Келечеги белгисиз Талас – Тараз…

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Тараз-Талас-Суусамыр жолунун курулушу этегине чыкпай, депутат Рыскелди Момбеков белгилегендей, 17 млн. долларды тендерден утуп алып, 5 млн. долларын алып туруп, жергиликтүү компанияга 12 млн. долларын өзү бир иш бүтүрбөй туруп берип койгон Эртугрул аттуу эргулдун жана «Чакир Япи» деген түрк фирмасынын жоругу жолдо калсын! 1 млн. 600 миң доллар акыркы транш акча алынбай, жолдун курулушунун түздөн-түз көзөмөлдөгөн транспорт жана жолдор министринин орун басары азыр башка кызматта отурат. Анын шалаакылыгынан жол бүтпөй калды…

Депутаттын пикири боюнча 3-фаза кабыл алынбаган соң 4-фазасына акча бөлүнбөйт. Таластан Таразга чейинки стратегиялык 95 чакырым жол токтоп, анын эки четине 30 чакырым тротуар салынбай калды. Министр болсо «баары ойдогудай, иш жүрүп жатат» деп парламентти жайгарган. Башкы подрядчик качып кеткен. Кыргызстандан эки чоң тендерди утуп алып, эки компанияга берип коюп, ортомчулук кылып эле 10 млн. доллар алган.

Тараз – Талас – Суусамыр жолунун курулушу боюнча мындан эки жыл мурда нааразылыктар болгон, өзгөчө Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө курулуш иши жүрбөй, күз, жайда теребелди чаң басып, элди жүдөткөн. Ал кездеги ыйгарым укуктуу өкүл Дайыр Кенекеев штаб түзүп, күн сайын иштин жүрүшүн көзөмөлгө алган. Ал тургай «Чакир япи» фирмасы шалаакылык жасап, Безымянный көчөсүнүн тушундагы көпүрө курулбай, дыйкандарга суу берилбей, фирмага 46 млн. сом доо коюлуп, документтер сотко, Өкмөткө жөнөтүлгөн.

Эгер андай аракеттерди жасабаганда түркиялык эргулдар ал көчөнүн бир нече ондогон миллион сом каражатын да бөктөрүп көздөн кайым болмок окшойт деген ой жаралат. Д.Кенекеевден соң келген ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиев маселени кабыргасынан коюп таасир этүүчү жолдорду жасаганда балким тротуарлар бүтүп калаар беле ким билет. Бирок «бул жол минтранска тиешелүү экен, биз кийлигише албайт экенбиз» деп айтып, балким чоң чиновниктер Марат Молдоновичке тоскоолдук жасагандыр?