«Сүймөнкул Манастын ролун аткармак»

Актер, сүрөтчү, Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, көптөгөн эл аралык, бүткүл союздук, республикалык сыйлыктардын, баш байгелердин ээси Сүймөнкул Чокморов аз убакыт жашаса дагы анын артында көптөгөн эмгектери калды.

Ал 1939-жылдын 9-ноябрында Кыргыз ССРинин Чүй өрөөнүндөгү Аламедин районунун Чоң-Таш айылында туулган. Төрөлгөндө эле бир бөйрөгү жок болуп төрөлүп (поликистоз), өмүрүнүн аягына чейин оору менен күрөшүп, көп операцияны өткөргөн. Ооруйм деп өзүн таштап салбастан, денесине ар кандай көнүгүүлөрдү жасап турган. Бир кездерде анын буту дагы баспай калган учурлар болгон. Бирок, ал тагдырга баш ийип бербестен, басууга бүт күчүн жумшап, жыйынтыгында иш оңунан чыгып кайрадан басып кеткен. Ал эле эмес мектепте спорттун чебери наамын алган.

Сүймөнкул 6 жашында эле мектеп босогосун аттаган. 1949-жылы башталгыч мектебин бүтүрүп, 1949-1950-жылы Кемин районуна караштуу Боролдой кыргыз мектебинде окуду. 1950-жылы ооруусуна байланыштуу бир жыл мектепке барган эмес. Фрунзедеги байкеси Намырбектин үйүндө жашап, ошол жерден сүрөткө болгон кызыгуу пайда болгон. Анын биринчи сүрөт мугалими болуп байкеси Намырбек эсептелет. 1951-жылы Фрунзедеги №5 кыргыз орто мектебинде окуп, тез эле “мыкты мектеп сүрөтчүсү” болот. 1958-жылы Бишкек көркөм сүрөт училищесин бүтүп, анан Ленинград шаарындагы И.С.Репин атындагы Сүрөт, скульптура жана архитектура институтунун живопись факультетинде окуп, 1964-жылы бүтүргөн. Окууну бүтөөрү менен Чокморов Фрунзе шаарындагы көркөм сүрөт училищесинде мугалим болуп иштеп калган.

Сүрөтчү катары Сүймөнкул Чокморов пейзаждарды, натюрмортторду тарткан, бирок портрет искусствосуна өзгөчө кызыгуу менен караган. Сүймөнкул манасчы Саякбай Каралаевдин, актер С.Жумадыловдун, Кыргыз ССРинин эл артисти А.Жанкорозованын сүрөттөрүн жараткан. Өзгөчө таасирдүү “Апа” жана “Менин балам” образдары сүрөтчүнүн колунан жаралган. Чет өлкөлөрдө атактуу кино ишмерлери менен кезигүүсүндө япон кинорежиссеру Акира Куросаванын жана актер Тосиро Мифуненин, италиялык актриса Моника Виттинин сүрөттөрүн тарткан. Сүймөнкул Чокморовдун артында 400дөй живопись эмгектери жана 20 фильмде мыкты образдарды калган.

Сүймөнкул өзүн актер катары 1967-жылы сынап көргөн. Анын биринчи ролу – кинорежиссер Б.Шамшиевдин “Караш-Караш окуясы” киносундагы башкы каарман Бактыгулдун ролу. Сүймөнкул буга чейин киного тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан Бактыгулдун ролун такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойногон.

Андан соң “Жамийла” тасмасында Даниярдын, “Мен Тянь-Шань” киносунда Байтемирдин, “Кызыл алмада” Темирдин ролун жана башка көптөгөн тасмаларда башкы каармандардын ролун аткарган.

Оорунун азабынан С.Чокморовдун көп кырдуу таланты толугу менен ачылбай кетти, Манас, Чынгызхан, Темирландын ролдорун аткарсам деген ойлору ишке ашкан жок. Бул тууралуу кинорежиссер Т.Океев: “Сүймөнкул экөөбүз кино өнөрүнүн күлүгү менен узакка чабабыз деп ойлочумун, дартына байланыштуу ал кинодон алыстай түштү. Чынгызхандын ролун аткармак. Манасты да Сүймөнкулга аткартсам деп болжогом” деген.

Сүймөнкул Чокморовдун ысымы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берилген. 2014-жылы Чокморовго арналган почта маркасы чыгарылып, ошондой эле 2009-жылы 5000 сомдук акча купюрасында С.Чокморовдун элеси түшүрүлгөн.

С.Чокморов мүнөзү сабырдуу, токтоо, калыс, ади­леттүү, эч кимдин көңүлүн калтырбаган, кечиримдүү адам болгон. Үнү бийик, жакшы ырдаган, комуз, домбрада ойной билген жана атка мингендин түрдүү сырларын өздөштүргөн, ичкилик ичпеген, тамеки тартпаган киши эле.

Ал тууралуу жазуучулар көркөм чыгармалар жазса, искусство адистери изилдөөлөрдү жүргүзсө жакшы болор эле.

МАКСАТБЕК кызы Мырзайым, КРнын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтеринин архивинин жетектөөчү архивисти.
Сүрөттөр мамлекеттик архивдики