркы учурда мугалимдер сенсордук телефон, ноутбук сыяктуу кадыресе каражаттар менен камсыздалышы зарыл. Менин оюмча мамлекет тарабынан маянабызга 30 пайыздык акча кошулушу мугалимдин насыя алып, карызга батпоосуна өбөлгө түзөр деп ойлойм.

Башталгыч класстарда педагогдор жетишпегендиктен айрым мугалимдер эки классты окутушат. Маянага 30 пайыз кошулгандан бери ушул мугалимдерге 22 000 сомго чейин төлөнө баштады. Октябрь айына чейин 10 000-11 000 сомдун тегерегинде маяна алгандар азыркы күндө 17 000 сом алып жатышат. Айрымдарыныкы 18 000 сомго чейин жетти. Мектебибиз интернетке өткөрүлгөн, оргтехникалар менен толук камсыздалган интерактивдүүлүк өзгөчөлүгү менен “Билим ордо” комплекси, гимназия болуп эсептелет. Андан тышкары, кесиптик багыттагы билим берүү системасы бар. Окуучуларды Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларына даярдоо боюнча онлайн түрүндө сабактар өткөрүлүп турат. Окуучуларыбыз эл аралык олимпиадалардан барып жогорку баага татып келишүүдө. Англис тилин толук өздөштүргөн окуучуларыбыз сынактан өтүп, Америкадан билим алып жатышат.

Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу № 162 “Азем” бала-бакчасынын жетекчиси Кызылгүл ТЕЛТАЕВА: Жаш кадрлардын туруктуу иштешине ишеним артылды

– “Азем” бала бакчасында жалпысынан 61 адам ишейт, алардын 33ү педагогдор. Бир ставка иштеген тарбиячы октябрь айына чейин 9521 сом алып келген болсо, маяна көтөрүлгөндөн бери 13 441 сом ала баштады. Бала бакчабызда көп жылдан бери иштеген тарбиячылар аз эмес. Ал эми тарбиячынын жардамчысы болуп эмгектенгендер мурда айына бир ставка үчүн 4500 сом алып келген болсо, ушул жылдын октябрынан баштап аларга 1800 сом кошулуп, 6300 сом ала башташты. Адатта тарбиячылардын жардамчылары болуп, кичинекей наристелери бар жаш келиндер иштегени келишет. Көрүнүп тургандай, айлык акылары абдан аз. Ушуга байланыштуу тарбиячынын жардамчысы болуп иштеген жаш келиндерди туруктуу кармап калуу кыйын болууда. Бала-бакчада иштегендердин балдарына төлөм жагынан бир аз жеңилдиктерди берүү аларды турктуу иштөөгө аз болсо да кызыкдар кылып жатат. Мамлекеттин мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлерине 30 пайыз маяна кошуп берүүсү жаш кадрлардын туруктуу иштешине өбөлгө түзүп калар деп ишенем. Октябрь айында көтөрүлгөн айлык акыны алган кызматкерлерибиз абдан кубанып, ыраазы болуп жатышат.

Эки жылдан бери бөбөктөрдү кабыл алууну электрондук кезек системасына өткөрдүк. Бала бакчабызда 14 тайпа бар. Анда 1021 бала тарбияланып жатат. Биз бөбөктөрдүн ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө карата Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын долбоорлорунун дээрлик бардык семинарларына, тегерек стол жыйындарына катышабыз. Билим берүү жаатындагы “Жүрөгүм менин балдарда” аттуу жыл сайын өтүүчү сынактардан тарбиячыларыбыз 1-орунду жана 2-орунду алышкан. Андан тышкары, былтыр Бишкекте өткөрүлгөн “Эң мыкты бала бакча” сынагынан 2-орун алдык.