Абдыжапар ЭГЕМБЕРДИЕВ: «Акындык жолум «Тумарымдан» башталды»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Акын, “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин редактору, Улуттук Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн төрагасы Абдыжапар Эгембердиев “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамына ээ болду.

 – Абдыжапар аба, “Эл акыны” наамы куттуу болсун! Адатта, “Сыйлык акындын кадыр-баркын көтөрбөйт, акын сыйлыктын кадыр-баркын көтөрөт” дейт эмеспи. “Эл акыны” наамын татыктуу алганыңызда талаш жок, аны көп күткөн жоксузбу?

– Ошол “дейт” дегенге толук кошулам. Сыйлык –сыймык эле эмес, чоң жоопкерчилик. Бийик наам бийик милдеттерди коёт. Наам убагында эле берилди. Кантсе да, такыр чал болуп отуруп кала электе тийгени чыгармачылык дем берди.

– Биз сиздин ырларга жазылган обондорду угуп, өзүбүз да ырдап, тамшанып бүтпөй келатабыз. Өзүңүз жакшы билесиз, обондун өмүрү анын текстине жараша болот эмеспи. Ошол эле учурда, “бейтааныш” акынсыз. Буга эмне дейсиз?

– Менин текстиме Алымбек Коробаев, Мукан Рыскулбеков, Исирадин Аманбаев, Адылбек Кыязов, Калмурат Рыскулов, Саткынбек Байдуев сыяктуу обончулар музыка жазып, ырдалып келатат. Антсе да, убагында обончукомпозиторлор менен тыгыз иштешпей, көп убактымды бошко өткөргөн экем деп калам. Өздөрү ырларымды таап, обон чыгарбаса, эч кимисине сунуш кылып кайрылган эмесмин. “Бейтааныштык” шартка жараша болсо керек. Илгери Бишкекте иштеген жылдары адабий чөйрөгө кеңири аралашып, өз киши катары жүрчү элек. Көптөн бери кызматка байланыштуу Каракол шаарында туруп калдым.

– Мен сиздин басып өткөн жолуңузду карап отуруп, далай сууларды кечип, далай таштарды басканыңызды сезгендей болдум. Башыңыздан көп кыйынчылыктар, ошол эле учурда кызык күндөр өтсө керек?

– Биз он бир тууганбыз. Жөнөкөй үйбүлөдө өстүк. Атам өмүрүнүн 43 жылын билим берүүгө арнаган мугалим, энем үй кызматкери болчу. Өп-чап турмушту да көрдүк. Атабыз мугалимдин айлыгы менен баарыбызды багып өстүрүп, жогорку билимге ээ кылып, турмуш жолуна салды. Атамдын жолу биздин да турмуштук эрежебиз болуп калды. Мен уул-кыздарыма да ошондой тарбия берип келатам.

Унутулгус күндөр да болду. Илгери мамлекеттик делегация менен Пекинге барганда, Кытайдын төрагасы Янь Шанькунь менен кабинетинде кол алышкам. Кечээ жакында Стамбулда түрк Президенти Режеп Тайп Эрдогандын колун кысып, “Толкундар жээкке келишет” деген китебимди белекке бердим. А эки мамлекет башчынын белеги – кытайдын фарфор кумурасы менен түрктүн адеми галстугу азыр да үйдөгү иш бөлмөмдө сакталып турат.

– Жашоодо өкүнгөн учурлар болдубу?

– Көп эле болду. Бир жолу катуу өкүнгөм. Айылда үлүшкө алган 4,5 га. жерим бар эле. Үч жыл катар эгин айдап, айыл өкмөт боюнча биринчи орунду алгам. “Жөнөкөй акын эмес, дыйкан акынмын” деп дымак байлап жүрбөймбү. Анан эле айылым алыс, Караколго жакын жер алам деп, тиги жеримди сатып ийдим. Кийин өкүнгөндү айтпа! Көкүрөгүм зилдеп, “Жаңылдым” деп ыр жаздым.

Асман тиреп, тоо жөлөп, шаты кийип,
Кайда жүрсөң тууган жер аты бийик.
Ушу бүгүн жаңылып, мен ит болдум,
Тууган жерде жеримди сатып ийип
…………………………………………………
Айыл тартат, үзө албайм күдөрүмдү,
Алыс жуукта, же жакын жүрөмүнбү.
Жайык талаам түшүмө күндө кирип,
Эзчү болду жанымды, жүрөгүмдү.

– Кызмат, үй-бүлөлүк түйшүк менен поэзиянын жүгүн бирдей алып жүрүү оорбу же жеңилби?

– Мен совет мезгилинде партиялык кызматтарда иштеп, кийинки отуз жыл бүт эле басма сөздө келатам. Гезиттин түйшүгүн жакшы билесиң. Конвейер сыяктуу, бирин чыгарсаң, кийинкиси келе берет. Өзүң жазасың, башкалардын жазганын окуп, иштейсиң. Айтор, баш көтөрмөй жок. Анткен менен, поэзиянын жүгү – ардактуу жүк, бардык эле адамдын шыбагасына тийип, түйшүккө сала бербейт. Ага кайыл болуп, өмүрүңдү сайып, бүт жан дүйнөңдү берип иштебесең, майнап чыгара албайсың.

– Чыгармачылыгыңыз канча жашыңыздан башталды? Ким, эмне себеп болду?

– 1969-жылы өзүбүздүн айылдагы 8 жылдык мектепти бүтүрүп, Караколдогу Киров атындагы орто мектебине келдим. Көп өтпөй эле бир класс төмөн окуган кызга болгон балалык сезимденби, “Тумарым” деп ыр жазып калдым. Кыздын аты Тумар болчу. Ырга педагогикалык окуу жайда окуган Алымбек Коробаев обон чыгарыптыр. Ал бир нече чыгармасын жаратып, обончу катары таанылып калган кез эле. “Акындык” жол ошондон башталды. Ага чейин адабий китептерди казып окуган менен, ыр жаза элек болчумун. Биринчи кадам ийгиликтүү болуп, ыр 50 жылдан бери ободон түшпөй ырдалып келатат.

– Өзүңүздүн жазган ырларыңызга канааттануу сезими болобу же?..

– Белгилүү убакыт өткөн соң мурда жазгандарыма башкача көз карашта болуп калам. Бирдеңке жетпегенсип, айрымдарын такыр жериген учурларым да бар. Негизи канааттануу болгон жерде өнүгүү токтойт го.

КАРЫЛЫКТАН КАРЫБАЙБЫЗ

Карылыктан карыбайбыз,
Жашап өткөн жылдан да.
Биз карыйбыз чаалыгуудан,
Таарыныч, күнөө кылганда.
Зеригесиң, тагдыр жазат,
Сүйүү келбейт калчалып.
Тирчиликте жолуң болбойт,
Тырышсаң да канчалык.

Күндө арбыган көр түйшүктөн,
Чечилбей жок-барыбыз.
Улгаябыз курактан тез,
Кургап эрте жаныбыз.

– Адабий процесске көз салып турасызбы? Мына ушул мыкты акын эле, ачылбай калды деп өкүт кылган учурларыңыз болдубу?

– Табылды Мукановдун адамдык да, акындык да тагдырына кейип кетем. Улуттук поэзиябызды алыс-жакын көп элге тааныта турган чоң талант эле. Ысык-Көлдүн күргүштөп турган кубаттуу толкуну болчу. Жаш кезинде жайрап калды. Тургунбай Эргешовду да өкүнүү менен эскерем.

– “Беш акын” долбооруна сиз да катыштыңыз, мен да катыштым. Эми бул долбоор акындын акындыгын сынаган долбоор эмес, жөн гана шоу экенин көрдүк. Биз катышканда, сиз калыстарга ишеним көрсөтпөгөнүңүздү билдирдиңиз эле. Эмне үчүн?

– Шоу болгон күндө да калыстык керек эмеспи. Түркиядагы ТҮРКСОЙ уюму чоң маани берип, каражат бөлүп, ишеним кылып жатса, бул жердегилер өзүм билемдик кылып, оюн уюштурганы мага жаккан жок.

– Адабий сынга кандай карайсыз? Сиздин чыгармачылыкка кайрылып, агын ак, карасын кара деп жазган сындар, пикирлер болдубу?

– Калыс сын адабий процесске аба менен суудай керек деп эсептейм. Менин чыгармачылыгым тууралуу учурунда бир катар адабиятчылардын пикирлери чыккан. Өткөн жылы филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев кеңири талдоо жасап, “Багыт” гезитине жарыялады. И.Арабаев атындагы университеттин профессору Рахима Сыдыкованын пикири да ушул гезитке басылды.

– Жашооңуздагы кол тийгис, аялуу нерсе эмне? Поэзиябы же…

– Ыйман, калыстык, жоопкерчилик. Орустун улуу акыны Н.А.Некрасов: “Акын болбосоң болбо, бирок атуул болууга милдеттүүсүң” деп айткандай, поэзия жаратуудан мурда өз Мекениңдин ыймандуу, калыстыкты туу туткан, жоопкерчилиги бийик атуулу болушуң керек.

– Жаштык кез менен жаш өтүп калгандагы ырлардан айырма байкайсызбы?

– Жаш кезде сезим күчтүү болуп, курагың өйдөлөгөн сайын акыл артып, тажрыйба топтоп, турмуштук көз караштар калыптанып калат эмеспи. Жаш кездеги күйүп-жанган ырлар бара-бара салмактуу тартып, ойдун тереңдигин байырлап, маани-маңызына басым жасалат. Мен муну өзүмдөн да байкайм.