ЖЭБди кошо «жешкендер»

Аскарбек НАСИРДИНОВ, «Кыргыз Туусу»


Уккан кулакта жазык жок. Мындайды орустар «несуны» дешчү беле, а бизчи, биз колу туткактар же майда уурулар дейбизби. Айтор, ЖЭБди чоң-чоң атка минерлер эле эмес, ошол жерде кара жумушта иштеген жөнөкөй жумушчулар да колдон келишинче «жешиптир». Кантип дебейсизби. Колунда бийлиги бар аткаминерди го түшүнсө болот. Анан карапайым жумушчу кантип жемек эле. Көрсө, ЖЭБ дегениңди ар ким алынын жетишинче саан уйдай эле «сааптыр».

Сөздөн сөз чыгып, бир тааныш жигит менен ЖЭБди жегендердин соту тууралуу кеп учугу уланып кетти. Атын айтпай эле коюңузчу деп сурангандыктан маектешимдин ысмын өзгөртүп койдум. Маликтин айтымында ЖЭБдеги оңдоо иштери башталгандан тартып, курулушта автокран айдап иштептир. Анын айткандарын угуп отуруп, тобо келтирип, жакаңды кармайсың.

“Көзөмөл канчалык катуу болсо да уурдагысы келген адамдан айла качып кутулбайт экен”, – дейт маектешим. Автокран ЖЭБдин аймагындагы ички жумуштарды аткаргандыктан жумасына бир жолу гана сыртка чыгып май куюп келчүмүн. Кызыктын баары мен сыртка чыга турган күнү башталчу. Ошол жерде кара жумушта иштегендер ар кандай курулуш аспаптарын чыгарып бер деп келе беришчү. Мен май куюп кирчү бочкалардын алдына болгарка, перфоратор, ширетүүчү аппарат сыяктуу толгон токой шаймандарды, аспаптарды бекитип, үстүнө бочкаларды тизип койсо эчтеке билинбей калар эле. Анан мен май куюучу жайга келерим менен жеңил машиналарга ары-бери жүктөп жок болуп кетишер эле. Ошентип эки-үч жылда канча буюмдар “бузулуп, ишке жарабай калып” жоголду. Жанагы кычкачтын баасы алты жүз долларга чыкканы да ошондон болсо керек.

Бир жолу тамеки тартчу жерде отурсам, бир бала тамекинин бошогон кутусун чогултуп жүрөт. “Эй, муну эмне кыласың” – десем, “Ичине толтуруп мыктан тизип, кетерде чөнтөгүмө салып чыгам” – дейт. Таң калганымдан оозум ачылып калыптыр. Көрсө күн сайын эки-үч пачка “тамеки мык” үйүнө кетчү экен. Ошентип ал мык сатып “бизнес” кылып жүрүптүр.

Сизге жалган мага чын. Дагы бир көргөнүмдү айтып берейин. ЖЭБдин курулушунда иштегендердин жетекчилиги негизинен кытайлыктар болчу. Аларда тартип катуу экен. Өздөрүнүн чоңдору текшерип келгенде чый-пыйы чыгып кетишчү. Ал эми биздикилерден текшерүүчү эмес, министр келсе да тоготушчу эмес. Кытай тараптан текшерүү келет дегенде ызы-чуу түшүп, биздин балдарды да тындырбай иштетишчү. Короодо жайнап чачылып жаткан арматура, уголок сыяктуу тонналаган темир-тезекти алеки саатта “жок” кылып жиберишчү. Экскаватор менен короонун бош жерин казып туруп, ошол жерге темирлерди ташташчу да көмдүрүп, “тазалап” койчу. Азыр да ЖЭБдин короосунун ар жеринен узундугу эки-үч метр келген тонналаган арматура тапса болот. Ушунун баарын автокрандын үстүндө бийиктен карап отурчумун. Булар эми мен көрүп калгандары гана.

Мынча болду, дагы бир кызыкты айтайын. ЖЭБдин ичиндеги чоң-чоң имараттардын бетон колонналарын куруп жатканда да көп көз боёмочулуктар болгон. Бетон колонналар куюлгандан кийин, опалубкаларын биздин кыргыз балдар чыгарышчу. Анткени биздикилер кара жумушта гана иштешет да. Ошол опалубкаларды чыгарып жатканда эки-үч кытай колдоруна бетон аралашма чыланган чакаларды кармап, даяр турушчу. Бетон түркүктөрдүн арасына цемент аралашмасы жетпей аңырайып ачык калган жерлери көп болот эле. Көрүнүп калган арматураларды цемент чыланган аралашма менен дароо шыбап, жымсалдап жаап коюшчу. Эми Кудай сактасын, андай брактардын далайын көрдүк. Бирдеме дейин десең, жумушсуз каласың. Бала чака багыш керек. Ошон үчүн да биздикилер унчукпай иштешчү. Мунун баары сизге жалган мага чын”, – деп сөзүн аяктады Малик.

Көрсө, ЖЭБди бир эле биздин аткаминерлер жебей, колдон келишинче жалпылап талап-тоношкон тура. Эми ушинтип эптемей-септемей бүткөрүлгөн иштерди Кудай сактагай эле. Анан калса, ЖЭБдин жетекчилиги менен “сүйлөшүп” короодогу арматураларды казып, чыгарып кетсек дагы далай курулушка жарачудай экен. Чын эле мындайда же күлөрүңдү, же ыйларыңды билбейсиң…