Ыр-күүгө айланган өмүр

Демократ акын, чебер комузчу, улуу ойчул, элдик композитор Токтогул Сатылганов 1864-жылы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. Атасы Сатылган, апасы Бурма таланттуу адамдардан болушкан.Төкмө акын жокчулуктун азабын жон териси менен тартып, 13 жашынан байларга малай болот. Ошол кезде эле ар кандай байлардын акындары менен айтыша кетчү. Ошондой күндөрдүн биринде бир байдын Арзымат деген акыны менен айтышка чыгып, аны жеңип алат.

Ошол кездеги салт боюнча ар бир болушбийдин жан-жөөкөрлөрүнүн катарында аны мактап, эл чогулган жерде жар салып турган ырчысы болгон. Токтогулдун талантына тамшанган далай бай-манаптар аны өзүнө ырчы кылгысы келген деп айтылат элде. Бирок Токтогул эч кимисине баш берген эмес. Аларга башын ийип жагынып, же алардын кокту толгон малын, сандыгы толгон дүнүйөсүн мактап ырдап кошоматтык кылган эмес. Таланты жана чынчылдыгы менен элге таанылып, кеп-сөзгө алынып калат. Ал кыргыз жергесин кыдыра баштап, элдин ой-санаасын, мүдөөсүн ырга кошуп айта баштаган. Токтогул көбүнчө ошол учурдагы теңсиздик тууралуу көп чыгармаларды жараткан.

1884-жылы үй-бүлө күтүп, Топчубай аттуу уулдуу болот. Уулу төрөлгөн соң акын энесинин туугандарынын айылы Ийри-Суу деген жерге көчүп кетет. Токтогул жалпы эле кыргыз өнөрпоз-ырчылары менен жомокчулар, комузчулар менен кыякчылар баштан өткөрүп келаткан күндү көрүп, ошол социалдык шарт, чыгармачылык чөйрөдө жашап, кеңири таанылып калган маалда турмушунда кескин өзгөрүшкө туш болот. Анын бай манаптарды мактап-жактап, кошоматчылык кылып ырдабаганы сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына себеп болгон.

1898-ж. 17–18-майда Анжиян шаарында падыша аскеринин эки ротадан турган гарнизонуна кол салган Мадали эшен баштаган козголоңдо Токтогул кармалып (11-июнга оогон түнү), 3-августта согуштук талаа соту өлүм жазасына өкүм чыгарган. Бирок,кандайдыр бир себептер менен ал жети жылдык сүргүнгө алмаштырылган. Бул учур Токтогулдун өмүр жолундагы эң эле азаптуу жылдар болот. Токтогул сүргүндө өз өнөрүн таштабай, токойдо дарак кыйып жүрүп, кайыңдан комуз чаап кыргыздын ырлары менен кошо орус ырларын да чертип, өзүнө окшоп эркинен ажырагандардын көңүлүн көтөрөт. Айыпсыз түрмөгө түшүп, тууган эне, жаш перзент, ынак жар, эл-жерден бөлүнүп, айдоодо бараткан учуру өзүнчө бир ырлардын циклин түзөт («Кош, апаке!», «Кош, элим!», «Айдалып жөнөгөндө», «Азапка түштү өмүрүм»). Сибирде өткөргөн кайгылуу күндөрү дагы бир аз башкачараак ырлардын топтомун жаратат. Ошондой эле сагыныч, кусалык, эңсөө мотивдерин камтыган дагы чыгармаларды жараткан. «Аман кетээр күн бардыр», «Элиме качан жетемин», «Туткундагы арман», «Туткунда жүргөндө» жана башкалар. Түрмөдөн качып келгенде «Качып келе жатканда», «Көчөдө өлчү күнүмбү?»! «Жерди көргөндө», «Кетмен-Төбөнү көргөндө», «Эңсеген элим аманбы?», «Атакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» аттуу ырлардын топтому да бар.

Токтогул Иркутскинин түрмөсүндө жети жылдай жатат. Бир нече жолку аракеттен кийин ал өзүнүн түрмөлөштөрүнүн жардамы менен качып чыгып, жөө-жалаңдап бир топ жыл дегенде өз мекенине жетет. Жолдо казак жеринде эле Токтогул деген атты уккан карапайым эл анын курсагын тойгузуп, колунан келгени атын миңгизип, жардам кылат. Токтогул болсо ошентип, өз мекенине жөнөйт. Бирок кыйынчылык менен эптеп элине жеткен Токтогулду үйүндө да кайгы күтүп алат. Кичинекей уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка менен турмуш куруп кетет. Аны эки көзү тең күйүттөн көрбөй, жаман алачыкта жалгыз калган энеси тосуп алат. Бирок эрки күчтүү, кайраттуу, сабырдуу Токтогул баарына туруштук берет. Элине, жашоого, чыгармачылыкка болгон сүйүүсү жеңип чыгат.

Ал Сасык-Жийде айылындагы эки бөлмөлүү чакан үйдө өмүрүнүн аягына чейин күн өткөргөн. 1922-жылдары экинчи жолу түтүн булатып, өзүнөн 19 жашка кичүү Сейдимканга баш кошкон. 1925-жылы Гүлсара, 1928-жылы Бабажан аттуу балалуу болушкан.

Токтогул элдин кайгы-муңун, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. “Беш каман” аттуу ыры менен элди эзип, күн көрсөтпөстөн беш бир тууганды сынга алган.

«Эмне кызык?», «Гүлдөп ал» сыяктуу лирикалык ырлары, жакшы жүрүм-турум, улуукичүүнү сыйлоо сыяктуу таалим-тарбиялык маанидеги «Үлгү ыры» сыяктуу санат, насыят ырлары эл оозунда калган. Айтылуу «Алымканды» Токтогул жараткан. Айылдын сулуусу, ажарлуу Алымканга болгон акындын аруу сезими, экөөнүн тең күйүттүү тагдыры тууралуу “Кыргызфильмде” 1965-жылы да көркөм тасма тартылган.

Акын көп ырларында жашоонун баркы жөнүндө ой толгоп, эмгек, ынтымак, адамгерчилик сапаттарды сыпаттайт. Мисалы:

Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың?
Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың?
Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың?
Аз дүйнөнү жаман деп, көптү кайдан табасың?

Токтогулдун «Балам жок» ырын замандаштары жана шакирттери Эшмамбет, Калык, Коргоол, Алымкул көп кайталап ырдашкан.

Совет доорунун башталышы менен Токтогул «Жашасын совет өкмөт!», «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду» сыяктуу ырларын жаңы заманга арнап ырдаган. Токтогулдун өмүрүнүн акыркы жылдарында жаралган «Бала элем», «Карылык» сыяктуу арман ырлары анын шакирти Атай Огомбаевдин аткаруусунда жазылып калган. 1933-жылдын жаз мезгилинде улуу ойчул жетимишке караган курагында оорудан улам каза болгон. Сөөгү Узун Акмат суусунун боюндагы Чолпон-Ата деген жерге коюлуп, эстелиги тургузулган. Кыргызстандагы көп мектептерге, туулган районуна, ГЭСке, көчөлөргө, Кыргыз улуттук филармониясына Токтогул Сатылгановдун ысымы ыйгарылган. Бишкек шаарында акындын эстелик монументи бар.

Мырзайым МАКСАТБЕК кызы, КРнын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтеринин архивинин жетектөөчү архивисти.
Сүрөт архивдики